Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:15

Ооганстанда туннелдеги жарылууда кеминде 19 киши набыт болду


Саланг туннели
Саланг туннели

Кабулдун түндүгүндөгү туннелде күйүүчү май ташып бараткан машине жарылып, кеминде 19 киши набыт болгонун жергиликтүү аткаминер кабарлады. Парван провинциясынын губернаторунун өкүлү Саид Шамим 17-декабрда болгон жардырууда бери дегенде 35 киши жабыркаганын, адамдар урандылардын алдында калганын айтты.

Жергиликтүү убакыт боюнча кечки саат 8:20га чукул болгон жардыруунун себеби белгисиз.

Ооганстандын түндүк жана түштүк аймактарын туташтырган Саланг туннели 1960-жылдары курулган. Кабулдун түндүгүнөн 130 чакырымдай жердеги Советтер Союзунун жардамы менен салынган туннелдин узундугу 2,6 чакырым.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG