Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:59

Бишкекте Орусия жана Украина боюнча акция өткөрүүгө тыюу салынды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте орус-украин согушуна байланыштуу тынч жыйын, митинг же башка акция өткөрүүгө 1-июлга чейин тыюу салынганын бүгүн 1-апрелде борбор калаанын Ички иштер башкармалыгын басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, район акимчиликтеринин мындай иш-чараларды өткөрүүгө 1-апрелден 1-июлга чейин тыюу салган чечимин шаардагы бардык төрт райондун соттору мыйзамдуу деп тапты. Жогорку соттун басма сөз кызматы бул маалыматты тастыктады.

Мындай чектөө борбордук Ала-Тоо аянтында мамлекеттик жана муниципалдык расмий иш-чараларды өткөрүүгө тийиштүү эмес экени белгиленди.

Шаардык милиция бишкектиктерге жана борбор калаанын конокторуна кайрылып, бул эрежени бузбоого чакырды.

Бишкек милициясынын Орусиянын элчилигинин, парламент жана өкмөт имараттарынын, борбордук аянттын аймагында 11-марттан 11-апрелге чейин акция өткөрүүгө тыюу салган чечимин 16-мартта Биринчи Май райондук соту күчүндө калтырган.

5-мартта элчилик алдында жарандык активисттер тобу Орусиянын Украинада согуш жүргүзүшүнө каршы акция өткөрүшкөн. Алардын бири Мирлан Асакеевди милиция кармап кетип, Жазык кодексинин "Ички иштер органынын кызматкеринин мыйзамдуу талабына баш ийбөө" беренесинин негизинде 3 миң сом айыппул салган.

7-мартта ошол эле жерде Орусияны колдогон акция өткөн. Алардын эч кимиси кармалган эмес.

17-мартта укук коргоочулар Өндүрүш Токтонасыров, Динара Ошурахунова, Азиза Абдирасулова элчилик алдына Украинадагы баскынчылык аракеттерди токтотуу талабы менен пикетке чыгышкан. Аларды милиция кармап кеткен. Кийин сот үчөөнө 3 миң сомдон айыппул салган.

24-мартта эл аралык Human Rights Watch укук коргоо уюму кыргыз бийлигин тез арада Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдында акция өткөрүүнү чектеген чечимин жана ошол жерде тынч пикет өткөргөнү үчүн кармалып, айыпка тартылган үч укук коргоочунун жаза чарасын жокко чыгарууга чакырды.

Уюмдун билдирүүсүндө Кыргызстандын Конституциясында жыйын өткөрүү эркиндигин чектөөгө жол берилбей турганы, ал эми тынч жыйындар жөнүндөгү мыйзамда согушка же кастыкка үндөгөн жана улуттук коопсуздукка коркунуч келтирүүчү гана акцияларга соттун чечими менен тыюу салынары жазылганы белгиленди. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG