Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:24

"Эсимде" тасмасы "Евразия" фестивалында баш байгени жеңди


Актан Арым Кубат “Эсимде” тасмасында.
Актан Арым Кубат “Эсимде” тасмасында.

Кыргызстандык кинорежиссер Актан Арым Кубаттын "Эсимде" тасмасы Казакстандын Алматы шаарында өткөн "Евразия" эл аралык XVI кинофестивалында гран-прини жеңди. Бул тууралуу фестивалдын дирекциясы кабарлады.

Анда айтылгандай, кинофестивалда Евразия аймагынан тандалган 14 тасма көрсөтүлгөн.

Калыстар тобунун төрагасы, кинорежиссёр Али Хамраев Актан Арым Кубаттын "Эсимде" тасмасы бир добуштан жеңүүчү деп табылганын билдирди. Жеңүүчүгө "Евразия" кинофестивалынын статуэткасы жана акчалай сыйлык ыйгарылды.

Маалыматта Актан Арым Кубат ушуну менен бул кинофестивалдын гран-присин үчүнчү ирет жеңгени айтылат. Буга чейин 1998-жылы фестивалдын алгачкы башкы сыйлыгы анын "Бешкемпир", 2010-жылы болсо "Свет аке" тасмалары үчүн ыйгарылган.

Актан Арым Кубаттын "Эсимде" тасмасы Азия жана Тынч океан киноакадемиясынын калыстар тобунун башкы сыйлыгына татыган. Сыйлык тапшыруу аземи 11-ноябрда Автралияда өткөн.

Кинонун дүйнөлүк бет ачары быйыл октябрда Жапониянын борбору Токио шаарында 35-эл аралык кинофестивалда болгон. Тасма кийин 18-ноябрда Кыргызстанда көрсөтүлө баштаган.

"Эсимде" фильминде Зарлык аттуу баш каарман жыйырма жылдан ашуун бөтөн жерде жүрүп, мекенине кайтат. Уулу Кубат аны көп жыл Орусиянын ар кайсы шаарларынан издеп, акыры селсаяк болуп калган жеринен таап, өз айылына алып келет.

Тасмадагы баш каарман Зарлыктын ролун Актан Арым Кубат, Кубаттын ролун режиссердун уулу Мирлан Абдыкалыков аткарган.

Алар "Селкинчек", "Бешкемпир", "Маймыл" трилогияларында да башкы каармандардын ролун аткарышкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG