Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:32

Мыйзамдуулук – демократиянын өзөгү


Иллюстрация сүрөт.
Иллюстрация сүрөт.

Жазуучу, публицист Аким Кожоевдин блогу.

  • Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбай турганын эскертебиз.

Авторитаризмди эңсеген, өз өлкөсүндө бийликтин ырайымсыз диктатурасын орноткусу келген эл башчылардын дээрлик баары сөз эркиндигинен, эркин ой жүгүрткөн кишилерден, т.а. демократиядан катуу жазганат. Демократия – алардын башкы душманы, анткени алар мурдагы чексиз бийлигинен, эбегейсиз күч-кубатынан, таасиринен айрылууну каалабайт.

Коррупция менен өкүмзордук киндиктеш

Чыныгы демократиянын принциптери (сөз эркиндиги, ачык-айкындык, шайлоонун калыстыгы) жүзөгө ашкан өлкөдө бүт баары мыйзам жолуна түшөт, баары мыйзам менен аныкталат, мыйзамды туу тутуп жашап калат. Ал эми мыйзам бар жерде коррупциянын тамыры кыркылат, а коррупция – авторитардык бийликтин негизди таянычы.

Өкүмзор бийлик коррупциясыз бир күн дагы жашай албайт. Мунун айтып жатканымдын себеби авторитаризмде чындык, акыйкат болбойт, акыйкат жок жерде жемкорлук болуп көрбөгөндөй күч алат. Мындан да тагыраак айтсак, диктатордун айланасындагы бир ууч жемкорлордун күнү тууйт, алар өз өлкөсүн каалагандай талап-тонойт, каалагандай тайраңдап, каалагандай жыргап-куунайт. Ошол эле учурда карапайым элдин жашоосу тозокко айланат. Алардын үнү Кудайга жетиши мүмкүн, бирок бийликке жетпейт, анткени ал өзүн Кудайдан да өйдө, Кудайдан да күчтүү сезип калат.

Ошондуктан авторитардык заалимдин бүт жан-жөкөрлөрү, эсепсиз кошоматчы-жанбактылары, кул-кутандары, бүт, бүт баары демократияны эңсегендерди иттей талайт, аларды дароо өлкө душманына айлантып, жаамы журтка жаманаты кылат. Кандай жалаа жаап болсо да андайлардан кутулуунун амалын ойлой башташат. Күнү-түнү демократияны (сөз эркиндигин, эркин ой жүгүрткөндөрдү, калыстык издегендерди) каралап, аны жек көрүндүгө, коркунучтуу мокочого айландырат.

А негизги демократия дегендин өзү эмне? Адамзат атам замандан бери эңсеп келе жаткан адилет жашоого, мыйзамдуулукка жетүүнүн азырынча бирден-бир туура жолу – демократия. Али мындан башка жолу табыла элек. Балким, көпчүлүгүбүз демократия эмне экендигин жакшы түшүнбөгөндүктөн андан чочуркайбыз, демократиядан коркуп, аны кабыл алгыбыз келбейт.

Мэрдин колунан келбеген “иш”

Тоталитаризмдин кесепетинен өз мекенинен безип кеткен диссидент жазуучу Сергей Довлатов (айтмакчы, ал бир канча жыл "Радио Свободанын" баяндамачысы болуп иштеген) демократияга төмөндөгүдөй таасын мүнөздөмө берет:

"...Ошентсе да көпчүлүк үчүн үлгү болгон же демократиянын классикалык үлгүсү катары саналган өлкөдө он жылдан ашык убакыттан бери жашап, бул өлкөнүн кадимки жараны катары демократиянын таасирин аң-сезимдүү түрдө (же көбүнесе бейаң дагы) сезип-туюп келем.

Мен ушул тууралуу, күнүмдүк демократия жөнүндө кеп кылгым келип жатат. Биздин кан айлануу же дем алуу аппаратыбыз сыяктуу бизге байкалбаган, бирок биз күн сайын туш болгон демократия жөнүндө айтмакчымын. Алгач бир эки же үч кыскача мисал. Менин бир сүрөтчү ашынам, эмиграция болгонго чейин Ленинградда Америкадан барган турист, Калифорниянын чакан шаарчасынын мэри менен таанышып калат. Экөөнү сүрөткө болгон кызыгуу жакындаштырып, натыйжада алар ынак достордон болуп калышат. Мэр кайтарда жаңы досуна дарегин калтырат.

Көп өтпөй менин ашынам Америкага көчүп кетти. Калифорнияга барып, дал ошол мэрдин үйүнө конду. Досу алы-жаны калбай аны жылуу-жумшак тосуп алды. Алты-жети күн өткөндөн кийин менин мекендешим мэрге: «Досум Билл, менин сүрөттөрүмдүн көргөзмөсүн шаарыңда уюштурууга жардам берчи», – деп кайрылат. Мындайды күтпөгөн мэр саамга дендароо боло түшүп, муну галереялардын ээлери менен талкуулоо керектигин айтыптыр.

Ал эми сүрөтчү: "Мен ошону айтып жатам, алар мен сен сүйлөш, мэрлик таасириңди колдон", – дейт.

Мэр мурдагыдан да абдырап: "Алар мага “сен ким элең бизге буйрук бергидей, ары жогол!” дешет да", – деп жооп берет.

Сүрөтчү мэр ага шаар мэри болуп туруп ушундай болор-болбос майда иште да колдоо көрсөткүсү келбей жатат деп таарынып, үйүнөн кетип калыптыр.

Албетте, мэр чындыкты айткандыгын бүт Америка ырастайт. Шаар мэринин сөзүн бир дагы сүрөт көргөзмөсүнүн ээси укпайт. Живописке тиешелүү болсо, атүгүл президент дагы кийлигише албайт. Ал эми мэр бул үчүн шайланбайт. Мэр мектептерге, саламаттыкты сактоого, транспортко, шаардагы сейил бактарга тийиштүү маселелер менен алектенет же кылмыштуулукка каршы күрөшөт. Ал эч бир галереяга кадырын салып (мейли, өзү таланттуу сүрөтчү болгон күндө да), атүгүл өз картиналарын да жайгаштыра албайт. Мындай учурда, таклип оболу көргөзмө ээсинин өзүнөн түшөт.

Рейганга белек бериш керек беле?

Дагы бир мисал. Америкада биринчи китебим англис тилинде жарык көргөндө мен америкалык прозачы досумдан: "Эгер мен китебимди президент Рейганга жөнөтсөм, ал мага жооп береби?", – деп сурадым.

Досум: "Балким, жооп берет, бул үчүн Рейгандын статс-катчылары бар, бирок мындан ары бүт Америка сага сөөмөйүн кезейт, анткени президенттин адабиятка эч кандай тиешеси жок, аны бул үчүн шайлашкан эмес. Сен китебиңди башка каалаган кишиге бергендей эле өрткө каршы кызматтын башчысына же почта жетекчисине да жөнөтсөң болот", – деп жооп берди.

Соттор качан адилет өкүм чыгарат?

Акыркы мисал. Унааңды туура эмес токтотуп жүрөсүң деп, мага бир нече жылдан бери айып пул салып келишет. Кээде айына эки-үч дүмүрчөк топтолуп калат. А мен бул жалыйналарды дайыма адилеттүү деп эсептечүмүн. Бирок досторум сотко кайрылып, акчанын бир бөлүгүн кайра өндүрүп албайсыңбы деп кеңеш беришкенде, мен ишенбей жылмайып койдум. Анткени райондук сотторду эскиден жакшы билем, алар полиция менен түк чатакташкысы келбейт. Бирок бир жолу райондук сотко барып, акчанын бир бөлүгүн өндүрүп беришкенде, таң калдым. Ошондон кийин мен бул жердин мыйзамдарын дагы да көбүрөөк аңдап-түшүндүм. Башкача айтканда, Америкада федералдык соттордон башкасын өкмөт эмес, эл тандайт. Алар дайыма элдин кызыкчылыгын коргойт, эл тарабынан көзөмөлдөнөт. Тагыраагы, алардын ишмердигине шайлоочулар, мен жана менин кошуналарым көз салат.

Мунун баары мен же жалпы эле эмигранттар, алтургай түпкүлүктүү америкалыктар да өз демократиясын кынтыксыз деп эсептейт дегенди билдирбейт. Атүгүл бир куйкум сөздүү кишинин: "Батыш демократиясы башка бардык реалдуу башкарууларды эске албаганда, башкаруунун эң начар түрү", – деп айтканы бар.

Бирок батыштагы, айрыкча Америкадагы биз жашап жаткан күнүмдүк демократия бизге жеке эркиндигибизди, жеке укуктарыбыз менен жеке демилгебиздин чегин кеңейтүү үчүн тынымсыз күрөш жүргүзүүгө мүмкүндүк берген жеке эркиндиктин, жеке укуктар менен демилгенин болушун кепилдейт. Эч болбоду дегенде аталган эркиндиктин, аталган укуктар менен демилгенин чектерин урматтоо кепилдигин берет. Мунун натыйжасында демократияны көпчүлүк менен бирге аздыр-көптүр мамлекеттин тагдырына таасир эте алган жеке жөндөмүң катары күндө сезип турасың.

Тандай электе добуш бербеш керек

Анткени мен жөн эле адам эмесмин, мен Американын жаранымын, демек, шайлоочумун. Ушуга байланыштуу мен бир кызык фактыны айта кетейин. АКШнын жараны катары мен буга чейин эки жолу президенттик шайлоого катышсам болот эле. Бирок эки учурда тең мен бул озуйпадан баш тарттым. Добуш бергеним жок. Бул менин Советтер Союзунда байма-бай добуш берүүгө тоскоолдук кылбаган (б.а. шайлоо болгон сайын сөзсүз катышып турган) – СССРдин учурдагы бийлиги өзү демократиялуу болгон эмес деп тааныган жана жыйынтыгы менин добушуман көз каранды болбогон – жоопкерсиздигимден эмес эле. Тескерисинче, бул кайдан-жайдан чыкканы белгисиз менин жоопкерчилигимден болду. Анткени мен дагы эле америкалык саясатты, өзгөчө ички саясатты начар түшүнгөндүктөн, демократтар менен республикачылардын ортосунда акыркы тандоону жасай элекмин. Консервативдик республикачылар мага тышкы саясий туруктуу курсу менен жагат, бирок социалдык программалар жана айрым укуктук маселелер боюнча мага либералдык демократия жакыныраак.

Демек, мен дагы дале тигилер же булар үчүн добуш берүүгө акым жок. Анткени бул жөн эле добуш берүү эмес, а бул – тагдыры менин жеке тагдырым же менин жакын адамдарымдын тагдыры менен тыгыз байланышкан өлкөдө тигил же бул талапкердин бийликке келиши үчүн аз да болсо кошкон салымым болуп эсептелет. Демократиялык жана республикалык багыттагы идеялык жактан кыйла такшалган досторум мени чечкинсиз деп жемелешсе да, мен шайлоого катышууну али да чече элекмин. Анүстүнө шайлоого катышпоо да тандоо, себеби демократиялык республиканын жараны катары буга да менин толук укугум бар".

Биз да мыйзам үстөмдүгүн орното алабыз

Өйдөдө жазуучу С. Довлатовдун Америкада жашап көргөн тажрыйбасынан бир-эки мисалды окудук. Чыныгы демократия деген ушундай болот экен, бурадар. Демократиялык өлкөдө ар бир адамдын укугу, эркиндиги, кызыкчылыктары мыйзамдар аркылуу корголот, сакталат. Ар бир адамдын өмүрү, кадыр-баркы бааланат. Эгерде биз балдарыбыздын келечеги бүдөмүк болбой, алар эркин, ачык, коопсуз, мыйзамдуу мамлекетте жашасын десек, авторитардык режимге эмес, демократиялык коомго ыктаганыбыз оң.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG