Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2022 жума, Бишкек убактысы 12:38

Июнь окуясы боюнча иш сотко өттү


Жалал-Абад. 14-июнь, 2010-жыл.

Июнь окуясы боюнча кылмыш иши тергелип, сотко өттү. Анын алкагында камактагы мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баш болгон Убактылуу өкмөттүн төрт мүчөсү шектүү катары өтүүдө.

2010-жылдагы июнь окуясы боюнча кылмыш иши тергелип бүтүп, сотко өткөнү 10-августта белгилүү болду. Анын негизинде 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү - мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, ал кездеги коргоо министри Исмаил Исаков, УКМКнын төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев жана Жалал-Абад облусунун мурдагы губернатору Бектур Асановго “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” боюнча айып коюлду.

Башкы көзөмөл органынын маалымат катчысы Сирожиддин Камолидиновдун "Азаттыкка" билдиришинче, ишти Бишкектин Биринчи май райондук соту карайт.

"Тергөө жүргүзүлүп бүттү. Учурда Бишкектин Биринчи май райондук сотунун өндүрүшүндө турат. Мамлекеттик айыптоочу ким болору азырынча аныктала элек. Алгач сот өз отурумун дайындашы керек. Сот отуруму дайындалган соң мамлекеттик айыптоочу же айыптоочулар тобу белгилүү болот".

Кийинчерээк алгачкы жараян 15-августта өтөрү маалым болду. Анда алдын ала угуу жабык болуп, соттук жараяндын тартиби аныкталат.

Кылмышка шектүүлөрдүн бири, генерал Исмаил Исаков соттук жараяндын адилет өтөрүнө азыртадан эле ишенбесин айтууда. Ал 12 жыл мурдагы окуяны кайрадан көтөрүү менен учурдагы бийликтин дарегине сын айткандарга басым жасалып жатат деп эсептейт.

"Эми бул болбогон эле иш. Мамлекеттин укуктук мамлекет экенине шек келтирген, мыйзамды сыйлабаган иш. Анткени Кылмыш-жаза кодексинин 38-беренесинде кылмыштын мөөнөттөрү жазылган. Анда оор делген кылмыштардын эскирүү мөөнөтү 10 жыл деп көрсөтүлгөн. Ал эми окуяларга 13 жыл кетип атат. Муну эптеп эле бирөөнү каралап, элдин көңүлүн башкага бурууга аракет кылып жатышат. Иштеги далилдер деле жасалма. Бирок биздин соттук системада адилеттикке ишенүү да кыйын".

Бектур Асанов, Исмаил Исаков, Кеңешбек Дүйшөбаев
Бектур Асанов, Исмаил Исаков, Кеңешбек Дүйшөбаев

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) былтыр жазында Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө козголгон кылмыш иши кайра тергеле баштаганын билдирген. Анда кылмыш иши Жалал-Абаддагы өзбек улуттук маданий борборунун мурдагы башчысы, кооганын чыгышына күнөөлүүлөрдүн бири деп аталган маркум Кадыржан Батыровдун өлкөдөн чыгып кетишине байланыштуу экенин кабарлаган. Анын алдында президент Садыр Жапаров атайын кызматка Июнь окуясындагы материалдарды кайра иликтөөнү тапшырган.

Кылмыш иши былтыр козголгону менен тергөө иштери быйыл активдүү жүрдү. Анын алкагында 20дай саясатчы суралды. Алардын арасында Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү болгон. Ошондой эле президент Садыр Жапаров жана атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиев дагы суралганы расмий жарыяланган.

Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгы тарабынан президент Садыр Жапаровдун 2010-жылдагы июнь окуясы боюнча күбө катарында суралган учуру. Расмий таратылган сүрөт.
Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгы тарабынан президент Садыр Жапаровдун 2010-жылдагы июнь окуясы боюнча күбө катарында суралган учуру. Расмий таратылган сүрөт.

Ташиев бул иште Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн жоопкерчилиги бар экенин ачык эле айтып келген. Быйыл апрелде прокуратурага суракка берген соң ал ушул пикирин журналисттерге кайталаган:

“Буга чейин мамлекеттик жана депутаттык комиссиялардын отчетторунда коогага негизги күнөөлүүлөр Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү экени айтылган. Алар түштүктө өз таасирин жана бийлигин сактап калууга аракет кылып, жергиликтүү жикчилдерди (сепаратисттерди) колдоп, алардын мүмкүнчүлүктөрүнөн пайдалангысы келип, мындан улам улуттар аралык кагылышуу чыккан. Натыйжада, 500гө жакын адам өлүп, миңдеген адам жараат алган. Мамлекетке чоң зыян келтирилген, мындан тышкары ошол учурдагы бийликтин аракетсиздиги жана Кадыржан Батыровдун ким менен сүйлөшүп, кантип четке чыгып кеткени иликтениши керек”.

Ошентип, өлкөнүн соңку тарыхындагы кандуу окуялардын бири боюнча кылмыш иши кайрадан тергелип сотко жетти. Эксперттер бул соттук жараянга маани берип, саясатташкан иш болорун белгилешүүдө. Себеби иштин алкагында өлкөнүн мурдагы президенти баштаган ири саясатчылар фигурант катары өтүп жатат. Алардын баары учурдагы бийликке оппозициячыл маанайда болуп, сын-пикирин ачык айтып келет.

Дал ушул жагдайларды эске салган Июнь окуясын иликтөө боюнча улуттук комиссиясынын мүчөсү, саясат таануучу Орозбек Молдалиев соңку соттук жараяндын акыркы саясий кырдаалга таасири болорун танбайт.

"Июнь окуясы боюнча буга чейин үч комиссия иштеди. Биринчиси улуттук комиссия болсо, экинчисинде парламенттик комиссия иш алып барды. Ал учурда азыркы бийликте тургандар депутат болуп, өз пикирлерин айткан эле. Жыйынтыгы улуттук комиссияныкындай эле болгон, айырма жок болчу. Буга кошумча эл аралык комиссия тыкыр изилдеген. Алардын жыйынтыгында Убактылуу өкмөттүн жоопкерчилиги боюнча салмактуу деле эч нерсе тапкан эмес. Эми кайрадан иликтейбиз деп жатат. Изилдешсин, сот болсун. Бирок кандай болсо да бул иште саясий боёк болору азыртадан эле белгилүү болуп калды".

2010-жылы 10-июнда башталган кандуу окуяны үч комиссия иликтеген. Эл аралык комиссия 2011-жылдын май айында корутундусун жарыялап, июнь окуяларын “аскердик кылмыш же геноцид эмес” деп тапкан.

Эл аралык комиссия ошондой эле коогалаң апрель окуясынан кийинки саясий кырдаалдан улам чыгып кеткенин, бирок өзбек коомчулугунда жикчил маанай тастыкталбаганын билдирген. Мындай баага өкмөт менен Жогорку Кеңеш макул болгон эмес.

2011-жылы Абдыганы Эркебаев башчылык кылган Улуттук комиссия да коогалаң боюнча иликтөө жүргүзүп, "куралдуу кан төгүүгө Кадыржан Батыров башында турган сепаратисттик күчтөр, качкын президент Курманбек Бакиевдин жактоочулары жана кырдаалды туруксуздаштырууга кызыкдар сырткы күчтөр себепкер болду" деген корутунду чыгарган.

Андан кийин 2011-жылы Токон Мамытов жетектеген парламенттик комиссия иштеп, өз корутундусун жарыялаган.

Расмий маалыматка ылайык, 12 жыл мурдагы кандуу калабада 446 адам каза болуп, 2 миңге чукул жаран ар кандай деңгээлде жараат алган. Ошол окуя учурунда 57 адам дайынсыз жоголгон, алардын 15дөн ашыгы ушул күнгө чейин табыла элек.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG