Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:06

Кемпир-Абад иши: Экспертизанын бүдөмүк бүтүмү


"Кемпир-Абад иши" боюнча камакта отургандардын жакындарынын акциясы. Декабрь, 2022-жыл.
"Кемпир-Абад иши" боюнча камакта отургандардын жакындарынын акциясы. Декабрь, 2022-жыл.

Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандардын сүйлөшүүлөрү жаздырылган аудио жазууларга жасалган лингвистикалык экспертизанын корутундусу чыкты. Айыпталып жаткандар жана адвокаттар аны менен тааныштырылып жатат.

Абактагылардын жакындары эксперттер "аудио жазууларда бийликти күч менен басып алууга чакырык жок" деген тыянак чыгарганын, бирок тергөөчүлөр аны кайра экспертизага жибергени тууралуу маалымат бар экенин айтышууда.

Ички иштер министрлиги аталган ишке "жашыруун" деген гриф коюлган деген негизде маалымат берген жок.

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова "Кемпир-Абад ишине" байланыштуу жүргүзүлгөң лингвистикалык экспертизанын корутундусу чыгып, адвокаттарга берилип жатканын 5-февралда айтып чыкты. Ал Бишкектеги Casa Italia кафесинде өткөн Кемпир-Абадды коргоо комитетинин мүчөлөрүнүн жолугушуусунан жазылган үндөрдү аныктоо үчүн дайындалган лингвистикалык экспертиза олуттуу мыйзам бузуулар менен коштолгон деп эсептейт.

Азиза Абдирасулова.
Азиза Абдирасулова.

"Экспертизанын жыйынтыгында кармалгандардын айрымдарынын сөзүндө “кылмыштын курамы бар”, айрымдарынын кебинде “кылмыштын курамы жок” деп берилиптир. Кимдердики кандай чыкканын азыр айта алышпайт, себеби ишке “жашыруун” деген гриф берип коюшкан. Анын үстүнө адвокаттардын баары тыянакты колуна ала элек. Алгандары макул болбой, кайрадан башка экспертиза өткөрүүнү талап кылып жатышат. Ал боюнча өзүнчө соттук иш жүрүшү мүмкүн. Башка маселе, адвокаттарды тергөө абагына чакырып, корутунду менен ошол жерде тааныштырып жатышат. Бул мыйзамсыз болуп саналат. Себеби, тергөөчү эч качан абак жайына кирбеш керек. Тергөө абагына адвокаттарды телефону жок киргизет, алар ишти тартып алышпасын деп, атайын ошол жакка киргизип жатат”, – деди Азиза Абдирасулова.

Кемпир-Абад ишинде кандай "жашыруун" сыр бар?
please wait

No media source currently available

0:00 0:17:36 0:00

Абакта отургандардын бири, активист Перизат Суранованын адвокаты Жаныш Бараков лингвистикалык экспертизанын жыйынтыгы чыкканын ырастады. Бирок ал азырынча аны менен тааныша элек. Тергөөчү чакырганы менен Суранованын ден соолугуна байланыштуу бара албай жатканын “Азаттыкка” билдирди.

“Лингвистикалык экспертизаны жүргүзүү боюнча токтом чыгарып, бизди тааныштырып, кийин тергөө бул ишке “жашыруун” деген гриф койду. Бул экспертизанын көчүрмөсүн алууга мүмкүндүк бербейт, биз аны сүрөткө да тарта албайбыз. Тергөө абагына киргенде адвокаттардын ноутбугун, телефонун да алып коюп атышат. Колго жазып алууга мажбурбуз. Мисалы, мен тергөөчүлөргө кечээ айттым. Мени корутунду менен тааныштыра бергиле десем, “жок, шектүүнү да, сизди да жыйынтык менен абактан тааныштырабыз” деп жатат. Жеке оюма таянуу менен айтсам, экспертизалардын жыйынтыгы алар ойлогондой чыккан эмес, ошондуктан маалыматты чыгарбай, жашыруун кылып жатат. Мында Баш мыйзам да, Кылмыш-жаза кодекси да, шектүүнүн укугу да бузулууда. “Жашыруун” деген грифке айрым нормалар кирет, бирок экспертизалардын жыйынтыгы, экспертизанын токтому, сурак жана бетме-бет жолуктуруу кирбейт. Ошого карабай тергөө мыйзамдарды бузуу менен ишин улантууда. Экспертизага жиберүү боюнча токтомдо кандай суроолор коюлганын, эмне жазылганын биз билебиз, бирок эмнеге жыйынтыгын биле албайбыз?".

Адвокаттын айтымында, Суранованын абалы начарлап кеткен, дарыгерлер ага тез арада операция жасалышы керек деген бүтүм чыгарганына карабай, ал абакта кармалууда.

Абактагы активист Рита Карасартованын кызы Касиет Мамырбай 5-февралда "Азаттыкка" берген комментарийинде экспертизанын жыйынтыгы тууралуу мындай маалыматтарды айтты:

Касиет Мамырбай
Касиет Мамырбай

"Адвокаттар Кылмыш-жаза кодексинин нормалары бузулду деген негизде экспертизанын жыйынтыгы менен таанышууга барган жок. Иштин “жашыруун” деген грифи бар, ошондуктан толук айта албайм. Жалпы үч экспертиза жасалган, анын бири политологиялык, экөө лингвистикалык экспертизалар. Азыр апам Жазаларды аткаруу кызматынын ооруканасында богок, жүрөк ооруларынан улам дарыланып атат. Бизге апама жолугууга уруксат жок. Болгону эки жумада бир жолу кат алышып-беришип атабыз. Тергөө иштери абдан жай жүрүүдө”, - деген Касиет Мамырбай эксперттер аудио жазууларда бийликти күч менен басып алууга чакырык жок деген тыянак чыгарганы, бирок тергөөчүлөр аны кайра экспертизага жибергени тууралуу маалымат бар экенин кошумчалады.

"Азаттык" экспертизанын корутундусу тууралуу ишти тергеп жаткан Ички иштер министрлигине кайрылды. Мекеменин басма сөз кызматынын жетекчиси Тилек Оторов “жашыруун” деген грифтен улам комментарий бере албасын билдирди.

2022-жылдын октябрында Өзгөндө кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатышына нааразылыгын билдиргендердин жыйыны өткөн. Андан кийин курамына бир топ белгилүү саясатчы, активист, укук коргоочу жана жарандык активист кирген “Кемпир-Абадды коргоо комитети” түзүлгөн. Көп өтпөй алардын отузга жакыны жапырт камакка алынган. Бир нечеси үй камагына чыгарылган. Учурда 23 киши Бишкектеги №1 тергөө абагында (СИЗО-1) камакта отурат, анын бешөө аялдар.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) шектүүлөрдүн айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирген. Аларга карата Кылмыш-жаза кодексинин
36-беренеси (Кылмышка даярдык көрүү), 278-берене (Массалык баш аламандык уюштуруу) менен кылмыш иши козголгон.

Камалгандар мунун баарын саясий куугунтук деп атап келишет. Абакта отургандардын ондон ашыгы күнөөсүз экенин айтышып, дээрлик эки аптадай ачкачылык кармашты.

Алар менен кошо жапырт кармалган мурдагы депутат Канатбек Исаевдин ишин өзүнчө бөлүп кетишкен. Ал 2017-жылы козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалганы расмий маалымдалып, 11-январда үй камагына чыккан.

Кылмыш ишин козгоого алардын Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча 22-октябрда Бишкектеги кафелердин биринде өткөргөн жыйыны негиз болгону айтылган.

Ушул жыйында айтылган сөздөрдүн аудио жазууларына комплекстүү лингвистикалык жана политологиялык соттук экспертиза 10-ноябрда дайындалган. Бирок аны жүргүзгөн лингвисттерди, эксперттик топтун мүчөлөрүн таба алган жокпуз.

Абактагы активист Перизат Суранованын адвокаты Жаныш Бараков ИИМдин тиешелүү токтомунда экспертиза кайсы органга, кайсы эксперттерге берилери так жазылбаганын маалымдады.

5-февралда бул иш боюнча айыпталып камакта отургандардын дагы бири, саясатчы Равшан Жээнбековдун тарапташтары анын Улуттук коопсуздук комитетине кайрылуусунун көчүрмөсүн таратышты. Жээнбеков катында мыйзам бузду деген жүйө менен тергөөчүлөрдү жоопко тартууну өтүнгөн.

“3-февраль күнү ИИМдин улук тергөөчүсү Улан Жапеков тергөө тобунун дагы башка тергөөчүлөрү менен “жашыруун” деген грифти бузуп, министрликтин имаратынан ишке тиешелүү документтерди эч кандай коштоосуз, атайын чемоданга салбай алып чыккан. Алар жашыруун деген материалдарды №1 тергөө абагына алып келген. Алар бул ишке байланыштуу камакта отургандарды жана алардын адвокаттарын экспертизалардын жыйынтыгы менен тааныштырууну көздөгөн. Тергөө корутундулардын көчүрмөлөрүн бербей койгондуктан, айыпталуучулар документ менен таанышуудан баш тартты. “Жашыруун” деген гриф негизсиз берилгендиктен, биздин адвокаттар сотко кайрылган. Бирок тергөө тобу жашыруун делген документтерди соттук отурумдарга алып келип, жараяндарды жабык өткөрүүнү өтүнүшүүдө. Мындан улам, тергөө тобу жашыруун режимин бузуп жатат. Андыктан кылмыш жоопкерчилигине тартылышы керек”,- деп жазылган катта.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG