Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:19

БШК Жаныбек Абировду депутаттык мандаттан ажыратты


Жаныбек Абиров.
Жаныбек Абиров.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Жогорку Кеңештин депутаты, "Мекенчил" фракциясынын мүчөсү Жаныбек Абировду мандатынан ажыратты. Ага чейин ал өзү катышкан мушташка байланыштуу мандатын тапшыра турганын жарыялаган. Боршайком арызды дароо карап, канааттандырды. Марттын башында кафенин күзөтчүсү катуу сабалган окуядан кийин Абиров сындын бутасында калган.

Жаныбек Абиров 27-мартта Фейсбуктагы баракчасы аркылуу депутаттык мандатын тапшыруу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына арыз жазганын билдирген. Муну мушташтан кийин депутаттык ишимди улантууга "моралдык укугум жок" деп негиздеген.

"Менин катышуумдагы акыркы окуя коомчулук арасында кызуу талкуу жаратты. Окуянын олуттуулугун толук түшүнүп, жоопкерчиликти сезип жаткандыгымды жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартууга даяр экендигимди дагы бир жолу баса белгилейм. Ушуга байланыштуу мен, окуяны талдап, терең ой жүгүртүп, өз каалоом менен парламент депутатынын мандатын тапшыруу чечимин кабыл алдым”, - деп жазган.


Ал шайлоочулардан жана сабалган жарандан, анын үй-бүлөсүнөн кечирим сурап, мыйзам алдында жооп берүүгө даяр экенин кайталаган.

Боршайком анын арызын кечиктирбестен ушул эле күнү канааттандырып, мандатын алды.

Кыргызстандын президентин жана Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо тууралуу мыйзамга ылайык, бир мандаттуу округдан шайланып, түрдүү себептер менен кеткен депутаттардын ордуна кайра шайлоо болот. Мыйзамдын 65-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык, кеткен депутаттардын ордуна кайра шайлоо президенттин жарлыгы менен дайындалат. Эки айлык мөөнөттүн ичинде БШК талапкерлерди каттоо жана башка жараяндарды конституциялык мыйзамда белгиленген тартипте жана мөөнөттө өткөрөт.

Эгер бир мандаттуу шайлоо округунан шайланган Жогорку Кеңештин депутаты мөөнөтү аяктаганга чейин бир жыл же андан аз калганда мандатын тапшырса, ордуна кайра шайлоо өткөрүлбөйт. Андан башка учурларда кайра шайлоо өткөрүлүшү керек.

Жаныбек Абировду мандатын тапшырууга жеткирген чуулгандуу окуя 12-мартта Бишкектеги “Золотой Дракон” ресторанында болгон. Ал жерде күзөтчүлөр менен депутат баштаган адамдар мушташып, 26 жаштагы күзөтчү мээси чайкалып, мурду сынып ооруканага түшкөн.

Милиция 13-мартта мушташка катышы бар деген шек менен эки адамды кармап, убактылуу кармоочу жайга киргизди. Кылмыш-жаза кодексинин “Бейбаштык” беренеси менен иш козгогон.

Бишкектин ички иштер башкармалыгы Башкы прокуратурага материалдарды жөнөтүп, башкы көзөмөл органы 14-мартта Абировду жоопкерчиликке тартууга макулдук алуу үчүн Жогорку Кеңешке сунуштама киргизген. Парламентте бул боюнча тогуз депутаттан турган депутаттык комиссия түзүлгөнү 15-марттагы сессияда белгилүү болгон.

"Мандатка таянбаганы туура болду"

Жогорку Кеңештеги “Ынтымак” фракциясынын төрагасы Марлен Маматалиев Абировдун мындай чечимин кубаттап, муну менен парламенттин да абийирин сактап калды деген оюн айтты.

“Жогорку Кеңеш бул боюнча бир ай ичинде териштирүү жүргүзүп, чечим чыгарышы керек болчу. Өзүнүн адамын берип коюу биздин жамаатта кыйынга туруп жаткан. Ошол үчүн Абировдун бул чечими парламентке жеңилдик түзүп, өзү үчүн туура тандоо болду. Ал жигитчилик кылып, катачылыгын моюнуна алып, тергөөгө тоскоолдук кылбай, мандатка таянбаганы мыйзам жагынан да, абийир жагынан да туура болду. Мыйзамдын эң чокусунда биз өзүбүз турушубуз керек. Өзүбүз мыйзам жазып жаткандан кийин үлгү катары мындай кадамдарга баруу туура болду деп өзүнө да айттым”.

Маматалиев бул окуяда коомчулуктун таасири күч болгонун, мыйзам бузулган учурда мандат дагы коргой албай калары далилденгенин кошумчалады.

Эми Боршайком Абировдун арызын канааттандырып, мандатын алса, милиция ал катышкан мушташка байланыштуу кылмыш ишин парламенттин уруксаты жок эле кароону уланта алат.

"Мандатын өз ыктыяры менен тапшырганына күмөнүм бар"

Абировдун мандатын тапшыруу чечими социалдык тармакта талкууга алынып, аны кубаттагандар да, сындагандар да болууда. Саясат талдоочу Руслан Акматбек бул чечим депутаттын өз ыктыяры менен жасалганынан күмөн санай турганын билдирди.

"Талаш жараткан чечим деле биз үчүн жакшы сезилип жатат. Себеби саясий элитанын акыркы кездеги жүрүм-туруму мындайга да жол бербей калган да. Абиров ката кылган. Бул саясий система аны кечирбей, балким башка бирөө үчүн бошотуп жаткандыр. Жакында бул орунга ким келет, ошондо жооп табабыз. Бул депутаттын ишине карап мен өз ыктыяры менен арыз жазганынан күмөн санайм. Анткени арыз жаза турган киши окуя болгондон кийин эле дароо жазып бермек. Байкасаңар, бул боюнча ачылган, кылмыш иши ал кайра билдирүү жазса деле токтогон жок."

Ал эми дагы бир саясат талдоочу Алмаз Тажыбай Абировдун чечими коомдун көзөмөлү, басымы алдында болду деген пикирде.

“Азыр эркин медиа күчтөнүп, жакшы болуп калды. Бирок эми менмин деген аткаминерлерди журналисттер, коомчулук байкоо жүргүзүп турушу керек. Эл арасында барып, башканы айтып, эки жүздүүлүк көп болот. Ошол үчүн эркин медианы коргоп, коомдун активдүүлүгүн күчөтүшү керек”.

Абировдун ордуна ким келет?

Абиров 2021-жылы Жогорку Кеңешке бир мандаттуу №28 Ленин шайлоо округунан шайланып келген. Ал арыз жазганын жарыялагандан кийин ордуна ким депутат болот деген суроо коюлду. Социалдык тармактарда Абиров ат салышкан округда 2-орунду саясатчы Равшан Жээнбеков алганын жазып, мандат ага тийиши керек дегендер да болууда.

Абактагы Жээнбеков өзү да бул тууралуу кайрылуу жасап, кайра шайлоого талапкер катары ат салыша турганын билдирди.

"Мен өткөндө Ленин райондук шайлоо округу боюнча шайлоого баргам. Ал шайлоодо Абиров мени бийликтин күчү менен уткан. Мен ал убакта түрмөдө отуруп экинчи орунду алгам. Азыр да түрмөдө отуруп кайра шайлоого барам. Бул - саясий күрөш. Биз аны кайрадан улантышыбыз керек".

Саясатчы былтыр 23-октябрда Кемпир-Абад иши боюнча кармалып, камакка алынган. Азыр Бишкектеги №1 тергөө абагында отурат. Ал өзүнө коюлган айыптардын баарын саясий куугунтук деп атап келет.

Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Абдыжапар Бегматов №28 Ленин шайлоо окуругундагы шайлоо маселесине байланыштуу төмөнкүлөргө токтолду:

“Жаныбек Абировдун арызы Боршайкомдун алдыдагы жыйынында каралат. Бир мандаттуу шайлоо округунан шайланган депутаттын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулса, ал округда башынан шайлоо өтөт”, - деди Бекматов.

35 жаштагы Жаныбек Абиров парламетке келгенге чейин 2016-2021–жылдары Бишкек шаардык кеңешинин депутаты, төрагасы да болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG