Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июнь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:02

"Чет өлкөгө чыккандарды чекисттер тымызын коштоп жүргөн"


"Чет өлкөгө чыккандарды чекисттер тымызын коштоп жүргөн"
please wait

No media source currently available

0:00 0:45:22 0:00

"Чет өлкөгө чыккандарды чекисттер тымызын коштоп жүргөн"

“Бийлик сырлары” берүүбүздүн коногу - Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын мурдагы орун басары, генерал, мурдагы элчи Мирослав Ниязов болду. Ал маегинде “конторага” кантип келгени, кыргыз диссиденттери, Ош окуясы, Акаев, Бакиевдин башкаруу тажрыйбалары, Атамбаевдин тушунда кантип элчи болгону тууралуу айтып берди.

- Мирослав ага, азыр совет заманындагы тарыхтын кара тактары ачыкка чыгып жатат. СССРдин курамына кирген республикаларда «саясий диссиденттер» деген маселе талкууланып, анын каармандары жөнүндө маалыматтар жарыяланып жүрөт. Совет заманында Кыргызстандын жарандарынын арасында “диссиденттер” болгонбу?

- СССР убагындагы мыйзамдын 58-беренеси “советтик түзүлүшкө каршы аракеттери үчүн” иштечү. Бул беренеге туш келген анча-мынча фактылар болгон. Азыркы кинолорду карасаң чекисттер баарын эле кыйнап, жазалап жатпайбы. Иш жүзүндө андай болгон эмес. Чекисттер алар менен “алдын ала (профилактика) иштерди жүргүзүшчү”, маалыматты тактагандан кийин, алар менен жолугуп, “андай кылба, экинчи кайталанбасын” деп түшүндүрүү иштерин алып барышчу. Ошону менен эле иш бүтчү. Кыргызстанда 58-берене менен бир дагы киши жоопкерчиликке тартылган эмес.

- “Азаттык” радиосунун түптөөчүлөрү Азамат Алтай, Төлөмүш Жакып уулу сиздердин “контора” үчүн “диссиденттер” беле?

- Алар согуш учурунда туткунга түшүп кеткен кишилер эле. Албетте, биздин комитетте алар боюнча иш алып барган атайын бөлүмдөр бар болчу. КГБнын кадрлары тиешелүү иликтөө, талдоо иштерин жүргүзүшчү.

- Совет учурунда чет өлкөгө чыккан кыргызстандыктардын туристтик топторун дайыма Коопсуздук комитетинин өкүлү жашыруун коштоп жүрчү деп калышат. Ушул чынбы?

- Ал мезгилдерде өндүрүштүк, же туристтик максаттар менен чет өлкөлөргө барып, ал жактан “саясий башпаанек” сурап, же качып калып кеткен совет жарандары болгон. Ошол көрүнүштү алдын алыш, токтотуш үчүн чет өлкөгө чыккан топторду биздин чекисттер жашыруун коштоп барышчу. Ал кезде батыш менен чыгыш дүйнөсү тирешип турган “темир тор” мезгил болчу. Советтик идеологиянын максаттарына ылайык сиз айтып отургандай иштер болгону чын.

- Кыргызстандын соңку 30 жылдык тарыхында “Ош окуясы” деген ат менен эки кандуу окуя болуп өттү. Куралдуу жаңжалдашууга анчалык курч себеп жок эле, аларды сырткы күчтөр уруштуруп коюшту деген пикирлер бар. Сиздин оюңуз кандай?

- Мен 2010-жылдагы жаңжал боюнча оюмду ачык айткам, жазгам. Кандуу окуя болушуна эч кандай себеп жок болчу. Сырттан түрткү болгон маселе – суу көйгөйү болду.

-2010-жылдагы окуянын алдында орусиялык генералдар Ошко байма-бай каттап калышканын кандай түшүнсөк болот?

- Эми андай нерсе болсо болгондур. Бирок, мен аларды окуяга түрткү болду деп айта албайм. Мен билген нерсемди айтып жатам.

- Дагы бир датаны эсиңизге салайын. Сиз 2005-жылы 24-марттагы окуяны иликтөө боюнча комиссияны башкарган экенсиз. Ал окуяны комиссия кандай деп баалаган, революциябы же төңкөрүшпү?

- 2005-жылдын 24-мартындагы окуя – төңкөрүш. Бизде революция бир дагы жолу болгон жок. Бизде демократия деп жүрөбүз. Биз ага жете элекgиз, Кыргызстанда охлократия же бир топтун бийлиги өкүм сүрүүдө. Бизде бир топ биригип келип, экинчи топту бийликтен тээп, кууп чыгууда. Бирок, бийликти кулатуунун себептери болду. Бийлик башында отурган адамдардын саясий тажрыйбасы, жоопкерчилигинин жоктугунан элдик толкундоолор болду. Бийликке келгендердин тажрыйбасы таптакыр жок болду, мамлекетти башкаруунун системасын түзө алышкан жок.

- Мисалы, Аскар Акаев Кыргызстанды 15 жыл башкарды, ушул жылдары деле тажрыйба топтой алган жок дейсизби?

- Адамдын бийликке келгенге чейин тажрыйбасы жок болсо, андан кийин деле топтой албайт. Ошонун кесепетинен Кыргызстандын совет заманында кашыктап топтогон байлыгын Акаев чакалап чачты го.

- Аскар Акаев 2005-жылы бийликтен кулап калышына Американын кийлигишүүсү болгон деп келатат. Сиз кандай деп ойлойсуз?

- Американын таасири болгонбу, болбогонбу билбейм. Бирок, ал кездеги Кыргызстандагы коомдук-саясий кырдаалдын өзү Акаевдин бийликтен кетиши бышып калганын айтып турат. Элдин бийликке нааразылыгы чегине жетип калган. Аны деле токтотуп калса болмок.

- Акаев элге чыгып, “кийинки мөөнөткө президенттикке барбайм” деп койсо, эл тынчымак деп калышат, толкун токтойт беле?

- Тынчымак, кыргыз эли кечиримдүү эл. Бирок, жалпы эл аны кулатып койгонду туура көрдү.

- Акаевдин бийликте тажрыйбасы жок болду деп жатасыз. Экинчи президенттин тажрыйбасы болдубу?

- Анын да тажрыйбасы болгон жок...

- Бакиев завод директорунан өндүрүштө бышып, бардык тепкичтерди өтүп, өкмөт башчыга чейин жетпедиби?

- Майда-чүйдө заводдордо иштесе иштегендир, кандай иштегенин билбейм, бирок, мамлекеттик башкарууда анын да тажрыйбасы жок болду. Бийликтин баа-баркын сезип, анын жоопкерчилигин татыктуу көтөрүп кетүү ар бир адамдын эле колунан келе бербейт. Эртели-кеч элдин алдында жооп бериш керектигин сездиби? Мамлекеттик бакшаруунун системасын билбей жатышпайбы.

- Система демекчи, сизди 2008-жылы Коопсуздук кеңешинин катчылыгынан Бакиевдин башкаруу системасы менен келише албай кетти десек болобу?

- Мен ал кызматта бир жыл гана иштедим. Анын системасы менен түк келише албаганым себеп болгону чын. Алардын колунан пайдалуу иш келбесин түшүндүм, анан кете бердим.

- Сиз 2014-жылы экинчи жолу Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси болуптурсуз, Атамбаевдин бул дайындоосун Ниязовду оппозициядан оолактатуу десек болобу?

- 2014-жылы кыргыз-тажик ортосунда катуу жаңжал болгон. Ошондо мага Сапар Исаков келип, “президенттин тапшырмасы менен келдим, кырдаал оор, элчи болуп иштеп бериңиз, тажрыйбаңыз мол, президент Рахмонду жакшы тааныйсыз” деп айтып калды. Президент Атамбаев менен жолукканда да ушул сөз айтылды. Анан мен макул болдум. Абал тынчыды, эл арасында өйдө-төмөн анча-мынча сөздөр болгону менен, эң башкысы ок атылбай токтоду. Ошентип болгон күчүмдү, тажрыйбамды жумшап, 2019-жылга чейин Тажикстанда элчи болуп иштедим.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG