Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:21

“Эсимденин” сабагы: Ордун билбегендер ойрон кылууда


Режиссер Актан Арым Кубат "Эсимде" тасмасын тартып жаткан учур.
Режиссер Актан Арым Кубат "Эсимде" тасмасын тартып жаткан учур.

Жолдош Турдубаев - адабиятчы, публицист, журналисттер арасында өткөрүлгөн республикалык сынактарда бир нече ирет баш байгелерди жеңип алган, 2007-жылы Voice of Freedom Central Asia сынагынын экинчи байгесине ээ болгон.

  • Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

Актан Арым Кубаттын эң мыкты фильм катары “Азия Оскары” сыйлыгын, эл аралык “Евразия” кинофестивалынын баш байгесин уткан “Эсимде” тасмасы жакында Бишкектеги Кино үйүндө чыгармачыл кишилерге көрсөтүлдү. Анан эки саат бою кызыктуу талкуу болду – ар ким бул көркөм чыгарманын өзгөчөлүктөрү, андан алган таасирин бөлүшүп, өздөрү түшүнгөн идеялар жөнүндө абдан толкунданып сөз кылышты. Убакыттын тардыгынан айтпай калган ойлорумду мен макала кылып жазууну чечтим.

Эс тунарткан эсирүү

Кырсыктан улам эсин жоготуп, өзүнүн ким экенин да унутуп койгон Зарлыктын абалы чындыгында эле аянычтуу. Уулу атайын издеп таап келсе да бала-бакырасын, туугандарын, жердештерин тааныбайт...

Ал эмне үчүн мындай тагдырга тушуккан? Канткенде кайра эсине келет?.. Бул мүмкүнбү?..

Илгертен кыргызда “акылың бар, эсиң жок” деген сөз көп айтылчу экен. Көбүнчө адилетсиздикке чыдабай, дароо каршылык көрсөткүсү келгендерди жашы улуу же тажрыйбасы артык башка бирөө тыйганда ушундай дешчү экен. Ачууга алдырып, душмандын чагымчыл аракетине ал күткөндөй жооп кылсаң, жеңилип калуу ыктымалдыгы көбүрөөк болот. Андан көрө ыңгайлуу учуру, убакыт-сааты келгенче сабыр кылып, чечүүчү күрөшкө камдана бериш керек. Дагы да жакшыраак камдануу керек.

Бирок эсин жоготкон бул адам башкалар такыр унутуп же маани бербей койгон нерселерди көңүлүндө сактаптыр: көчөдө, талаада чачылып жаткан акыр-чикирди тазалап турууну адат кылыптыр. Кеп бир гана тиричиликтеги калдыктар, айрыкча соңку чейрек кылымда өтө көп колдонулган желим баштык, бөтөлкө ж.б. батпай кеткендигинде эле эмес. Ошол таштандынын ашыкча чыгарылып, туш келди ыргытылып, ага эмне себеп болуп жатканында...

Аң-сезимдин туманы

Көзгө өөн учурай турган нерселерди, балит, ыплас, зыяндуу көрүнүштөрдү ар ким өзүнүн аң-сезимине, маданиятына, көнгөн адатына жараша кабылдайт. “Боло берет” деп көңүл бурбаган, кайдыгер караган, атүгүл айткан адамды жаман көргөн кишилер көп болсо, бул ошол коомдун өсүштөн өксүп, кедерине кетип баратканы...

Анткени тиричиликтеги акыр-чикир аң-сезимден башталат. Керексиз, атүгүл зыяндуу нерселерге алаксыган, байланган адамдар көп. Напсинин, куру дымактын, бийликтин кулу болуп калгандар эркиндикти унутат же теңирден тескери “түшүнөт” – ээнбаштык деп ойлойт; бүт өмүрүнө, тагдырына тиешелүү эң маанилүү иштерге көңүл бөлбөйт...

Азыркы кезде акыр-чикир маалымат агымында эң көп. Адамдардын жан дүйнөсүндө эң маанилүү ойлорду ойлогонго, эң зарыл сөздөрдү эстегенге, айтканга, укканга, түшүнгөнгө чамасы келбей, убактысы жетишпей калууда. Мунун башкы себептеринин бири – адамдар өз ара сүйлөшүүгө, санаасындагы ойлорун бөлүшүүгө, түшүнүшүүгө аракет кылбай, бардык суроолордун интернеттен алынуучу стандарттуу даяр жоопторуна эле канааттанып жатат.

Даярды “керектегенге” көнүп алган киши ойлонгусу да келбей калат. Коомдо, саясатта жат болуп бүткөн тааныш сөздөрдүн, “ойлордун” күн сайын кайталанышы кайдыгерликтин туманын ого бетер коюулантып, оорлото берет...

Ордун билбегендер ойрон кылууда

Физиктер табиятта арам нерселер жок, өз орунда болбой калган нерселер бар дейт. Арапчадан келген бул сөздүн түпкү мааниси деле “тыюу салынат” дегенге жакын экен. Ак эмгек менен иштеп тапкан акчага сатып алынган азык ээси үчүн, анын үй-бүлөсү, сыйлаган коноктору үчүн адал, ууру же коррупциячы үчүн арам.

Демек, жашоо-тиричиликтеги, чөйрөдөгү, аң-сезимдеги акыр-чикирди азайтып, жок кылуунун эң алгылыктуу жолу – ар нерсени өз ордуна коюу. Бул үчүн ар ким өз ишин кылууга тийиш. Шык-жөндөмүнө, кесипкөйлүгүнө, тажрыйбасына карабай жооптуу кызматтарга “өз” кишилерди койгон адат үч “революциядан” кийин да калган жок.

Тасманын өзүнө тикелей тиешеси жок, бирок өзөк идеясына байланышы бар ойлорду жыйынтыктап, бул көркөм чыгарманын айрым өзгөчөлүктөрү бар экенин айта кетейин. Көп катмарлуу подтексти бар, бирок муну атайын билими, даярдыгы жетишсиз адамдар да көрсө, чоң таасир алат, бутактап кеткен көп идеяларын улам тереңирээк түшүнө алат. Эң үстүңкү, эмоциялык деңгээлдеги таасир тасманын баш каарманы жана анын чөйрөсүндөгү адамдар баштан кечирген жагдайды өз алдынча жана достору, туугандары, башка жакындары менен бирге толугураак түшүнүүгө жол ачат.

Мында метафоралуу кырдаалдар, каармандардын кыймыл-аракеттери (сөздөрүнөн тышкары), мазмунга сыйымдуу символдор арбын колдонулган. Булардын баарын текши чечмелеп чыгуунун кажети жок – ар ким өзү көрүп, өз каалоосуна, табитине, мүмкүнчүлүгүнө жараша кабылдаганы оң.

Кээ бир ишарат же пейзаждык сүрөттөлүштөр көрүүчүгө бейаң түрдө да таасир этет. Мисалы, тасма башталганда эле көлдүн толкуну жууп, ачып койгон дарак тамырлары менен каарман сюжеттин соңунда “Эсимде” ырын укканда башын биринчи жолу көтөрүп, көк мелжиген теректердин учун көргөн учур – бул бүтүндөй чыгармадагы ойлорду бир жерге топтоп, тереңдик менен бийиктикке көңүл бургузуучу көркөм ыкма.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG