Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:04

Эгемендик, сөз эркиндиги “Азаттык” менен тагдырлаш


Коомдук ишмер, тарыхчы Алмаз Кулматовдун блогу.

  • Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

Калысмын, кайдыгер эмесмин. Кантип кайдыгер болосуң, менин өлкөмдүн мен сыйлаган, заң-закүнүнө баш ийген, чече турган көйгөйү көп, алдыга койгон максаттары арбын жана мүдөөсү бийик расмий бийлиги менен өлкөмдөгү эгемендик, азаттык, сөз эркиндиги, демократия деген баалуулуктар менен тагдырлаш “Азаттык” медиасы тирешип жатса.

Тирештин экзистенциалдык жагдайларына, укуктук маселелерине токтолгум келбейт. Анткени объективдүү жана субъективдүү себептерин билбейм, укуктук маселелер боюнча адис эмесмин, акым жок. Бирин-эки жагдайларына жеке оюмду, изги ниетимди билдире алам.

Сөз эркиндигин туура эмес түшүнүп, аёосуз эксплуатациялап, баркын кетирип алдык окшойт. Эми бизге жарашпаган көрүнүш катары эсептегендер, ал тургай бардык көйгөйгө күнөөлүү дей тургандардын катмары пайда болду. Демократия менен парламентаризм сыяктуу эле сөз эркиндигин ишке ашпаган умтулуу, кыял, жомок, кесепет сымал 32 жылдык тарыхтын бүктөмүнө калтыргысы келгендер да жок эмес.

Демократияны эгемендик кезде чындап баштан кечирбестен чанып, парламентаризмди бурмалап алган сыяктуу эле демократияны анархия, сөз эркиндигин охлократия менен айырбаштап алган коомдо маселе көп тура. “Азаттык” да кемчиликтерден кур эмес. Анда иштегендердин акыл-билим деңгээлине, пендечилик кызыкчылыктарына, саясий көз караштарына жана жарандык позициясына жараша тигил же бул окуяны чагылдырууда же чагылдырбоодо, баяндоо ыкмасында, мазмунунда субъективдүүлүккө жол берилген учурлар боло келген. Калган башка маалымат каражаттары сыяктуу эле ушул кемчиликтен кур эмес.

Туура. “Азаттык” сөз эркиндигинин жалгыз кепилдиги, эркин медианын бирден бир түркүгү эмес.

Кыргызстандын медиа мейкиндигинде коомдук пикирди аныктоого кудуреттүү жана эл-журтка таасири зор башка субъекттер да бар. Бирок “Азаттыктын” өз тагдыры, биздин коомдо татыктуу орду бар. “Азаттык” ири алдыда маалымат булагы. Көп тармактуу медиа, кызыктуу теле, угумдуу радио, түркүн тиркемелери, рубрикалары бар платформа. Маданий, саясий, коомдук, экономикалык, кыскасы биздин турмуштун актуалдуу маселелери талкууланып келген, талкууланып турат. Түркүн көз карашты чагылдырган, негизинен калыс маалымат каражаты.

“Азаттыкты” чектөө аракети биринчи ирет болуп отурганы жок. “Азаттык” бийлик органдарынын же соттук талаш-тартыштын айынан чектөөгө, жабуу аракетине тушуккан жалгыз медиа агенттик эмес. Эгемен Кыргызстандын жана дүйнөнүн тарыхында басылмалар, гезиттер, медиа булактары түрдүү, анын ичинде саясий себептерден улам жабылып жана ачылып келген. “Азаттык” ай талаада өз көйгөйү менен өзү гана калган жалгыз эмес. Кубаттуу мамлекеттин колдоосуна ээ. Биз бир кезде базасын айдап чыккан, эки тараптуу келишими бир тараптуу бузулган АКШнын Конгрессине карайт. Вашингтон бизди жакшы билет, түшүнөт. Азырынча айрым сенаторлору бизге кайрылып жатат, мунусу дурус. А эртең конгресске таандык медиагенттикке байланыштуу укуктук маселени саясатка айлантып, башкача интерпретациялагандар пайда болбойт деп кимибиз кепилдик кылабыз? Окурмандары, угармандары арбын. Ага муктаж коомчулук да бар. Ошондуктан, “Азаттыкты” жалпыга маалымдоо каражаты катары ишин токтотуу боюнча сотко кайрылган министрлик эске ала турган маселелер бар.

Биринчиден, конструктивизм жана позитивдүү данакерлик жетишпей жаткансыйт, менимче. Бири бирине карата ачык жана кыйыр түрдө нааразы кептер чыгып да кетсе керек. Канчалык санариптештик дегенибиз менен маалымат кишиге киши аркылуу жетет. Албетте, маалыматтар максаттуу иргелет, топтоштурулат, кутуга салынат, шөкөттөлөт, актуалдаштырылат, ниетке жана каалоого жараша комментарийлер, мүнөздөмөлөр, түшүндүрмөлөр, божомолдор менен коштолот. Чыныгы фактыны аныктоо өлбөс Кащейдин жанын издегендей эле татаал түйшүк. Аңгыча процесс кете берет, балким эки жак тең каалабаган, кимдир бирөөнүн максаттуу же оюна кирбеген оңдой берди пайдасына айланышы ыктымал.

Экинчиден, фейк аталган жалган маалымат адатта бийлик органдары иштегендер арасында да кездешет. Бийликке аралашып, бир топ нерсени көрдүм. Жакшы иштер, изги аракеттер менен бирге ар кандай оюндар, интригалар жүрүп турат. Калп - кутумчулар үчүн курал (жаратылат, жайылтылат, анан ага карата “чара көрүлөт”, “күрөш жүрөт”) же артында эч жаман ою жок каңырыш кеп кайдан-жайдан пайда болуп, заматта айыл аралап кетет. Окуя чындыгында болушу да мүмкүн. Бирок анын интерпретациясы, түшүндүрмөсү мааниге ээ. Айтор, аныгына жеткенче адам тагдыры чечилип, иш бүтөт. Кенедей кемчилик кетсе эң жогорку бийликтен көрүп, президентти айыптамай өнөкөт илдетибиз али күч, тилекке каршы. Кай бир учурларда чиновниктер өзү кызыкдар ишти “шеф сказал”, “№1 айтты” деп көзүн көктү каратып же башка ишарат кылып, өйдө жакка шылтайт. Адатта аткаруучулардын чандасы гана ошол команда берди, айтты деген кишинин өзүнөн тактайт. Көпчүлүгү аныгын билбестен белсене киришет. Айрымдарынын эрки жетпейт, жүрөгү даабайт, башкаларынын кызматтык укугу чектелүү, кээде андай тактамакчы болгондорду үлкөн адамга киргизбей да коюшат. Албетте, жетекчилер түрдүү маселеге кызыгат, оюн айтат, пикирин билдирет, кеңешет, тапшырма берет. Бирок кээде “калыс карагыла”, “мыйзамга ылайык чечкиле” деген тапшырмалар орто жолдон бурмаланып, “калыстыгын”, “мыйзамдуулугун” жоготуп, “карагыла” - текшерүүгө, “чечкиле” - ишти бирөөнүн пайдасына бүтүрүүгө айланып, ал тургай жок нерсе “на контроле у самого” деген статуска ээ болот. Ошентип өөдө-төмөн иштер жасала берет.

Айтор “Азаттыкка” карата мамиледе эки тараптан тең оюнчулардын, аралашкан субъекттердин, демилгечилердин, аткаруучулардын өз ара катышы, түпкү интенциясы, чыныгы максаты, каалоосу, ниети, себеп-натыйжалык байланыштары сыяктуу жагдайлар да роль ойношу ыктымал.

Үчүнчүдөн, чектөө, тыюу, жаап салуу аракети биздин ички коомчулукка кандай таасир этет, тышкы дүйнөдө кандай кабылданат, эмне натыйжа берет, не кесепети тиет деген суроо туру. “Азаттык Медианы” жабуу боюнча Маданият министрлигинин доо арызы тургай, эки адамдын ортосунда мүлк талаш же ар-намысты коргоо боюнча катардагы жарандык иштер деле бийликтин тапшырмасы, кимдир бирөөгө карата куугунтук катары сыпатталып, ошондой терс кабылдоо жаман адатынан кутулбай келүүдөбүз.

Төртүнчүдөн, чектөө, жаап салуу иштейби, майнап чыгабы? Социалдык тармактар арбын экен, санарип биздин турмушка кирип келиптир. Адам каалаган жана каалабаган маалыматтар ар кайсы булактан чыгып, тарай берет турбайбы. Смартфон бизге керектүү жана керексиз маалыматты таңуулап, биз тууралуу маалыматты эч кандай аңдуу-тыңшоосу жок эле таап, биздин эркибизден тыш жайылтып турган чакта жабылсын менен иш бүтүшү кыйын окшойт.

Бешинчиден, биздин өлкөнүн оппозициялык партиясынын, коомдук уюмдун гезити болсо, жаап салса, аны тышта ким таанымак эле же ички талаш-тартыш деп тим калат элек. Эмиграциядагы маалымат булагына айланса не болот? “Азаттыктын” Прагадагы же башка шаардагы кеңсесиндеги журналисттер тобу биздеги окуяларды жазбай калабы, бизге арнап маалымат таратканын токтотобу? Күмөнүм бар. Анткени бир топ өлкөнүн эмиграциядагы медиакампаниялары мекениндеги коомдук пикирге таасир этип, алыс болгону менен жакын сезилип, бозгундагы боордоштой жан тарткандардын саны арбый бермегин жокко чыгарыш кыйын. Тарыхта мисалдар көп. Баарын тизмектебей, бирине токтолоюн. Мисалы, “Континент” журналы 1974-жылы Парижде чыга баштаган. Мекенинде тыюу салынган сайын кызыгуу артып, аброю көтөрүлгөн А. Солженицын, В. Розанов, Н. Коржавин, В. Гроссман, А. Галич сымал жазуучулар ошол эмиграциядагы окумдуу журналдын авторлору болгон. Советтер Союзу кубаттуу кезинде компартия кысымынан улам тышка чыгып кеткен эмигранттар 1970-жылдан 1990-жылга чейинки аралыкта чет мамлекеттерде жүздөн ашык басылмаларды уюштурган.

Бийликте акылгөйлөр, эки доорду көргөн тажрыйбалуу саясатчылары да, өмүр жолу өкмөттүк эмес уюм менен байланышкан жарандык активисттери, ар качан оппозицияда жүргөндөрү да, Чыгыш менен Батыштын мыкты окуу жайларынан билим алган жаштары, айтор өлкөнү оңдойм жана колуман келет деген мыкты инсандар иштеп жатат. Алар маселенин күңгөй-тескейин гана эмес, жарала турган маселелердин илебин да көбүбүздөн сонун билет жана изги тыянак чыгарат деп ишеним арталы.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG