Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:48

Бишкекте митингдерди чектөө: адвокаттын арызы четке кагылды


Укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыровду милиция кармап жаткан кез. Бишкектеги акциялардын бири. 2-апрель, 2022-жыл.
Укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыровду милиция кармап жаткан кез. Бишкектеги акциялардын бири. 2-апрель, 2022-жыл.

Бишкектин борбордук бөлүктөрүндө митинг өткөрүүгө тыюу салынганына бир жылдан ашты. 2022-жылы март айында киргизилген мындай чектөө улам-улам узартылып жатат.

Биринчи май райондук соту апрелдин башында Ала-Тоо аянтында, Эркиндик бульварында, Линейная көчөсүнөн Чүй проспектисине чейинки аралыкта, Жогорку Кеңештин имаратынын жана президенттин администрациясынын алдында, аларга жакын Панфилов паркында митинг өткөрүүгө салынган тыюу ушул жылдын 1-июлуна чейин узарткан.

Жарандык коом, укук коргоочулар тынч чогулуштарга тыюу салууну адамдардын конституциялык укугун бузуу деп баалап, сынга алып келишет. Эл аралык Human Rights Watch (HRW) уюму да өткөн жылдагы отчётунда ушул маселеге токтолгон.

Юрист райондук соттун чечимине каршы арызданды

Бишкек шаардык соту 14-апрелде адвокат Бактыбек Жумашевдин Биринчи Май райондук сотунун Бишкектин борбордук бөлүктөрүндө 1-июлга чейин митинг-пикет өткөрүүгө тыюу салган чечимине каршы доо арызын четке какты.

Юрист соттук коллегия арыз мөөнөтүнөн кеч берилгенин жүйө кылганын айтып, эми Жогорку сотко кайрыларын билдирди. Ал Биринчи май райондук сотунун тынч чогулуштарга тыюу салуу боюнча 31-мартта чыккан чечимин 3-апрелде окуп, 6-апрелде Бишкек шаардык сотуна арыз берген.

“Бишкекте митингдерге тыюу салуу мыйзамсыз жана негизсиз. Биринчиден, Конституциянын жана “Тынч чогулуштар жөнүндө” мыйзамдын талаптарына каршы келет. Мыйзам боюнча кайсы бир тема менен өтө турган митингге гана чектөө киргизилиши мүмкүн. Азыр сот жалпы эле тыюу салып койду. Муну менен башка адамдардын, сиздин, менин укугумду чектеп атат. Митингдерге тыюу салуу боюнча Биринчи май районунун администрациясынын өтүнүчүн биздин эрки жок, тил алчаак соттор колдоп беришти”.

Бишкектин борбордук бөлүгүндө митинг өткөрүүгө салынган тыюуну узартуу сунушун Биринчи Май районунун администрациясы берип, аны 31-мартта Бишкектин Биринчи май райондук соту колдогон.

Шаардык, райондук бийлик өкүлдөрү эмне себептен мындай сунуш менен чыкканы тууралуу мурда-кийин комментарий бере элек. Соттун чечим тууралуу билдирүүсүндө кайсы жерлерде митинг-пикет өткөрүүгө болбой турганы гана жазылып, андан бөлөк маалымат көрсөтүлгөн эмес.

Ага ылайык, 1-июлга чейин Бишкектин Ала-Тоо аянтында, Эркиндик бульварында, Линейная көчөсүнөн Чүй проспектисине чейинки аралыкта, Жогорку Кеңештин имаратынын жана президенттин администрациясынын алдында, аларга жакын Панфилов паркында митинг өткөрүүгө болбойт.

Андан тышкары Таттыбүбү Турсунбаева атындагы гүл бакта, Жогорку Соттун жана Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдында, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) жанында да нааразылык акцияларын өткөрүүгө тыюу салынган.

“Бийлик митингдин гана “тилин” түшүнөт

Бишкектин айрым жерлеринде митинг-пикет өткөрүүгө убактылуу тыюу салган чечим 2022-жылдын март айында кабыл алынган. Анын мөөнөтү улам узартылып келе жатат. Саясат талдоочу Руслан Акматбек буга чейин “Азаттыкка” берген комментарийинде тынч жыйындарга чогулууга киргизилген чектөө тууралуу мындай деген:

Руслан Акматбек.
Руслан Акматбек.

“Конституцияда адамдардын эркин чогулушуна уруксат берилери так айтылган. Бул жарандардын укугу. Сот аны чектеп жатканы мыйзамсыз. Буга чейин эле Кыргызстанда элдин үнү бийликке жетиш үчүн митингге чыгыш керек болуп калган. Бул азыр да иштейт. Анткени бийлик митингдин гана “тилин” түшүнөт. Ушул аркылуу гана сигнал кабыл алат. Азыр бийлик ага да чектөө койду. Эми болсо баары жакшы, өнүгүп атабыз, башка пикирди, алтернативдүү ойду кабыл албайбыз дегенге өтүп алды”.

Конституциянын 39-беренесинде “Ар бир адам тынч чогулуштар эркиндигине укуктуу. Эч ким чогулушка катышууга мажбурланышы мүмкүн эмес” деп жазылган.

Ал эми “Тынч чогулуштар жөнүндө” мыйзамда митинг-пикиттерди, нааразылык акцияларды өткөрүүнүн тартиби ийне жибине чейин көрсөтүлгөн. Мыйзамда “согушту пропаганда кылганда, этностук, расалык же диний жек көрүүгө чакырганда, улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти, башка адамдардын укуктарын бузууга үндөгөндө гана” тынч чогулушка тыюу салынары белгиленген.

Бир жылдан ашык убакыттан бери сот чечимине ылайык, “Ала-Тоо” аянтында мамлекеттик жана муниципалдык иш-чараларды гана өткөрүүгө уруксат берилип калды. Митинг же пикетке чыгууну каалагандар Максим Горький атындагы бакчада гана чогулса болот.

Ишкер, мурдагы айыл чарба министри Тилек Токтогазиев соттун чечимин мыйзамсыз деп эсептейт:

Тилек Токтогазиев.
Тилек Токтогазиев.

“Соттун чечими 100% мыйзамсыз. Экинчиден, соттун чечими бирөөлөргө иштейт, бирөөлөргө иштебейт. Бийликке керек болгон митинг же иш-чара өтсө, эч ким тоскоолдук кылбайт. Мындай чектөө - жарандык коомдон, оппозициялык көз караштагы адамдардан коркуу. Митингдердин эч кандай зыяны жок. Ар бир өткөрүлгөн акция бийликке бул жакта адилетсиздик болуп атат, бул жерде туура эмес иштер болду деген белги. Муну менен бийлик маселе курчуп кетпеши үчүн алдын ала аны чечсе болот. Мисалы, чайнек кайнап атканда андан буу чыгып турбаса, ал жарылып кетиши мүмкүн. Митингдер да ошол буу сыяктуу. Маселе ошол жерде айтылып турат”.

“Эл баары бир өзүнүн оюн айтат”

Элдик курултайдын төрагасынын орун басары​, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Бейшенбек Абдразаков Бишкектин борбордук бөлүгүндө акцияларды өткөрүүгө тыюу салынышын бийликтин тынчтыкты сактоо аракети менен байланыштырды:

“Ооба, Баш мыйзамда адамдар оюн эркин билдире турганы, көйгөйүн чыгып айта алары жазылган. Мамлекеттик көз караш менен карап митингдерге тыюу салынган. Мен бул убактылуу кабыл алынган чечим го деп ойлогом. Бирок кайра-кайра узартылып баратат. Ар кандай ызы-чуулар боло бергенден ушундай чечим кабыл алынды окшойт. Ал эми Орусиянын Бишкектеги элчилигинин алдына ар ким чыгып акция өткөрө берсе, эл аралык мамиледе да ар кандай кызыкчылыктар болуп кетиши мүмкүн. Кыргызстандын жарандары Максим Горький бакчасына барып акция өткөрсө болот. Ал жакка чыгып атышат, талабын айтып атышат. Кыргыз эли жакырчылыкка, кыйынчылыкка баарына чыдайт. Бирок адилетсиздикке гана чыдабайт. Тыюу салынса деле чыгып өзүнүн оюн айта берет”.

Бишкекте өткөн митинг-пикеттердин көбүндө негизинен саясий талаптар айтылат. Акциялардын басымдуу бөлүгүндө бийликти коррупцияга каршы күрөшүүгө, сөз эркиндигин, адам укугун сыйлоого чакырган ураандар жаңырат. Акыркы убактарда салык саясатына каршы болгон 100дөгөн ишкерлер Максим Горький атындагы бакчада бир нече жолу акция өткөрүштү.

Украинада согуш башталгандан бери Орусиянын бийлигине нааразы болгон айрым адамдар Орусиянын Бишкектеги элчилигинин алдына нааразылык акцияга чыккан окуялар болгон. Азыр бул жерде да 1-июлга чейин ар кандай акцияларды өткөрүүгө болбойт.

Эл аралык Human Rights Watch уюму өткөн жылдагы отчётунда Бишкектин борбордук райондорунда акцияларды өткөрүүгө тыюу салынышын сынга алган. Уюм мындай чечимдер ар дайым ачык жарыяланбай элдин тынч жыйындарга чогулуусуна тоскоолдук болуп жатканын билдирген.

XS
SM
MD
LG