Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:30

"Азаттыкты" колдогон эл аралык уюмдар президент Жапаровго кайрылды


Бишкекте өткөн сөз эркиндигин коргогон акциянын катышуучулары, 29-июнь, 2020-жыл.
Бишкекте өткөн сөз эркиндигин коргогон акциянын катышуучулары, 29-июнь, 2020-жыл.

Адам укугу, сөз эркиндигин коргоо багытындагы эл аралык жети уюм президент Садыр Жапаровго кайрылып,"Азаттыктын" ишине тоскоолдук жаралганына тынчсыздануу билдирди. Алар өлкөдөгү сөз эркиндигинин абалына байланыштуу президент менен жолугууну өтүнүштү.

Соңку кезде социалдык тармактарда көз карандысыз маалымат каражаттарын, анын ичинде "Азаттыкты" каралаган билдирүүлөр көп жарыяланып жатат. Bulak.kg сайты 31-январда фактчек жасап, "Азаттык" жабылсын" деп пикир жазгандардын көбү фейк-акаунттар экенин аныктап чыкты.

“Журналисттерди коргоо комитети”, “Артикл 19”, Human Rights Watch, Эл аралык басма сөз институту, Justice For Journalists Foundation, “Чек арасыз кабарчылар” жана норвегиялык Хельсинки комитети 31-январда Кыргызстандагы журналисттердин абалына байланыштуу президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдоп, аны менен жолугушууну сунушташты.

“Журналисттерди коргоо комитетинин” сайтына жарыяланган билдирүүдө Кыргызстанда "журналисттерге каршы репрессия" жана эркин "басма сөзгө кысым күчөгөнү, демократиялык нормалар бузулуп жатканы" белгиленген.

Кайрылууда “Азаттык” Кыргызстандагы эң популярдуу жана кадыр-барктуу маалымат каражаты экени белгиленип, көз карандысыз репортаждары үчүн “негизсиз жана ашкере кадамдар” менен куугунтукка кабылып жатканы жазылган.

Иликтөөчү журналист Болот Темировдун өлкөдөн чыгарылышына "коррупция тууралуу репортаждар үчүн өч алуу" деп баа берилген. Анын Кыргызстандан бир күндө күчтөп чыгарылганы жергиликтүү жана эл аралык жалпыга маалымдоо каражаттарын таң калтырганын айтышкан.

“Сиз президенттик кызматка киришкенде Кыргызстан сөз эркиндиги бекем корголгон өлкө болот деп убада бергенсиз. Мурдагы саясий туткун катары сөз эркиндигин кысымга алуу канчалык зыян экенин жакшы түшүнөрүңүздү айткансыз. Жогоруда айтылган маселелерди, Кыргызстанда сиз убада кылган артыкчылыктуу багыттарды эл аралык милдеттенмелерге ылайык ишке ашырууну талкуулоо үчүн сиз жана сиздин администрациянын тиешелүү өкүлдөрү менен жолугууга өтө дилгирбиз” - деп айтылат кайрылууда.

Алар Next TV телекомпаниясы жана Kaktus.media басылмасы да журналисттик ишмердигинен улам куугунтукка кабылганын айтып, жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндөгү мыйзамдын жаңы варианты да сөз эркиндигине коркунуч жаратарын белгилешкен.

Президенттин администрациясы эл аралык уюмдардын сунушуна жооп бере элек.

Саясат талдоочу Руслан Акматбек бийлик эл аралык уюмдардын кайрылууларына кайдыгер карабашы керек деген ойдо.

“Бийлик “эл аралык уюмдар айта берет, эч нерсе болбойт” деп ойлобошу керек. Бул уюмдар тийиштүү жыйынтыкты чыгарат. Биз же адилеттүү, же авторитардык, сөз эркиндигин чектеген жакта болуп, изоляцияда калышыбыз мүмкүн. Изоляцияга кептелген мамлекетте эркиндик, экономика жана башка тармактарда аягы жакшы болбой, кыйынчылыкка туш болот”.

“Азаттыктын” сайтынын, банктагы эсебинин бөгөттөлүшүнө, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин медиа мекемени жабуу боюнча арызына байланыштуу кыргыз бийлигинин дарегине буга чейин да кайрылуулар болгон.

Human Rights Watch уюму, "Журналисттерди коргоо комитети" жана Евробиримдиктин адам укуктары боюнча өкүлү Эймон Гилмор, кыргыз бийлигин "чектен чыккан цензурадан баш тартып, сөз эркиндигин коргоого" чакырышкан. АКШнын, Британиянын, Германиянын, Франциянын элчиликтери жана Европа Биримдигинин өкүлчүлүгү жана башкалар ушундай өтүнүч менен кайрылган.

1-февралда Бишкектин Горький гүлбагында “Азаттык” жана бир катар медианын, “Сорос” фондунун жабылышын талап кылган топтун акциясы өттү. Бул топтун ичинде жүргөн Илимбек Исраилов буга чейин "Азаттыктын" кенсесинин алдына келип, милициянын көз алдында журналисттерди ачык коркутуп, опузалаган. Бул боюнча "Азаттык" милицияга арыз менен кайрылган, бирок иштин жыйынтыгы белгисиз.

"Сорос Кыргызстан" фонду Кыргызстанда 1993-жылдан бери иш алып барат. Анын ишмердүүлүгү тууралуу маалымат интернетте ачык булактарда жайгаштырылып, эл аралык аудиттик компания жыл сайын текшерип турат.

31-январда Bulak.kg сайты "Азаттыктын" жана "Кактус Медианын" жабылышын талап кылып социалдык түйүндөргө пикир жазгандардын көбү фейк аккаунттар экенин аныктап чыкты.

“Кылдат анализ үчүн биз YouScan ресурсун колдонуп, 1-26-январь аралыгында ушундай өңүттө жарыяланган комментарийлерди жана постторду чогулттук. Аталган ЖМКларды жабуу чакырыктары Facebook социалдык түйүнүндө көп болгон – 91%, YouTube видеохостингинде – 9%, Instagram жана башка аянтчаларда 1% чейин. Жабууну талап кылгандардын көбү фейк аккаунттар. Алардын риторикасы УТРК кызматкерлеринин жазган комментарийлерине түспөлдөш”, - деп жазды Bulak.kg.

Макалада белгиленгендей, фейк аккаунттар жазган постторун ондогон тайпаларга бөлүшүп турушкан.

Былтыр 26-октябрда “Азаттык Медиа” мекемесинин веб-сайты бөгөттөлгөн. Буга министрлик кыргыз-тажик чек арасындагы окуялар тууралуу видео материал негиз болгонун билдирген.

“Азаттык” бул материалдарда журналисттик стандарттар сакталганын жана мыйзамга каршы аракет жок экендигин билдирген жана министрликтин сайтты бөгөттөгөн чечимин мыйзамсыз деп табуу арызы менен Бишкектин административдик сотуна кайрылган. Бул арыз боюнча сот отуруму 26-январда башталып, кийинки соттук отурум 17-февралга белгиленген.

Ал арада Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттык Медианын” ЖМК катары ишмердигин токтотуу өтүнүчү менен Бишкектин Ленин райондук сотуна кайрылганы 23-январда белгилүү болгон. Бул арыз 9-февралда каралат.

Кыргыз бийлиги соңку окуяларга карабастан өлкөдө сөз эркиндигине кысым жок экендигин байма-бай кайталап келе жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG