Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Октябрь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:20

Кыргызстан каржы уюмдардан 9,9 миллиард сом алат

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

2022-жылы Кыргызстан Эл аралык каржы донорлорунан мамлекеттик бюджетти колдоо үчүн 9 млрд. 945 млн. сом алат.

Бул тууралуу Финансы министрлиги маалымдады. Ага ылайык, 663 млн. (7,5 млн. доллар) сом Дүйнөлүк банктан, 2 млрд. 210 млн. сом (25 млн. доллар) Азия өнүктүрүү банкынан жана 7 млрд. 72 млн. сом (80 млн. доллар) Евразия өнүктүрүү жана турукташтыруу фондунан алынат.

Маалыматта айтылгандай, жалпысынан быйылкы бекитилген бюджеттин 47 млрд. 481 млн. сому сырттан алына турган каражат болмокчу.

2022-жылга жалпы мамлекеттик бюджет 403,9 млрд. сом деп бекитилген. Мамлекеттик инвестициялык гранттарды эске алуу менен быйыл республикалык бюджеттин жалпы кирешеси 282,1 млрд. сом, чыгашасы 291,2 млрд. сом болот. (ZKo)

​
XS
SM
MD
LG