Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:23

"Бакиевге парламент депутаттары катуу кызмат кылган"​


Bishkek - Kyrgyzstan - former prime-minister of Kyrgyzstan Temir Sariev - 30 sep 2022
Bishkek - Kyrgyzstan - former prime-minister of Kyrgyzstan Temir Sariev - 30 sep 2022

"Бийлик сырлары" берүүбүздүн бул жолку коногу - Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Темир Сариев.

Ал маегинде алгачкы бизнеси, кантип депутат болгону, банктагы Бакиевдердин акчасы, өкмөт башчыдан кантип түшкөнү, “Кумтөр” боюнча камалганы тууралуу суроолорго жооп берет.

- Темир мырза, 2006-жылы “Реформа үчүн” деген кыймыл түзүлүп, сиз теңтөрага болгонсуз. Кыймыл чоң оппозициялык күч катары Бакиевдин бийлигинин шаштысын алды эле, катуу талаптарды койгонсуздар. Бирок, Бакиев оппозициянын бир нече лидерлерине кызмат берип, акыры өз Конституциясын кабыл алууга жетишкен. Ошондо оппозиция жеңилген десек болобу?

- Кандайдыр бир жагынан биз утулдук, кайсы бир жагынан биз уттук. Аягында Бакиев өзүнүн бийлигин бекемдеп алгандыгы чындык. Ага бир нече себептер бар. Бакиев 2005-жылы элдин толкундоосу менен бийликке келип, тактыга отурган. Ал эл алдында “демократиялык принциптерди орнотом, конституциялык реформаларды жасайм, бийликтер ортосунда тең салмактуулук болот, экономиканы өстүрөм, үй-бүлөлүк башкарууну жок кылам” деп көп милдеттерди алган болчу. Тилекке каршы, бийликке келгенден көп өтпөй баягы убадаларды унутуп, бийлигин бекемдей баштады. Биз ага “биринчи конституциялык реформа жасаңыз, анан негизинде кайрадан шайланыңыз” деп айттык. “Жок, мен биринчи шайланайын, андан кийин конституциялык реформа кылам” деди. “Андай болбойт, бийликти бекемдеп алгандан кийин ажыдаар болуп каласыз, реформага бара албай каласыз” деп биз айттык. “Андай болбойт, реформа жасайм” деген Бакиев. Ошентип ал бийлигин бекемдеп алды, Кулов менен “тандем” түздү.

- Баса, Бакиев менен Куловдун “тандеминин” өмүрү эмне үчүн кыска болуп калды?

- Ал тандем кыска болмок. “Хандын көз жашын көргөн адам көп жашабайт” деген кеп бар эмеспи. Бул жерде да Куловду бийликке алып келгендер андан тезирээк кутулууга аракет кылышты. Бийликтин табияты, философиясы ушундай.

- Оппозициялык күчтөрдүн талабы менен ноябрь айында жаңы Конституция кабыл алынды эле, бир ай өтпөй башка жаңы Баш мыйзам кабыл алынды. Ал кандай болду?

- Биз ноябрда Конституция кабыл алынып, “бийликтер ортосунда тең салмактуулук болду, буюрса, өкмөт, сот, мыйзам чыгаруу бийликтеринин ортосунда президент кепил болуп турат” деп бир аз жоошуп калганда Бакиев кайра күчөп, парламентти катуу пайдаланып, 2006-жылы 30-декабрда өзүнүн жаңы Конституциясын өткөрүп кетти.

- Бакиевдин позицияларынын тез өзгөрүп, Баш мыйзамды өзгөртүүгө барышына кандай жагдай, кимдердин таасири болгон деп ойлойсуз?

- Биринчиден, уулу Максим көп таасир кылды, Украинадан саясат таануучуларды алып келип, концепцияларды жаздырган. Экинчиден, анын аппаратында иштеген адамдар да аны ошол жолго түрткөн. Үчүнчүдөн, парламентте да бир топ депутаттарды колго алып койгон эле, алар да Бакиевге чын жүрөгүнөн кызмат кылып беришкен.​

- Темир мырза, сиз оппозициялык күчтөрдүн лидери болуп жүргөндө Бакиев өзүнө чакырып, сизге чоң кызматтарды сунуш кылган деп угуп калганбыз. Ушундай болгонбу?

- Ооба, Бакиев чакырган, мен баргам. Экөөбүз эки жарым саат сүйлөштүк. “Темир, мен сени жакшы көрөм, көптөн бери таанышпыз, сенин айтып жаткан сындарыңды кабыл алам, кел, ошолордун баарын жасайлы, менин жаныма кел, кызмат берейин” деген. Чындыгында эле ал Чүйдө губернатор кезинде мен бизнесте жүргөндө мамилебиз абдан ысык болчу, тез-тез эле жолугуп сүйлөшүп турчубуз. “Менин сенден суранарым, үч адамга ишенбей, кошулбай эле койчу” деди.​

- Ал үчөө ким?

- Кулов, Текебаев, Бекназаровду айтты. "Аларга ишенбе, сен менин жаныма кел, мамлекетти өстүрөлү, өнүктүрөлү, мына, администрациянын башчысы бол” деди. “Жок, мен аппаратчик эмесмин да” дедим. “Анда биринчи вице-премьер министр болуп кел” деди. “Жок, ага да барбайм” дедим, “анда өкмөт башчы бол” деди. “Курманбек Салиевич, “жалгыз чабалекей жаз алып келбейт” деген кеп бар. Мен сизге өзүм эле келип эч нерсе жасай албайм, келсем командам менен келем” дегем. Чындыгында мен жалгыз эч нерсе жасай албайт элем.​

- 2010-жылы Убактылуу өкмөт бийликке келгенде сиз менен Бекназаров экөөңүздөрдүн телефондон сүйлөшкөн аудио жазуу көп күмөн саноолорду жараткан. Ошол 7-апрелдеги окуядан соң мамлекеттин казынасы талоонго учураган деп айтууга негиз барбы?

- Биз бийликке келгенден кийин Ошто, Жалал-Абадда, Баткенде жана Бишкекте реваншисттер чыгышып, бийликти кайра колго алууну көздөшкөн. Раматылык Үсөн Сыдыков, Бишкек шаарынын мурдагы мэри Нариман Түлеев ж.б. уюштуруп, башында болушту. Ошондо бизди Роза Отунбаева чакырып, абалдын оор экендигин айтып, Максим, Жаныш Бакиевдер контрреволюция уюштурууну көздөп жатышканы маалымдалды. Ал кезде армияны тартууга болбойт эле, милиция алсыз болчу.

Ошондо Текебаев “революцияны элдик кошуундар менен коргоп калсак болот, аларды уюштурууга каражат керек” деп калды. Ары тартып, бери тартып талкуулап отуруп, акыры Бакиевдерге тиешелүү Улуттук банктагы акчаларды пайдалануу чечимине келгенбиз. Азимбек Бекназаров экөөбүздүн телефон аркылуу сүйлөшкөнүбүз чын, айрым жерлерин оңдоп-түздөп койгону эле болбосо...

Кыскасы, документтештирип, Каржы министрлигинин казынасына 1 миллион 900 миң доллар алганбыз. Ал акча Убактылуу өкмөттүн декрети менен бөлүштүрүлүп турган. Мен казынадан бир тыйын алган эмесмин, бир тыйын бирөөгө берген эмесмин.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG