Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:19

Кемпир-Абад: жапырт камалгандардын "жашыруун иши"


Сотто жакындары менен терезеден учурашып жаткан Асия Сасыкбаева менен Гүлнара Журабаева. Бишкек шаардык соту. 10-март, 2023-жыл.
Сотто жакындары менен терезеден учурашып жаткан Асия Сасыкбаева менен Гүлнара Журабаева. Бишкек шаардык соту. 10-март, 2023-жыл.

Бишкек шаардык соту Кемпир-Абад иши боюнча камалган жыйырмадан ашык адамдын бөгөт чарасын карап, алардын абактагы мөөнөтүн 20-апрелге чейин узарткан биринчи инстанциянын чечимин күчүндө калтырды.

"Акыйкаттыктан үмүтүм үзүлдү..."

Шаардык сот “массалык башаламандыкка” шектелип кармалган жыйырмадан ашык адамдын апелляциялык арызын 9-10-март күндөрү карады. Алардын кылмыш ишине “жашыруун” деген гриф коюлгандыктан сот отурумдары жабык өтүп, айрымдары жакындары менен жүз көрүшө алган жок.

“Терезден күтүп туруп, кирип баратканын эле көрө алдым. Аябай ызаланып жатам. Эч кандай күнөөсү жок отурушат. Эмне дешти деле билбей калдым...”, - деди абактагы Эрлан Бекчоронун аялы Шаршекүл Аманова.

Ар эки айда бир жолу бөгөт чарасы каралган соттордо туугандары таң эрте келип, абактагылар менен көрүшүп калууга аракет кылышат. Бул жолу дагы бири темир тор артында отурган апасына, бири атасына, бири баласына ысык чай, дары-дармек, кийим-кече берип койсок деп келишкен. Бирок андай мүмкүнчүлүк түзүлгөн жок.

Буга чейин бир катар эл аралык уюмдар жана активисттер бийликке бир нече жолу кайрылып, эч болбогондо Кемпир-Абад иши боюнча кармалган аялдарды үй камагына чыгарууну суранышкан. Айрымдарынын жашы өтүп калганын, абактагы шарт алардын ден соолугуна терс таасирин тийгизиши мүмкүн экенин белгилешкен.

Адвокат Рабига Сыдыкова Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Асия Сасыкбаеванын өнөкөт оорулары козголуп, муундары ооруп, кан басымы жогорулап жатканын, абактагы дарылануу натыйжа бербей жатканын айтууда.

"Асия Айтбаевна кармалып отурган шарт анын саламаттыгына терс таасирин тийгизүүдө. Өнөкөт оорулары козголуп, жөтөлү кетпей жатат. Абактын дарыгерлери аны ооруканага жаткырууга чукул зарылчылык жок экенин айтып жатышат. Ал дубалдарын көк басып кеткен камерада кармалууда", - деген Сыдыкова.

Камалгандардын ичинен Орозайым Нарматова, Перизат Суранова, Нурлан Асанбеков, Талантбек Эшалиев саламаттыгына байланыштуу үй камагына чыгышкан.

"Иш эмнеге "жашыруун" экени дагы жашыруун

“Иш башында сырдуу болчу кийин купуя кылышты, акырында табышмактуу болот”, – деген болчу 15-февралда Биринчи май райондук сот залына кирип бара жатып камалгандардын бири Марат Баязов.

“Кемпир-Абад ишине” жыл башында “жашыруун” деген гриф коюлганы кылмыштын чоо-жайы жөнүндө маалымат алуу таттаалдашты. Кылмыш жаза процессуалдык кодексинде тергөөдөгү кылмыш ишин жашыруунун кылууга жол берилет. Бирок жактоочулар кылмыш ишинде эч кандай мамлекеттик сыр жок экенин айтып келишет.

Буга чейин Кемпир-Абад ишине байланыштуу тергөө дагы эки айга узартылганы айтылган. Ошентип жалпы кылмыш ишин иликтөө алтынчы айга созулууда. “Массалык башаламандык уюштурууга” шектелип камалган отузга жакын кишинин көпчүлүгү эч кандай тергөө жүрбөй жатканын айтып келишет. Кылмыш иши менен толук таанышып чыкканын адвокат Канат Хасанов президентке кайрылды.

“Адвокаттарга табышмак болуп жатат. Эмне себептен иш жашыруун болуп калды? Мыйзамда кайсы иш жабык болоору так жазылган. Бул иште бир дагы мамлекеттик сыр жок. Садыр Нуркожоевич, сиздин айланаңыздагылар туура эмес маалымат жеткирип жатат. Бул иште эч кимдин кылмыш аракети жок. Жок дегенде кыздарды кое берип койсо болмок. Өзүңүз көзөмөлгө алыңыз”, - деди Хасанов.

Абактагы оппозиционер президентке кайрылды

Кемпир-Абад маселесине байланыштуу камакта отурган оппозиционер саясатчы Равшан Жээнбеков 10-мартта мамлекет башчы Садыр Жапаровго кайрылды. Ал кайрылуусунда, Фридом Хаус уюму Кыргызстанды “үчүнчү жолу авторитардык өлкөлөрдүн катарына киргизгенин, бул донор өлкөлөргө, эл аралык финансы уюмдарына жана инвесторлорго чоң сигнал экенин” белгиледи.

“Акыркы үч жылда орногон супер президенттик авторитардык саясий система, Freedom House уюму баса белгилегендей, саясий оппоненттерди, бийликти сындаган журналисттерди, жарандык активисттерди куугунтуктоодо гана чоң ийгиликтерге жетишти. Ал эми элибиз үчүн эң маанилүү жакырчылык, жумушсуздук, коррупция менен күрөшүүдө эч кандай ийгиликтерге жетише алган жок. Баарыбыздын мекенибиз - Кыргызстан эркин, демократиялуу өлкө катары гана дүйнөдө өз ордун таба алат. Авторитаризмдин келечеги жок”, - деди Жээнбеков.

Азырынча президенттик аппарат саясатчынын кайрылуусуна жооп бере элек. Freedom House эл аралык уюмунун “Дүйнөдөгү эркиндик-2023” аттуу жаңы баяндамасында Кыргызстан үчүнчү жыл катары менен "эркин эмес" өлкөлөрдүн катарына кошулду.

Баяндамада Москванын тактикасы Борбор Азияга жайылганы, Кыргызстанда жалпыга маалымдоо каражаттарына басым күчөп, белгилүү иликтөөчү журналист Болот Темировдун өлкөдөн күч менен чыгарылганы мисал келтирилген.

Эл аралык индексте 2009-жылдан бери "жарым-жартылай эркин" деген макамда турган Кыргызстан 2021-жылы "эркин эмес" мамлекеттердин катарына кошулган.

Ал ортодо Бишкекте “Кыргызстандагы адам укугунун азыркы абалы” деген темада тегерек стол өтүп, ага саясатчылар, коомдук ишмерлер, укук коргоочулар, журналисттер, жарандык активисттер жана Кемпир-Абад иши боюнча камалган жарандардын туугандары катышты. Ошондой эле иш-чарага министрлер кабинетинин өкүлдөрү да келди. Укук коргоочу Турсунбек Акун жарандык коом менен бийлик диалогго барышы керек деди.

“Кыргызстанда адам укугунун абалы акыркы үч айда начарлап кетти. Отузга чукул адамыбыз камалып жатат. Бүгүн чыгарабы деп үмүт кылдык эле. Адам укугу деп отуз жылдан бери бекер күрөшкөн эмеспиз. Бийлик менен коомчулук ортосунда диалог болсун деп аянтча түзүп жатабыз. Араздашуу жакшылыкка алып барбайт”, -деди Турсунбек Акун.

Президент Садыр Жапаров былтыр 17-декабрда "Кабар" маалымат агенттигине курган маегинде, Кемпир-Абад маселеси абакта жаткандар үчүн "төңкөрүш кылып бийликти алмаштыруу аракетине тек гана шылтоо болгон" деп айткан. Ушундай эле мазмундагы сөзүн былтыр декабрдын соңунда мамлекеттик сыйлык тапшыруу аземинде дагы кайталаган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) шектүүлөрдүн айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирген. “Массалык башаламандыкка” шектелип кармалгандардын арасынан 4-5 кишиге кошумча кылмыш иштери илинди.

Кылмыш ишинде аты аталган депутаттар

Жогорку Кеңеште депутат Исхак Масалиев Кемпир-Абад иши тууралуу соттун чечиминде өзүнө жана "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаровго калайман баш аламандык уюштурууга байланыштуу айып коюлганын айтты. Ал буга байланыштуу башкы прокурордун орун басары Үмүткан Коңкубаева менен Жогорку Соттун төрагасынын орун басары Нургүл Бакирова кайрылды.

"Жогорку Кеңештин эки депутат жашыруун жолугушууларды өткөрүп, массалык башаламандыкка даярдаган деп жазууга силерге ким укук берген? Бизди бир дагы жолу суракка чакырган жок. Силер айтып жаткан убакта мен президент, атайын кызматтын башчысы, башкы прокурор менен жолуккам. Суракка чакыргыла, бардык жолугушууларды айтып берейин. Ал жердеги "такталбаган адамдар менен жолуккан" деген эмне деген сөз?". Мен силерден расмий түшүндүрмө берилишин сурайм",-деди Масалиев.

Коңкубаева кылмыш ишине "жашыруун" деген макам берилгенин айтып, толук маалымат берилбесин айтты. Бакирова түшүндүрмө кийинчерек болорун билдирди.

Ушул эле күнү Адилет Балтабай деген ат менен таанымал блогер жана жарандык активист Адилет Али Мыктыбекке акыйкат сот чечими чыгышын талап кылгандар Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) алдында, андан соң Жогорку Соттун алдында чогулушту. Акцияга активисттин апасы жана санаалаштары катышып, ал күнөөсүз экенин айтышты жана бошотууну талап кылышты.

Быйыл 13-январда бир ай мурда сот залынан бошотулган Адилет Балтабай Кемпир-Абад иши боюнча камакта жаткандарды бошотуу талабы коюлган митингге катышкандан кийин кармалып, кайра камакка алынган. Ал былтыр жарым жылдай камакта отурган. 11-ноябрда Биринчи Май райондук соту аны "Жапырт башаламандык" беренесинин негизинде күнөөлүү деп таап, бирок пробациялык көзөмөл деген өкүм менен сот залынан бошотулган.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG