Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:23

Октябрь окуясы боюнча сот 18-мартка жылды


2020-жылдын 5-6-9-октябрындагы жапырт башаламандык боюнча соттук отурум 18-мартка жылды. Ага мурдагы президент Алмазбек Атамбаев ден соолугуна байланыштуу жараянга келе албаганы себеп болгон.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 2020-жылы октябрь айындагы окуялар боюнча ишти 2021-жылы 8-октябрда карай баштаган. Кылмыштын алкагында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана окуяга катышкан Фарид Ниязов, Жеңиш Молдокматов, Курсан Асанов баштаган бир нече киши айыпталууда. Мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабановдун иши өзүнчө бөлүнгөн.

Бул иш боюнча 2021-жылы камакка алынган Жеңиш Молдокматов менен Курсан Асанов үй камагына бошотулган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG