Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:48

Оппозициянын азыркы абалы: күтүү жана сыноо


"Кыргызстан бириккен демократиялык кыймылынын" алгачкы жыйыны. 2022-жылдын 31-марты.
"Кыргызстан бириккен демократиялык кыймылынын" алгачкы жыйыны. 2022-жылдын 31-марты.

Акыркы 30-35 жылдык тарыхта Кыргызстанда күчтүү оппозиция куралып, анын лидерлери элдик толкундоолордун арты менен бийликке келген учурлар болгон. Бирок акыркы мезгилде оппозиция алсырап, салмагын жоготкону айтылууда.

Оппозициянын азыркы абалы кандай жана ал заманбап доордун шартында жаңыланууга тийишпи?

Мындан туура бир жыл мурда – 2022-жылдын 31-мартында Бишкекте "Кыргызстан бириккен демократиялык кыймылы" түзүлгөн. Өзүн оппозиция деп атаган уюмдун мүчөлөрү алгачкы жыйынын Горький аянтында өткөрүп, программасын жарыялаган.

Учурда кыймылдын айрым мүчөлөрү Кемпир-Абад ишине байланыштуу абакта жатат.

Жогорку Кеңештин депутаты, “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын мүчөсү Исхак Масалиевдин пикиринде ушу тапта оппозицияны ыдыратуу аракеттери ийгиликтүү ишке ашып жатат. Ал парламенттеги партиялардын айрым мүчөлөрүнүн позициясынан улам Кыргызстанда формалдуу түрдө оппозиция бар деп айтса болорун белгиледи.

“Бүтүн Кыргызстандын” көпчүлүк депутаттары сынчыл көз караш менен иш алып баруудабыз. Бизден башка “Ыйман нуру” партиясынын депутаттары бар, бирок, алар пикирин өтө этияттык менен, жумшак айтышат. Ушул эки партияны оппозициялык маанайда деп айтсак болот. Калган депутаттар “биздин командирибиз бир, калганыбыз ага баш ийебиз, аныкы туура, башкалардыкы туура эмес” деген позицияга өтүп алышты. Жыйындарда элге жагымдуу сөздөр айтылат, министр, губернаторлорду сындашат, бирок, чечим кабыл алууга келгенде пикирлерине туруп, аны далилдеп бере алышпайт. Ошондуктан бизде формалдуу түрдө оппозиция бар деп айтсак болот. Де-факто азыр оппозицияны ыдыраткан иштер ийгиликтүү жүзөгө ашууда".

Исхак Масалиев Кемпир-Абад маселесине байланыштуу камалгандар абакта отурганда, чындап жоопкерчиликке тартыла турган адамдардын эркиндикте жүргөнүн кош стандарттуу мамиле деп сыпаттады.

"Президент эл-журтту ынтымакка чакырып, "мурдагы мамлекет башчыларды кечирдим" деп жатат. Кемпир-Абад боюнча камалгандарды кое бер десек, “жок, мыйзамга ылайык жооп берсин” дейт. Мен президентке атайын кат менен кайрылгам. Мен өзүм ошол камоого себеп болгон жыйынга катышкам, тергөөдөн “мени чакыргыла” деп суранып жатам. Ал жерде төңкөрүш кылуу жөнүндө сөз болгон эмес. "Кемпир-Абад берилбесин" деген гана сөз болгон".

Чыныгы оппозиция жокпу?

Бийликтин табиятында ага атаандаш пикир, идея, программаларын айтып, өнүгүүнүн альтернативдүү жолун сунуштап турган топтордун болушу мыйзам ченемдүү көрүнүш. Болгону бир системада анын ишмердүүлүгүнө ачык, мыйзамдуу жол берилет, айрым саясий системада ал тап катары жоюлат, кодуланат, камакка алынат, атургай топ-тобу менен атылып, куугунтукталып, түрмөдө чыгарылбай жок кылынат.

Кыргызстанды башкарган мурдагы беш президенттин тушунда ар биринин теңтайлашкан оппозициясы, жок эле дегенде ал башкаруучулардын кетирип жаткан кемчиликтерин айтып турган партиялар, саясатчылар, активисттер, укук коргоочулар жана инсандар болгон. Ал башкаруучулардын сынды, сунушту кандай кабыл алганы башка кеп.

Президенттин кеңешчиси, юридика илимдеринин доктору Бекбосун Бөрүбашев Кыргызстанда талапка жооп бергидей оппозиция жок деп эсептейт. Ал айрым саясатчылар өзүнүн жеке, тар кызыкчылыктары үчүн бийликке каршы чыга калып, кызмат бергенден кийин бийлик менен камыр-жумур болуп кеткен мисалдарды белгиледи:

"Мамлекетте сөзсүз оппозиция болуш керек. Бизде эмне, бийликке жетпей калганы дагы, бийликтен кеткени дагы, жеке таарынычы болсо, көз карашы туура келбей калса оппозиция боло калат. Мамлекет башчысына жеке таарынычы болсо дагы оппозиция болуп чыга келет. Мына ушулардын баарына туура баа бериш керек, туура талдап алганыбыз оң. Оппозициянын саясий көз карашы, программасы, планы болушу керек. Коомдун өнүгүшүнө, мамлекеттин бекемделишине чоң жардам берет, ошондуктан оппозициялык көз караш болушу зарыл. Программасы жок эле “баланча жаман, түкүнчө жаман” дей берсе, оппозиция дей албайбыз. Тилекке каршы “устуканга таарынгандар” оппозиция болуп чыга келгенин көрүп жатабыз. Кызмат берсе, макул болуп иштеп жатышат. Конституциялык реформа маалында азыркы саясий түзүлүшкө каршы пикир айткандар Министрлер кабинетине мүчө болуп, элчилик кызматка кетип жатышат. Мен көз карашын ачык айткандарды сыйлайм, бирок, анысы куру сөз эмес, план, программа, документ менен бекемделиши керек".

Юрист мындан он жылдай мурда оппозициямын деген айрым топтор бийликке жеткенден кийин кескин байып кеткенин эске салды. Алар депутаттык мандаттарды базардагыдай эле соодалап, сатканын сынга алып, андай оппозициянын пайдасы канча деген суроо койду.

Бекбосун Бөрүбашев Кемпир-Абаддын жеринин Өзбекстанга кетишине каршы чыгып, камалгандардын иши боюнча тергөөнүн деталдары азырынча белгисиз экенине токтолду. Ал укук коргоо органдары, соттор бул иште акыйкат, мыйзамдуу жана ынанымдуу чечим кабыл алууга милдеттүү экенин белгиледи.

"Тергөө жүрүп жатат, ошондой сөз болгонбу же жокпу – укук коргоо органдары өз жыйынтыгын чыгарып, ал сотко өтүүгө тийиш. Эгер укук коргоо органдары Кемпир-Абад маселеси жана башка маселелер боюнча адамдарды туура эмес камаса, анда алар жооп берсин. Акыркы 30 жылда кандай гана бийлик келбесин укук коргоо органдары, соттор токмок, муштум болуп келет жана бул үчүн жооп беришпейт. Президент алмашат, Жогорку Кеңеш алмашат, калгандары ошол бойдон калып, кийинки бийликке кызмат кылууга өтөт. Укук коргоо органдары, соттор кылган иши үчүн жооп беришсе абдан жакшы болот эле".

Саясат таануучу Сейтек Качкынбай азыркы тапта Кыргызстанда оппозиция жана оппозициялык кыймылдар күтүү абалында, бийликке убакыт берип, ишинин жыйынтыктарына баам салып турат деген пикирде.

Ошол эле маалда бийликтин кабыл алган чечимдерин колдобогон электораттын катары калыңдап жатканын, нааразылык топтоло берсе, бир күнү ачык каршылар стадиясына өсүп жетиши ыктымал экенин белгиледи.

"Айрымдар оппозициялык маанайда болушса дагы “шайлоонун жыйынтыгы деген шайлоонун жыйынтыгы, азыр кыйкыра бергенден пайда жок” деп күтүү режиминде турушат. Ошол үчүн оппозиция бар деген ойдомун. Болгону алар тыным алып, азыр тоскоол болбой туралы деп жатышы мүмкүн. Бирок азыр ишкерлерге оорчулук келип жатат. Милдеттүү камсыздандыруу, оң рулдуу автоунааларга окшогон чечимдер бийликти колдогондордун да, нейтралдуу ортодо тургандардын да пикирлерин өзгөртөт деген ойдомун".

Качкынбаев система өзгөрбөсө, демократиялык нукка бурулбаса, кесепети оппозицияга же мамлекетке эмес, ириде бийликтин өзүнө кооптуу экенин кошумчалады.

"Супер президенттик системада мамлекет башчысы анын башында турганы менен ошол системанын барымтасында калышы ыктымал. Бардык маселелер президент аркылуу гана чечилип жатат, президент телефон чалмайынча же “эй” деп айтмайынча маселелер чечилбей жатат. Анын айкын мисалы мына жаңы конушта бирөөнүн үйүн түрттүрүп салышкан экен, президенттин боору ооруп, ал жакка өзү баргандан кийин гана маселе чечилди. Бирок бул аялга окшоп системанын курмандыгы болуп отурган жүз миңдеген жарандар бар, алардын маселесин система өзү эле чече бериш керек да. Эми элестетсеңиз, алардын баарына президент барып, бирден болушуп чыгабы?".

"Легендарлуу парламент" - туңгуч оппозиция

Кыргызстандын тарыхында оппозиция дайыма эле алсыз болгон эмес. Алардын чечимдери мамлекетте маанилүү ролду ойногон учурлар катталган.

Алгачкы мамлекет башчысы Аскар Акаев (1990-2005) биринчи оппозициясы - бул “легендарлуу парламент” деген атка конгон ошол убактагы Жогорку Кеңеш.

Кумтөр чуусунан улам Аскар Акаевден шек санаган депутаттар атайын комиссия түзгөн. Анын курамына Турдакун Усубалиев, Рамазан Дырылдаев, Кубанычбек Идинов, Шергазы Мамбетов сыяктуу күчтүү депутаттар кирген.

Президенттик экинчи мөөнөт үчүн шайлоо маалында Акаевге мурдагы мамлекет башчысы Абсамат Масалиев менен мурдагы төрага Медеткан Шеримкулов атаандаш катары талапкер болуп чыгышкан.

Ал убакта өткөн шайлоолор менен референдумдардын канчалык ыплас өткөнүн эске алганда бул оппозициялык маанайдагы эки адам кандай тоскоолдуктарга учураганы айтпаса да белгилүү.

Үзөңгү-Кууш маселеси, андан улам Аксы окуясы, кийин барып-келип 2005-жылдын башында өткөн парламенттик шайлоо Аскар Акаевдин айыгышкан оппозиционерлерин пайда кылды. Азимбек Бекназаровдун камалышы саясий кырдаалды ырбатты. Өмүрбек Текебаев, Алмазбек Атамбаев, Роза Отунбаева, Феликс Кулов, Дооронбек Садырбаев, Адахан Мадумаров, Үсөн Сыдыков, Мамат Айбалаев сыяктуу анын шаштысын кетирген инсандарды пайда кылган.

Курманбек Бакиевдин оппозицияга кысымы

2005-жылдын 24-мартындагы элдик толкундоолордон кийин бийликке келген Курманбек Бакиев (2005-2010) оппозициялык Бириккен элдик кыймылдын өкүлү катары алгач өкмөт башчысынын милдетин аткаруучу, шайлоодон кийин президент болуп шайланган.

Бирок, Бакиев өзү менен үзөңгүлөш болуп келаткандардын реформа, өнүгүү, конституциялык өзгөрүүлөр боюнча сунуштарына кулак салбай, анын аркасында 2006-2007-жылдарда бир катар пикет, митингдер өткөн.

Түзгөн тандеми кулагандан кийин аны кечээ эле шайлоодо колдоп чыккан Феликс Кулов “Бириккен элдик фронт” деп аталган оппозициялык кыймыл түзүп, анын катарына бир катар көрүнүктүү оппозиционерлер кошулган.

Ал арада Бакиев өзүнүн бийлигин чыңдаган Конституцияны ишке киргизип, оппозицияга кысым башталган. Мисалы, 2007-жылы өткөн парламенттик шайлоодо оппозициялык маанайдагы “Ата Мекен” партиясы көп добуш алганына карабай анын бир да өкүлү парламентке келген эмес. Мындай саясаттын жыйынтыгы 2010-жылдын 7-апрелинде кан төгүлүп, бийлик алмашуусуна алып келген.

Оппозицияга шарт түзүлгөн мезгил

Убактылуу өкмөттүн өкүлү катары бийликке келген Роза Отунбаеванын (2010-2011) тушунда Курманбек Бакиевдин Баш мыйзамына өзгөртүү кирген.

Ага ылайык оппозициядагы партияларга мамлекет башкарууга кеңири шарттар түзүлүп, мүмкүнчүлүктөр берилген. Атап айтканда Жогорку Кеңештеги бир катар комитеттерди “Ата-Журт” оппозициялык партиясынын депутаттары башкарып калган. Мындан тышкары аткаруу, сот бийлиги, текшерүү органдарындагы кызмат орундары дагы ошол эле принцип менен бөлүнүп, мисалы, Юстиция министрлигине ошол эле “Ата-Журт” көргөзгөн талапкер министр болуп шайланып, иштеген.

2010-жылдын октябрында өткөн парламенттик шайлоодо биринчи орунду алганы үчүн “Ата-Журт” партиясынын лидерлеринин бири Акматбек Келдибеков Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланган.

Атамбаевдин доору: камалган саясатчылар

Алмазбек Атамбаевдин (2011-2017) тушунда бир катар саясатчылар камакка алынды. Ал камоолор коррупцияга каршы күрөш, конституциялык түзүмгө шек келтирди деген негиздер менен жүрдү.

Камакка алынгандардын катарында азыркы мамлекет башчысы Садыр Жапаров, Нариман Түлеев, Камчыбек Ташиев, Акматбек Келдибеков, Талант Мамытов, Өмүрбек Текебаев, Карганбек Самаков, Дастан Сарыгулов жана башка бир катар саясатчылар болгон.

Парламентке бийликчил Социал-демократтар партиясынан тышкары беш партия өткөн, алардын катарында оппозициялык маанайдагы “Республика-Ата-Журт” фракциясы да иштеди.

Жээнбековдун үч жылы: саясий картанын өзгөрүшү

2017-жылы 15-октябрындагы президенттик шайлоодо саясий өнөктүккө катышкандардын 54,22% добушун алган Сооронбай Жээнбеков (2017-2020) мамлекет башчысы болуп шайланган.

Бул шайлоого Жээнбековдон тышкары Өмүрбек Бабанов, Адахан Мадумаров, Темир Сариев, Таалатбек Масадыков, Азимбек Бекназаров, Улукбек Кочкоров сыяктуу саясатчылар атаандаш катары катышкан.

Сооронбай Жээнбековдун тушунда Садыр Жапаров камакта калган. Аны бошотууну суранып, Камчыбек Ташиев бир нече жолу ачык да, кат жүзүндө да Сооронбай Жээнбековго кайрылган. 2020-жылы 4-октябрына коюлган парламенттик шайлоо өлкөнүн саясий картасындагы абалды кескин өзгөрттү.

Бийликчил делген “Биримдик”, “Мекеним Кыргызстан”, “Кыргызстан” партияларынан тышкары оппозициялык багыттагы Социал-демократтар, “Мекенчил”, “Бүтүн Кыргызстан”, “Чоң казат”, “Реформа үчүн” партиялары да шайлоого катышкан. Анын жыйынтыгы жокко чыгарылгандан кийинки окуялар эмне менен бүткөнү жалпыга белгилүү.

Оппозициянын күүгүмү

Садыр Жапаров (2020) Октябрь окуяларынан кийин мамлекеттин Баш мыйзамы өзгөрүп, өлкө президенттик башкаруу системасын тандады.

Парламенттик шайлоого катышкандардан “Бүтүн Кыргызстан”, “Ыйман нуру” жана “Альянс” сыяктуу оппозициялык маанайдагы партиялар азыркы тапта Жогорку Кеңеште отурат.

Коррупцияга каршы күрөш жана Конституциялык түзүлүшкө каршы аракеттери үчүн деген жүйө менен бир катар саясатчылар камакка алынды, айрымдары эркиндикке чыкты.

Алардын катарында Алмазбек Атамбаев, Өмүрбек Бабанов, Темир Сариев, Туйгуналы Абдыраимов, Канатбек Исаев, Азимбек Бекназаров, Равшан Жээнбеков, Кеңешбек Дүйшөбаев, Асия Сасыкбаева, Клара Сооронкулова, Жеңиш Молдакматов, Орозайым Нарматова жана башкалар бар.

Эске сала кетсек, мындан туура бир жыл мурда 2022-жылдын 31-мартында Бишкекте оппозициялык "Кыргызстан бириккен демократиялык кыймылы" түзүлгөн.

Уюм демократиялык институттарды жана баалуулуктарды калыбына келтирүү, адилеттүү укуктук система түзүү, кризиске каршы экономикалык программаны иштеп чыгуу сыяктуу максаттарды мелжеп, бийликке альтернативдүү сунуштарды бермекчи болгон.

Ага Равшан Жээнбеков, Клара Сооронкулова, Бектур Асанов, Кеңешбек Дүйшөбаев, Рита Карасартова жана башкалар мүчө болгон. Кыймылдын координатору болуп Мамбетжунус Абылов шайланган. Учурда аты аталгандар, бир катар укук коргоочулар жана активисттер Кемпир-Абад ишине байланыштуу абакта отурат.

  • 16x9 Image

    Кубат Оторбаев

    "Азаттыктын" "Арай көз чарай" талкуусунун алып баруучусу жана саясат, экономика, эл аралык алакалар багытында баяндамачы. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG