Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:03

Бишкекте "Келечек" реабилитациялык борбору ачылды


Президент Садыр Жапаров "Келечек" реабилитациялык борборунун ачылышында. 29-декабрь, 2022.
Президент Садыр Жапаров "Келечек" реабилитациялык борборунун ачылышында. 29-декабрь, 2022.

Мурдагы президент Курманбек Бакиевге таандык турак жайдын ордуна салынып жаткан реабилитациялык борбордун курулушу аяктап, колдонууга берилди. Анын ачылышы 29-декабрда өтүп, ага президент Садыр Жапаров да катышты.

Мамлекет башчы бийлик майыптыгы барларга ыңгайлуу шарттарды түзүүгө аракет кылып жатканын белгиледи.

Үч кабаттуу борбор 88 орундуу. Анда балдар менен кошо алардын ата-энелерин кабыл алууга шарт түзүлгөн. Борбордун жалпы аянты 1 756 чарчы метр, имарат болсо 508 чарчы метрди түзөт.

Реабилитациялык борбордун курулушу ушул жылдын июнь айында башталган.

Бишкектин Жибек-Жолу көчөсүндөгү мурдагы президент Курманбек Бакиевдин үйү 2010-жылы 7-апрелде өрттөнгөн. 2010-жылдан кийин ал жерде майыптыгы бар адамдар баш калкалап келген.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таш айылындагы мамлекетке өткөн турак жайына карылар үйү ачыла турганын кабарлаган.

Расмий маалымат боюнча Кыргызстанда майыптыгы бар адамдардын саны 200 миңден ашат, алардын 36 миңдейи балдар. Алардын ичинен 6 миңдейи такай кароого муктаж.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG