Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:22

COVID-19 тогуз адамдан аныкталды, бир өмүрдү алды


2019-nCoV вирусунун сүрөтү.
2019-nCoV вирусунун сүрөтү.

2-апрелге карата Кыргызстанда тогуз адам коронавирус жуктуруп алганы лабораториялык жактан тастыкталды. Алардын баары Бишкекте катталды. Башка аймактардан илдет жуктургандар аныкталган жок. Ушуну менен пандемия башталгандан бери Кыргызстанда 200 955 адам COVID-19 вирусуна чалдыкты.

Коронавируска каршы ыкчам штабдын маалымдашынча, акыркы суткада жети адам сакайып чыкты. Илдет катталгандан бери жалпы 196 233 адам коронавирустан айыкты.

2-апрелге карата бир киши көз жумду. Жалпы коронавирустан каза тапкандардын саны өлкөдө 2 990 адамга жетти.

Ушул тапта 90 адам ооруканада, 55 бейтап үйүндө дарыланууда.

COVID-19 инфекциясы 2019-жылдын аягында Кытайдын Ухань шаарында пайда болуп, кыска убакта дүйнө жүзүн каптаган. Бүгүнкү күнгө чейин оорудан 6 млн ашуун адам каза болуп, 500 млн. чукул киши вирус жуктуруп алган. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG