Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:16

HRW: Орусияда согушка каршы чыккандарды куугунтуктоо күч алды


Екатеринбург шаарындагы акция. 6-март 2022-жыл
Екатеринбург шаарындагы акция. 6-март 2022-жыл

Орус бийлиги согушка каршы митингдерге чыккан миңдеген жаранды кармап, Орусиянын Украинага каршы согуш ачканына нааразыларды куугунтуктап жатат.

"Хьюман Райтс Вотч" (HRW) эл аралык укук коргоо уюму орусиялык полицияны “ашыкча күч” колдонгону үчүн айыптады. Айрым учурларда кармалгандар “кыйноолорго тете, адамдын ар-намысын кемсинткен ырайымсыз мамилеге” туш болгону айтылат.

“Күч түзүмдөрүнүн зомбулугу орус бийлигинин башкача ой жүгүрткөндөрдүн үнүн басуу, коркутуу үчүн эмнелерге даяр экенин көргөзөт”, - деп белгиледи HRW.

OVD-Info уюмунун маалыматына ылайык, 6-марттагы нааразылык акциялар маалында Орусиянын 69 шаарында 5 миңдей киши кармалган. 8-мартта полиция тынч акцияларга катышкан ондогон кишини кармап кетти.

Уюм белгилегендей, Орусия кошуна өлкөгө кол салган 24-февралдан бери бийлик Кремлдин расмий формулировкасынан күмөн санагандарга каршы чараларын күчөттү. Эркин маалымат каражаттары жабылды. Согушту токтотуу чакырыгы үчүн кылмыш жообуна тартууну караган жобо киргизилди, нааразылык акцияларына чыккандар бутага алынууда.

Укук коргоочулардын маалыматына караганда, OVD-Info 6-мартта полиция бери дегенде 34 кишини уруп-сабаган учурду каттаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG