Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:33

Улуттук банк: Карамагыбызда өлкөнүн 40 тоннадай алтыны турат


Кумтөрдүн алтыны. Иллюстрациялык сүрөт.
Кумтөрдүн алтыны. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Улуттук банкта азыркы кезде сакталып турган алтынынын көлөмү 40 тонна экенин бүгүн 29-декабрда Жогорку Кеңеште банк ишмердүүлүгү боюнча маселе талкууланып жатканда мекеменин төрагасынын орун басары Кайып Куленбеков билдирди.

Ал депутат Коргонбай уулу Жусупбектин өлкөнүн алтын кору тууралуу суроосуна жооп берип жатып:

“Запаста 40 тоннанын тегерегинде алтын бар. Азыр депутаттык комиссияны күтүп жатабыз. Биздеги алтын баары эсепте”, - деп айтты.

Канадалык “Центерра Голд” компаниясы менен бирге башкарып келген кенди Кыргызстан өз карамагына 2021-жылдын май айында алып, 2022-жылдын апрелинде “Кумтөр Голд Компанинин” 100% акциясы Кыргызстанга өткөн. Кыргызстан менен “Центерра Голд” доо арыздардан баш тартуу жана ортодогу талаш маселелерди чечүү боюнча келишимге жетишкен. Ага ылайык, Кыргызстан “Центерра Голдго” акциялардын 26 пайызын өткөрүп берип, бардык экологиялык жана каржылык доодон баш тарткан.

Башкы прокуратура Кумтөр кениндеги иштерди быйыл август айында текшере баштап, үч кылмыш ишин козгогон жана мамлекетке 1 миллиард сомдук зыян келтирилгени маалымдалган. Ошондо 2021-жылы сатылган 19,2 тонна алтындын дайыны тууралуу маселе көтөрүлгөн.

«Кумтөр голд компани» ишканасы Кыргызстандын карамагына өткөндөн берки анын алтын казуу, сатуу ишин жана компаниянын ишмердүүлүгүн изилдей турган депутаттык комиссия 29-сентябрда түзүлгөн. Бирок бир да жолу отурумга чогула албай, кийин курамы кыскартылган. Андан кийин да отурумга чогулушу маселе жаратып жатканы белгилүү болгон.

Депутаттык комиссиядан тышкары бир катар оппозиционер саясатчылар кирген коомдук комиссия да түзүлгөн жана аны Азимбек Бекназаров жетектеген. Бекназаров жана башка бир катар мүчөлөр кийин Кемпир-Абад ишине байланыштуу камакка алынышкан.

Кыргызстан алтынын кайсы убакта кайсы өлкөгө алып барып сатып жатканы тууралуу маалыматты ачыктабай турганын 27-августта “Кабар” улуттук маалымат агенттигине курган маегинде президент Садыр Жапаров билдирген. Ал ар бир доллар, ар бир грамм алтын үчүн ишкана өзү жана "Кыргызалтын", Улуттук банк керт башы менен жооп берерин, бул жагынан эл эч кам санабай эле койсо болорун айткан. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG