Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:48

Кыргызстан-Өзбекстан: Чек арадагы кызматташтык боюнча протокол кабыл алынды


Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөт башчылары Акылбек Жапаров жана Абдулла Арипов.
Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөт башчылары Акылбек Жапаров жана Абдулла Арипов.

Ошто бүгүн 1-апрелде Кыргызстан менен Өзбекстандын чек аралаш аймак башчыларынын жыйыны өттү. Ага эки өлкөнүн өкмөт башчылары Акылбек Жапаров жана Кыргызстанга иш сапар менен келген Абдулла Арипов катышты.

Жыйынтыгында ортодогу товар жүгүртүү көлөмүн 2 миллиард долларга жеткирүү боюнча ишти улантуу тууралуу протокол кабыл алынды.

Кыргызстан цемент, көмүр, кварц кумун, картошка, сүт жана сүт азыктарын Өзбекстанга сатууну көбөйтүүнү сунуш кылды.

Пахта тазолоочу, жип чыгаруучу заводдорду, кездеме токуучу фабрика жана машина-трактор паркын куруу, Ноокенде өсүмдүк майын чыгаруучу завод ачуу, Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун акчасын пайдалануу тууралуу сунуштар айтылды.

Капиталы 200 миллион долларлык Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фонду түзүлүп, иштей баштаганы оң бааланды.

Машина куруу тармагындагы кызматташтыкты арттырып, Кыргызстанда жеңил автомашиналарды, айыл чарба техникасын чогултуу боюнча долбоорду ишке ашыруу тууралуу сөз болуп, Жалал-Абад жана Наманган облустарында асыл тукум чарбаларын ачуу тапшырмасы берилди.

Маданий-гуманитардык тармактагы кызматташтыкты арттыруу маселелери да талкууланды.

Мындан тышкары Өзбекстандын өкмөт башчысы Баткендин Лейлек районунун Маргун айылына Өзбекстан куруп берген 330 орундуу мектептин ачылышына видео байланыш аркылуу катышты. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Өзбекстандын бийлигине ыраазылыгын билдирип, мындай колдоо мамлекет аралык ынтымакты бекемдей турганын белгиледи.(RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG