Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:02

Ирандын шахмат федерациясы мелдешке жоолуксуз катышкан кыз тууралуу билдирүү жасады


Сара Хадем.
Сара Хадем.

Ирандын шахмат федерациясынын жетекчиси Хасан Тамини Алматыдагы дүйнөлүк чемпионаттагы мелдешке жоолуксуз чыккан Сара Хадемди "Ирандын атынан катышкан эмес" деп билдирди. Arab News жазгандай, ал шахматчы кызды чемпионатка өз алдынча кеткенин айткан.

Ирандын маалымат агенттиктери 26-декабрда гроссмейстер Сара Хадем Алматы шаарында өткөн FIDE World Rapid and Blitz Chess Championships мелдешине хижаб оронбой катышканын жазган.

Бул Иранда сентябрда полициянын абагында каза болгон кыздын өлүмүнө байланыштуу кеңири жайылган нааразылык акцияларына тилектештиктин белгиси катары сыпатталууда.

25 жаштагы Сара Хадем аш-Шарие чемпионатта ирандык командадагы жалгыз кыз экенин “Азаттыктын” иран редакциясы билдирди. Ал 18 жашында аялдар арасындагы гроссмейстер жана эл аралык чебер наамдарын алган биринчи ирандык шахматчы.

Сентябрдын ортосунда 22 жаштагы Махса Амини "хижаб кийүү эрежесин бузган" деп кармалгандан кийин Адеп-ахлак полициясында каза болгон. Бул окуядан кийин Иранда кыз-келиндердин укугун коргоого чакырган нааразылык акциялары тутанган. Демонстрацияларды күч менен басуу аракетинде жүздөгөн адам өлдү. Акция катышуучулары кармалып, айрымдары дарга асылды.

Иранда Ислам Республикасында кыз-келиндер жоолукчан жүрүүгө милдеттендирилген.

Ирандык футболчулар да демонстранттарга тилектештигин билдирип, жакында Катарда өткөн футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатта өз өлкөсүнүн гимнин ырдоодон баш тартышкан.

XS
SM
MD
LG