Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:56

Депутаттар курултай мыйзамына эмнеге терикти?


Былтыр ноябрдагы курултай президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен өткөн.
Былтыр ноябрдагы курултай президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен өткөн.

Жогорку Кеңеш 15-мартта курултай тууралуу мыйзам долбоорун биринчи окууда карап, талаш-тартыштардан улам документ күн тартибинен алынды. Анда курултайдын, делегаттардын ыйгарым укуктары узарганы, парламенттин, өкмөттүн, жергиликтүү бийликтин ишине чейин аралашып-кийлигишүүсүнө жол ачкан беренелер бары айтылды.

Документтин авторлору долбоордун концепциясын кабыл алуу зарылдыгын айтып, айрым беренелерди өзгөртүүгө макул болду.

Бул мыйзам долбоору былтыр жазында дагы талаш-талкуудан улам кабыл алынбай калган.

"Бюджетке киришпесин, парламенттин укугун талашпасын"

Парламентте курултай мыйзамына байланыштуу чыгып сүйлөгөн депутаттардын баары сын-доомат айтты. Айрымдары документти толугу менен четке кагып, жаңысы жазылышы керектигин, алты айдан кийин кайра парламентке киргизилиши зарылдыгын билдиришти.

Кээ бир эл өкүлдөрү концепциясын кабыл алып, экинчи окууга сунуштарды кошууну билдирди. Алардын бири Жанарбек Акаев элдин атынан сүйлөө шайланып келген депутаттарда бар экенин эскертти.

"Биз комитетте бул мыйзам долбоору кандай болушу керектигин так далилдеп айтып бергенбиз. Курултай бир сөз менен айтканда делегаттар региондордон келип, көйгөйлүү маселелерди айтып, филармонияда сүрөткө түшүп, кечинде жылкынын этин жеп, шатырата кол чаап тарап кетиши керек. Бюджетке киришебиз деген болбойт. Курултайдын бюджетин караган эмеспиз да. Кайсы акчага өтүп жатат, булагы кайдан? Делегаттар Бишкектеги бардык кымбат баалуу мейманканаларда жатышты. Туура эми, ушундай болсун, алар дагы биздин элибиз. Бирок ошол бюджетти парламент карап, бекитип бериши керек эле да. Президенттин иш башкармалыгы акчаны кайдан алды, ошону так көрсөтүшү керек эле. Бюджетти караганда курултайга ушунча акча кетет деп алып келиши керек эле. Ал быйылкы бюджетте да жок. Бүт дүйнөдө шайланган гана адамдар элдин атынан сүйлөйт. Эгер делегаттар элдин үнүн алып чыгабыз дешсе анда шайлоого катышып, жетиштүү добуш менен жеңип келип, ушул жерде микрофондо сүйлөй беришсин".


Жогорку Кеңештин тармактык комитети былтыр май айында элдик курултай тууралуу мыйзам долбоорун биринчи окууда чукул карап, аны четке каккан. Анда негизинен бул институттун макамы, ыйгарым укуктары, делегаттар жана президенттин администрациясынан көз карандуулукка байланыштуу беренелерден улам кызуу талаш-талкуу чыгып, сын-доомат айтылган.

Парламенттин 15-марттагы жыйынында ошол маалда айтылган сунуштар эске алынбаганын, документ ошол бойдон өзгөрүүсүз калганына сын айтылды. Депутат Шайлообек Атазов долбоорду күчтөп өткөрүүгө каршы экенин билдирди.

"Силер дагы депутаттарды сыйлашыңар керек эле да. Эми айыл өкмөттүн бюджетине киришебиз деп кантип жазып келдиңер? "Чылпагын ал десе көзүн чукугандар" чыгат. Делегаттарды сыйлайбыз, курултайда ушул жерде айтылбаган нерселер айтылып жатат. Биз ишенген курултай башчылары күчкө салып, зордоп мыйзам долбоорун өткөрбөгүлө. Комитет документти кайтарып берген да, тогуз ай эмне кылып отурдуңар? Жакшынакай кылып алып келсеңер колдоп беребиз, колдогонго даярбыз. Бул эмне тоготпостукпу?".

"Айрым беренелерди өзгөртүүгө даярбыз"

Бул жыйында дагы аймактарда жергиликтүү курултайларды уюштурууга каршы пикирлер айтылды. Документтеги парламент депутаттары отчет берет деген жери дагы сынга кабылды.

Президент Садыр Жапаровдун кеңешчиси, курултай мыйзамын дардаган жумушчу топтун башчысы Чолпонбек Абыкеев айрым беренелерди өзгөртүүгө макул болду.

"Айрым кемчиликтер бар экенин биз тажрыйбада көрдүк. Сиздерге сунуштап жаткан мыйзамда ошол жерлерин кайрадан оңдоп, кайрадан карап чыгууга биз дагы макулбуз. Жогорку Кеңештин депутаттары отчет берет деген жерин алып салганга макулбуз. Мыйзамдагы бардык беренени, баарын өзгөртөбүз деген туура эмес болуп калат. Бирок бул долбоор бир топ жагынан иштелет. Биз комитеттин төрайымы менен макулдаштык, ар бир фракциядан бирден депутат кошулсун, ошол депутаттардын сунушун эске алуу менен экинчи окууга алып чыгалы деп атабыз".


Бир топ талкуудан кийин бул мыйзам долбоору күн тартибинен алынды. Эми тармакты комитетте жумушчу топ түзүлүп, берилген сунуштарды эске алуу менен алымча-кошумчаланып, кайра парламент кароосуна коюлат.

Элдик курултай институту 2021-жылы 5-майда күчүнө кирген Конституцияга киргизилген. Ага ылайык, былтыр сентябрга чейин атайын мыйзам кабыл алынып, курултай жыл аягына чейин жыйынга чогулушу керек болчу. Бирок мыйзам кабыл алынбай калгандыктан, президент өз жарлыгы менен Элдик курултай топтогон.

Элдик курултайдын Аксакалдар кеңешинин төрагасы Кадыр Кошалиев курултай мыйзамы Конституцияда көрсөтүлгөн жоболордун негизинде даярдалганын айтууда.

"Конституциянын беш беренесинде элдик курултай тууралуу айтылат. Анда элдик курултай коомдук өкүлчүлүктүү жыйын экени, конституциялык мыйзамды кабыл алуу зарылдыгы жазылып турат. Андан сырткары, мыйзамды демилгелөө укугу бар. Менин таң калганым, депутаттар арасында мыйзам чыгаруу укугу менен мыйзамды демилгелөө укугун түшүнбөгөндөр бар экен. Андан сырткары, курултай Сотторду тандоо кеңешине өкүлчүлүк жөнөтө алат. Жогорку мамлекеттик кызмат адамдарынын ээлеген кызмат ордуна татыктуу же татыктуу эместиги жөнүндө дагы сунуш киргизе алат".

Былтыр 25-26-ноябрь күндөрү өткөн элдик курултайга, бардык аймактардан, четтеги мигранттар арасынан тандалган миңден ашуун делегат катышкан.

Чаткалдан шайланып келген делегат Жылдызбек Абибакир уулунун баамында, жергиликтүү бийликке элдик көзөмөл керек. Мындан улам ал айыл өкмөт башчылары курултайда отчет берүү демилгесин колдойт.

"Курултай айыл өкмөттөрдүн бюджетине киришүүгө, ооздуктоого керек экен. Оппозиция-позиция болбосо алар өз билгениндей кылып, ич ара сүйлөшүп алган учурлар болуп калат. Негизинен сунуш жакшы. Айыл өкмөттөрдүн бюджети тууралуу маалымат, отчет алуу деген жакшы эле. Болбосо айыл жергесинде мамыр-жумур болуп жүрө берет да. Аларды көзөмөлдөгөн, караган деле адам болбойт экен".

"Бүтүн Кыргызстан", курултайдын мыйзамдуулугу тууралуу доомат

Конституциялык сот өткөн айдан баштап Жогорку Кеңештеги "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын элдик курултай тууралуу президенттин жарлыктарынын мыйзамдуулугун карап жатат.

"Аталган фракция президенттин талаштуу жарлыктары менен элдик курултайды мыйзамсыз чакыруу, аны уюштуруу тартибин жана ишмердүүлүгүн бекитүү, резолюциясынын кабыл алынышы терс кесепетке алып келиши мүмкүн деп белгилейт. Бул өз кезегинде мамлекеттик маанидеги маселелер боюнча чечимдерди кабыл алууга жана талкуулоого бардык жарандардын катышуусун камсыз кылуу үчүн түзүлгөн өкүлчүлүктүү органдын маанилүүлүгүн жоготууга алып келет. Ушуга байланыштуу, кайрылуу субъектиси талаштуу президентинин тиешелүү жарлыктарын конституциялык эмес деп таанууну суранууда", - деп жазылган Конституциялык сот тараткан маалыматта.


"Бүтүн Кыргызстан" элдик курултайга байланыштуу Конституциялык сотко былтыр жыл аягында кайрылган. Фракциянын катчылыгы "президенттин 2022-жылдын 15-августундагы "Элдик курултайды чакыруу жөнүндө" жана 28-сентябрдагы “Президенттин Элдик курултайды өткөрүү маселелери боюнча айрым чечимдерине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" деген эки жарлыгын конституциялык эмес деп табуу тууралуу сунуштама берилгенин кабарлаган. Анда аталган жарлыктар Конституциянын жетинчи жана төртүнчү беренелерине карама-каршы келери көрсөтүлгөн.

Президент Садыр Жапаров жана анын администрациясы буга байланыштуу комментарий берген эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG