Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:41

HRW Киевди орус аскерлеринин укугу бузулганы тууралуу маалыматты иликтөөгө чакырды


Украинанын Сумы аймагындагы украин аскерлери, 28-март 2022-жыл.
Украинанын Сумы аймагындагы украин аскерлери, 28-март 2022-жыл.

Human Rights Watch (HRW) укук коргоо уюму Украинада орус аскерлеринин укугу бузулганы тууралуу маалыматтарды териштирүүгө чакырды. Баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан бул уюм мындай билдирүүсүнө 27-мартта интернетке тараган "украин аскерлери үч орус жоокеринин бутуна ок атып жатканын көрсөтөт" деген видео себеп болду.

"Эгер ырасталып калса, колго түшкөн жоокерлерди сабоо жана аларды бутка атуу согуш кылмышы деп саналат. Украина эл аралык гуманитардык мыйзамды одоно бузуу аракеттерин жазалай аларын жана алдын ала аларын көрсөтүшү керек", - деп айтылат билдирүүдө.

Мындай видео тарагандын эртеси президент Владимир Зеленский украин аскерлеринин дарегине айтылган дооматтарга "олуттуу мамиле жасай турганын" жана бул окуя иликтене турганын айткан.

Буга чейин Human Rights Watch уюму Орусиянын Украинадагы аракеттери согуш кылмыштары деп эсептелип калышы мүмкүндүгүн да эскерткен. Буга Мариупол шаарындагы театрга сокку урулганын мисал келтирген.


Эл аралык кылмыш сотунун прокурору Украинада катталган болжолдуу согуш кылмыштарды иликтей баштаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG