Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:52

Чехия орус дипломаттарын "чөгүп бараткан кемени" таштап кетүүгө үндөдү


Украинаны колдогон акция, Прага шаары, 24-февраль 2022-жыл.
Украинаны колдогон акция, Прага шаары, 24-февраль 2022-жыл.

Чехиянын Тышкы иштер министрлиги Орусиянын дипломатиялык кызматкерлерине ачык кат жолдоп, аларды кызматтан кетүүгө жана Украинадагы согушка колдоо көрсөтүүнү токтотууга чакырды. Бул документти министрлик жума күнү Твиттерге жарыялады.

Англис жана орус тилдеринде жазылган кат Орусиянын Чехиядагы элчилигинин кызматкерлерине гана эмес, орусиялык бардык дипломаттарга багытталган.

"Адилетсиз согуштун мизи кайтканда элитанын бул өкүлдөрү согуш кылмыштары үчүн жооптуу болушат. Орусия суверендүү коңшусуна алаамат алып келген аракеттери үчүн жоопкерчиликтин кесепетин тартат. Биз сиздерди, дили таза адамдарды чөгүп бараткан кемени таштап кетүүгө чакырабыз", - деп айтылат билдирүүдө.

Орусиянын бийлиги жана дипломатиялык өкүлчүлүктөрү мындай ачык катка жооп бере элек.

Бул аптанын башында Евробиримдиктин Чехия сыяктуу бир нече өлкөсү тыңчылыкка шектелген бир катар орус дипломаттарын өз аймагынан чыгарууну чечкен. Бул мамлекеттердеги орус элчиликтери "достукка жатпаган" мындай кадамдарга жооп кайтарыла турганын эскертишкен.

Орусия Украинага 24-февралда басып кирген. Москва Украинанын түндүгүндө аба соккуларын басаңдатарын билдиргени менен бул аймактарда жана Украинанын чыгышында чабуулдарын улантып жатканы кабарланууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG