Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:35

Актер Азиз Мурадилаевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүп жатат


Азиз Мурадилаев менен коштошуу зыйнаты. 19-декабрь, 2022-жыл.
Азиз Мурадилаев менен коштошуу зыйнаты. 19-декабрь, 2022-жыл.

Бүгүн, 19-декабрда Бишкектеги Кыргыз Улуттук драма театрында эмгек сиңирген артист, актер Азиз Мурадилаев менен коштошуу зыйнаты өтүп жатат. Буга чейин актердун сөөгү өзүнүн керээзине ылайык "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлары маалым болгон.

Театр жана кино актеру, 44 жаштагы Азиз Мурадилаев 17-декабрда узакка созулган оорудан каза болду.

Буга чейин Мурадилаев боордун циррозу деген диагноз менен Бишкектеги ооруканага түшүп, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылганы кабарланган.

Актердун жакындары анын боорун алмаштыруу үчүн чет өлкөдө жасалчу операцияга 45 миң доллар керек экенин кабарлашып, элден жардам сурашкан.

Кайрымдуулук акциясынын алкагында калктан 3 миң доллардай топтолгон, калган 42 миң долларын президент Садыр Жапаров бөлүп бергени белгилүү болгон. Актер боорун алмаштыруу үчүн чет жакка барууга жетишпей, реанимацияда каза болуп калган.

Азиз Мурадилаев гепатиттин С түрүнө чалдыгып, 2016-жылы Москвадан жана Түркиядан дарыланып келген. Анда боорун алмаштыруу зарылчылыгы жок экени айтылып, ал ошол кезде элден чогултулган акчанын калганын режиссер, актер Мурат Мамбетовдун уулунун дарылануусуна берген.

1978-жылы туулган Мурадилаев бир нече кино жана театралдык оюндарда роль аткарган. Коомчулукта “Курманжан Датка” тарыхый-көркөм тасмасында Алымбек датканын ролун аткарганы менен белгилүү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG