Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:48

БУУ: Украинада жайкын тургундардан 516 киши набыт болуп, 908и жараат алды


Мариуполь шаарындагы төрөткана соккудан кийин. 9-март 2022-жыл.
Мариуполь шаарындагы төрөткана соккудан кийин. 9-март 2022-жыл.

БУУнун Адам укуктары боюнча жогору комиссариаты Орусия кол салгандан бери Украинада жайкын тургундардан 516 киши набыт болуп, 908и жараат алганын билдирди.

Уюмдун маалыматына ылайык, каза тапкандардын 98и эркек кишилер, 60ы аялдар, тогузу эркек балдар, бешөө кичинекей кыздар, 23 наристенин жана 321 чоң кишинин өздүгүн аныктоого мүмкүн боло элек. Көп киши Донецк жана Луганск облустарында жабыркаган. Карапайым тургундар негизинен артиллериянын аткылоосунан, реактивдүү системалардан, ракеталардан жана абадан урулган соккулардан жапа чегүүдө.

Жогорку комиссариат чыныгы сандар мындан алда канча жогору болушу мүмкүн деп белгилейт. Салгылашуулардан улам маалымат кеч түшүп, көп учурларды текшерүү зарыл болуп жатат. Волноваха, Мариуполь жана Изюм шаарларынан маалыматтар бул статистикага камтылган эмес. Ал аймактарда болжол менен жүздөгөн жайкын тургун жабыркады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG