Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:30

Индиялык компания Өзбекстандагы өлүмдөн улам “Док-1 Макс” дарысын чыгарууну токтотту


Индиянын Marion Biotech компаниясы Өзбекстанда 19 баланын өлүмүнө байланыштуу жөтөлгө каршы “Док-1 Макс” дарысын чыгарууну токтотту.

"Биз өлүм үчүн өкүнөбүз. Өкмөт муну иликтеп жатат. Тергөө уланууда. Чоо-жайын иликтөө бүткөндө билебиз", - деди 29-декабрда компаниянын өкүлү Хасан Харрис.

Өзбекстанда өткөн аптада ушул дарыны ичкенден кийин саламаттыгы начарлаган 22 баланын 19у чарчап калды. "Док-1 Макс” дарысынан уулуу этиленгликол заты табылганын өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги маалымдады. Министр Бехзод Мусаев каза болгон балдардын ата-энелеринен кечирим сурап, шалаакылыкка жол бергендер мыйзам алдында жоопко тартыларын билдирди. “Док-1 Макс” таблеткалары жана сироптору Өзбекстандын бардык дарыканаларынан алынып, Улуттук коопсуздук кызматы тергөө баштады.

Индиялык Marion Biotech компаниясы чыгарган бул дары парацетамол, гвайфеназин, фенилэфринди камтыйт жана курч респиратордук вирустук инфекцияларды, сасык тумоону дарылоо үчүн сунушталат.

Өзбекстандагы балдардын өлүмүнө байланыштуу 23-декабрда Кыргызстанда да "Док-1 Макс" дарысын сатууга тыюу салынып, анын үлгүлөрү текшерүү үчүн лабораторияга жөнөтүлгөн.

Буга чейин Индиянын Maiden Pharmaceuticals Ltd компаниясы чыгарган жөтөлгө каршы дарыдан Гамбияда 70 бала чарчап калганы айтылган. Бирок Индия өкмөтү жана дары чыгарган компания айыптоолорду четке кагып келген.

Индия акыркы он жылда фармацевтикалык экспортун эки эсе көбөйтүп, пайдасы 24,5 миллиард долларга жетти.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG