Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:43

Демократия баалуулуктары: президенттерди тактан кулаткан шайлоолор


Шайлоо жыйынтыгына нааразылыктар чыгып, бийликти алмаштыруу менен бүткөн митинг. Бишкек. 5-октябрь, 2023-жыл.
Шайлоо жыйынтыгына нааразылыктар чыгып, бийликти алмаштыруу менен бүткөн митинг. Бишкек. 5-октябрь, 2023-жыл.

Жаныбек Абиров депутаттык мандатын тапшырып бергенден кийин Бишкектин Ленин районундагы шайлоо 28-майга белгиленди.

Жарандардын шайлоого катышуусу - демократиялык саясий түзүлүштүн маанилүү негиздеринин бири. Ал эми таза, атаандаштык негизде, ачык өткөн шайлоо эл арасындагы татыктуу, күчтүү, алдыңкы адамдардын жана саясий партиялардын мамлекет башына келишине шарт түзөт. Шайлоолордун Кыргызстандагы мааниси жана анын саясатта, эл турмушундагы орду кандай?

Кыргыз кыртышындагы шайлоо өзгөчөлүктөрү

Мамлекетти башкарууга жарандардын катышуусу чыныгы шайлоо системасы түзүлүп, ал аркылуу күчтүү инсандар бийликке келгенде оң жагына чечилет.

Тарых жана саясат таануу илимдеринин доктору, профессор Аалыбек Акунов демократиянын негизги шарты бул – таза, эркин, ачык өткөн шайлоо деген пикирде. Ансыз ал мамлекеттеги саясий система кандай гана аталып, кандай гана ураандар чакырылбасын – элдик бийлик бар деп эсептөөгө дегеле негиз калтырбайт.

"Шайлоо – бул демократиянын негизги шарты. Таза, мыйзам чегинде өткөн шайлоо... Эгер шайлоо жок болсо демократия жөнүндө кеп козгоонун зарылдыгы жок. Демократия – бул көпчүлүктүн бийлиги. Ал эми ким көпчүлүк экени шайлоо аркылуу гана аныкталат. Ошол көпчүлүктү биз таза шайлоо аркылуу гана аныкташыбыз мүмкүн. Ушул негизги шарт 30 жылдан бери аткарылбай келет. Бул – өтө өкүнүчтүү", - деген пикирде Аалыбек Акунов.

Ушул жерден жакынкы тарыхка сереп. Кыргыз эли Советтер Союзу кулагандан кийин эгемен мамлекет кура баштаган алгачкы жылдары өнүгүүнүн демократиялык жолун тандап алган. Михаил Горбачёвдун кайра куруу демилгесин Кыргызстанда “Ашар” сыяктуу жалындуу жаштардын кыймылдары илгиртпей колго алышкан.

“Кыргызстан демократиялык кыймылы” аталган уюм мамлекеттин жана миң сандаган чиновниктердин башкы милдети анын атуулдарынын бакубат жана бактылуу жашоосун камсыздоо экенин терең түшүнгөн.

Ошондон улам мамлекетти куруунун татаал жолу адам укуктарын сактоонун жана куруунун татаал жолу менен сапарлаш кеткен.

Буга объективдүү себеп катары Совет бийлиги тушунда башка республикалар сыяктуу эле Кыргызстанда да адам укуктарынын оор абалы, сөз эркиндигинин жоктугу, шайлоолордун формалдуулугу, бюрократиянын чиригени, түпкү улут болгон кыргыздардын тарыхы, тили, салт-санаасынын жоголуу коркунучу, кандуу репрессиялардын оор таасири дайыма сакталып турганында болгон.

“Совет мезгилинде шайлоолор жөн эле бир фарс болчу, себеби атаандашсыз, майрам сыяктуу өтчү, эл келип эле 90% добушун берип, шайлап кетчү”, - деп эскерет Аалыбек Акунов.

Ушундан улам 1990-жылдары өзүн “демократ” катары сыпаттаган активисттер жана алдыңкы инсандар Совет мамлекетинин кучагынан суурулуп чыгууга умтулуп турган Кыргызстан андан ары укуктук, демократиялык өлкө катары өнүгүшүн туура жол деп эсептешкен.

“Ашар” коомунун алгачкы башкы максаты борбордогу түпкү улуттун өкүлдөрүнүн социалдык башкы көйгөйү – аларды турак жай менен камсыздоо болгон. Бирок аны чечүүдөгү каршылыктын түпкү себеби ­– советтик системада жатканы илгиртпей билинди. Бул өз кезегинде жаштардын уюмдашуусуна жана кыймылдын саясий өңүт алышына жол ачкан. Ошондон улам бул жерде чыгара турган таасын сабак ушул болду - көпчүлүк чечилбей жаткан социалдык-экономикалык маселелердин ачкычын саясий системанын кемчиликтеринен издөө зарылдыгы.

Кыргызстанда алгачкы президент “легендарлуу парламент” аркылуу шайланган. Ал ирет алгач Абсамат Масалиев, Апас Жумагулов, Жумгалбек Аманбаев жетиштүү добуш топтой албай калгандан кийин кайра шайлоо болуп, Аскар Акаев Насирдин Исанов баштаган атаандаштарын утуп, депутаттар тарабынан президент болуп шайланган.

Эгемендик алгандан кийинки биринчи шайлоо

Жалпы эл тарабынан алгачкы шайлоо 1991-жылдын октябрь айында өткөн. Профессор Аалыбек Акунов ал күндөрдөгү мыйзамсыздыкты эскерди:

“Советтер Союзу тарап, Коммунисттик партия бийликтен кеткенине карабай баарыбыз таза шайлоонун зарылдыгын канчалык жүрөгүбүз менен сезип турсак дагы таза шайлоо өткөрө алган жокпуз. Алгачкы шайлоолор административдик бийликтин басымы менен өтүп турду. Мисалы, биринчи жолку жалпы элдик шайлоо 1991-жылы 12-октябрда өтүп, Аскар Акаев атаандашсыз шайлоого жалгыз чыгып, өнөктүк чоң мыйзам бузуулар менен коштолгон. Шайлоо жөнүндө мыйзамды 31-августта кабыл алганы менен ал күчүнө кире электе эле Акаевдин талапкерлиги жылдырылып, мыйзамды одоно бузуу менен атаандашсыз жалгыз сүрөлүп, анан 96% менен жеңди деп бул саясий өнөктүк дагы эң ыпластыгы менен тарыхта калган”.

Экинчи (саны боюнча үчүнчү) президенттик шайлоо 1995-жылы өткөн, анда Аскар Акаевге атаандаш талапкерлер катары Абсамат Масалиев менен Медеткан Шеримкулов аттанышкан. Сөз кезеги профессор Аалыбек Акуновдо:

“Эмдигиче эч ким далилдей албайт, бирок, эл арасында дагы деле болсо ал жолку шайлоону Абсамат Масалиев уткан деп айтылып келет. Өтө одоно бурмалоо болгон. Сөз жүзүндө демократияга жол тарттык делгени менен иш жүзүндө ошол демократиянын түркүгү болгон шайлоо таза өткөн эмес. Ошол себептен демократияга болгон коомдогу, элдеги нааразычылык ушул таза эмес шайлоолордун кесепети десек жаңылбайбыз”.

Мына ошондон тартып өткөрүлгөн бир катар шайлоо жана референдумдардын жыйынтыктары көп ирет ырайымсыз бурмаланганы белгилүү. Анын кесепетинен шайлоо системасына болгон жарандардын ишеними кетип, бийликке акчасы көптөр, Ак үйгө жан тарткандар жана акчалуулар гана шайланат деген ишеним эл арасында акырындап бекемделе берген. Мунун акыры барып 2005-жылы жылдын башында өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгынан кийин 24-марттагы окуяларга алып келгени белгилүү.

Ушундай эле жол менен шайлоолордун жыйынтыгын бурмалоо 2007-жылы өткөн парламенттик шайлоодо да орой жана текебердик менен ишке ашкан. Ал ирет оппозициялык “Ата Мекен” партиясы эң көп добуш алганына карабай кыска аралыкта түзүлгөн “Ак жол” партиясы жеңди делип, ал терең нааразылыкты жараткан. Мындай пикирин ошол убакта бийликте турган бир катар адамдар кийин өз маектеринде бекемдешкен.

“2007-жылдын 16-декабрындагы шайлоо эгемендикти көздөгөн, демократияны көздөгөн кыргыз элин шал кылган да. Эгерде көз карандысыздык жылдары бир да жолу таза шайлоо өткөн жок деп айта турган болсо – ошол таза эмес шайлоолордун ичинен эң эле ыплас, эң эле адамды дал кылган шайлоо дал ушул 16-декабрдагы шайлоо. Мурда шайлоолордун жыйынтыгын бурмалап, административдик ресурстарды колдонуп, адамдарды эки жолудан кабинага киргизип же шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү таңгактап бюллетень ыргытып келген. Бул ирет шайлоонун жыйынтыктарын санап да коюшкан жок, карап да коюшкан жок. Ак үйдүн 7-кабатында отуруп эле кайсы партияга канча добуш тийери чечилген. Бир ай мурда эле түзүлгөн партия да ушундай добуш алабы деп интеллигенттердин дагы, оппозициянын дагы, кыргыз коомунчулугунун колу шалдырап, “ушундай да болобу” деп үмүт үзүлүп калган”, - дейт Аалыбек Акунов.

2010-жылдан кийинки шайлоолор

Шайлоолор 2010-жылдан кийин Кыргызстанда кескин жакшыруу жолуна өткөнүн “Жарандык платформа” коомдук уюмунун жетекчиси Айнура Усупбекова да бышыктады. Анын пикиринде, ошондон тартып шайлоо жаңы технологиялардын аркасы менен адилеттүүлүккө жакындай баштаган.

“Эң чоң реформа 2010-жылдан кийин башталды. Анткени парламенттик системада шайлоолордун таза, ачык-айкын өтүшү өтө маанилүү. Ошондон кийин шайлоо боюнча деңгээлибиз өнүп-өсүп, жакшыра баштады. 2011-жылдан кийин шайлоо системасына добуш сатып алууга каршы чыныгы алдыңкы технологиялар колдонууга кирген. Эми административдик ресурс колдонуу жокко чыгарылса, биздин мамлекетте шайлоо мындан ары таза өтөт деп айтсак болот”, - деди Айнура Усупбекова.

Ал эми 2020-жылдын 4-октябрындагы шайлоонун жыйынтыгы эмне менен аяктаганы жалпыга белгилүү. “Мекеним Кыргызстан”, “Биримдик” партияларынын акча үстөмдүгү шайлоонун тараза ташын акыйкатсыз, сатылма процесске айлантып, элдин көңүлү кайт болуп, акыры бийликтин алмашуусун шарттады.

Тарых жана саясат таануу илимдеринин доктору, профессор Аалыбек Акуновдун пикиринде, 4-октябрдагы шайлоодо калган партиялар алгач ошол кездеги бийликтен болгону шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгарып, кайра добуш берүүнү уюштурууну гана талап кылган. Бирок, окуя башка өңүткө өнүгүп кеткен.

Мындан азыркы бийлик жыйынтык чыгардыбы деген суроо пайда болот. Акыркы жылдарда шайлоо жараянына ишеним толук калыбына келдиби? Кеп кайрадан Айнура Усупбековада:

“Административдик ресурс бийлик тарабынан колдонулган жок деген пикирди бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар билдиришти. Ошол эле маалда шайлоочулардын өзүнөн добуш сатып алуулар көп катталды, тилекке каршы, укук коргоо органдары ал иштерди аягына чыгара иликтенген жок. Шайлоочулардын жеке маданияты да көтөрүлө элек”.

Ушул тапта Бишкектин Ленин районунундагы шайлоо округуна талапкерлер өз арызын жазып, депутаттыкка аттанышууда. Арыз бергендер арасында Өмүрбек Суваналиев, Данияр Тербишалиев сыяктуу бир катар таанымал да, тааныла элек да адамдар бар. Шайлоо таза өтөрүнө 4-октябрдагы шайлоолорго нааразычылык чыккандан кийин келген бийликтин тушунда кепилдик барбы? Сөздү Аалыбек Акуновго узаталы:

“Ленин районундагы шайлоо деле ошол катардагы эле буга чейинкидей таза эмес өтөт го деген ойдомун. Биз таза шайлоолорду өткөрмөйүнчө демократиялык коом кура албайбыз, биз көпчүлүк ким экенин аныктай албайбыз. Биз көпчүлүктү таза шайлоо аркылуу гана аныктай алабыз. Бул негизги шарт, тилекке каршы, 30 жылдан бери жүзөгө ашпай келатат”.

Демократиянын белгилери, негиздери жана шарттары

  • Бийлик булагы – эл (шайлоо жана шайлануу укугу);
  • Адам укуктары (сөз эркиндиги, жарандык коом, экономикалык-социалдык укуктар);
  • Бийлик бутактарынын тең салмактуулугу - күчтүү парламент, көз карандысыз сот (институттар: Конституциялык сот, Акыйкатчы институту);
  • Бийликтин отчёттуулугу (мамлекеттик чиновниктердин, о.э. бюджеттин ачыктыгы);
  • Коррупцияга каршы текши күрөш;
  • Элдин билим деңгээлинин жогорулугу;
  • Мыйзам үстөмдүгү;
  • Саясий плюрализм (оппозициянын тоскоолдуксуз ишмердиги);
  • Көпчүлүктүн башкаруусу, азчылыктын пикири;
  • Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу.

"Шайлоолор таза өтөт"

Бирок азыркы бийлик акыркы шайлоолор мурдагыларга салыштырмалуу таза өткөнүн, мындан ары да мыйзам бузуулар болбой турганын билдирген.

Президент Садыр Жапаров апрелдин башында мындан ары кандай гана шайлоо болбосун, президент жана башка бийлик өкүлдөрү ага кийлигишпейт деп баса белгилеген:

"Саясатчылардын баары шайлоолор боюнча жаңы заман келгенин билип, сезиши керек. Ооба, мурда ошондой болчу. Президенттин батасын алмайынча шайлоого аттанышпайт эле. Мындан ары кандай гана шайлоо болбосун, президент жана башка бийлик өкүлдөрү кийлигишпейт. Кимдир бирөөнү сүрөгөнгө жол бербейм. Биз жөн гана арбитр болуп беребиз. Ким утса, ошол өтсүн. Көпчүлүк эл кимди тандаса, ошол талапкер депутат болот. Мындан ары мурдагыдай айыл өкмөттөрдүн, мугалимдер менен медиктердин кайсыл бир талапкерге иштешине дагы жол бербейбиз. Иштегенин билип калсак, жоопко тартабыз", - деди Жапаров.

Өлкөнүн добуш берүү системасы биометрикалык каттоо, электрондук добуш берүү, добуштардын онлайн форматта дароо саналып, колго жыйынтыгы тийгени сыяктуу элементтер менен жакшырды. Бирок калктын айрым катмары өз добушун акчага айырбаштаганы, капчыктууларга дале болсо басым жасалып жатканы эл арасында айтылып, жазылып келе жатат.

Буга жалпы элдин саясий аң-сезиминин өзгөчөлүгү, саясатчылар менен саясий системадан жалпысынан эле көңүлү кайт болуп калганы жана ар бир адамдын жалгыздап болсо да бирден добушу канчалык маанилүү экенин терең аңдап түшүнбөй жатканы, түшүнсө дагы ага сыртын салып, көз жаздымда калтырып атканы сыяктуу маселелер дагы деле болсо күн тартибинде.

  • 16x9 Image

    Кубат Оторбаев

    "Азаттыктын" "Арай көз чарай" талкуусунун алып баруучусу жана саясат, экономика, эл аралык алакалар багытында баяндамачы. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG