Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:59

Активисттер абакта ачкачылык кармаган Суранованын абалы оорлошуп кеткенин билдирди


Перизат Суранова. 10-ноябрь, 2022. Бишкек шаардык соту.
Перизат Суранова. 10-ноябрь, 2022. Бишкек шаардык соту.

Кемпир-Абад иши боюнча камалып, абакта саясий ачкачылык кармагандардын арасынан активист Перизат Суранованын абалы кескин начарлап кеткени 18-декабрдын кечинде кабарланды. Активист Айсулуу Кудайбердиева Фейсбуктагы баракчасына ачкачылык акциясынын бешинчи күнүндө Суранованын абалы оорлошконуна байланыштуу бир нече укук коргоочулар менен чогуу Бишкектеги №1 тергөө абагына барганын жазып чыкты.

"Камерада чогуу отургандар ал кан аралаш заара кылып жатканын ырасташты. Өзү баса албайт. СИЗОнун санитардык бөлүгүнө аны бир нече жолу замбил менен көтөрүп барышкан. СИЗОнун дарыгерлери тиешелүү медициналык жардам көрсөтпөй жатат. Биз медициналык жардам чакырып, Орозайым менен Перизатты ооруканага жаткырууну талап кылабыз", - деп жазды Кудайбердиева.

Мындай маалыматты укук коргоочу Азиза Абдирасулова да ырастады.

Ачкачылык кармап жаткандардын абалынан кабар алуу үчүн тергөө абагына Акыйкатчы Атыр Абдрахматова кирип кеткени, бир нече активист, укук коргоочулар азыр абактын сыртында турганы белгилүү болду.

Жаза аткаруу кызматынан мындай билдирүүлөр боюнча комментарий боло элек.

Буга чейин Акыйкатчы институтунун, Кыйноолорду алдын алуу улуттук борборунун кызматкерлери тергөө абагына кирип чыкканын билдирген.

Борбордун кызматкери активисттер Орозайым Нарматова, Перизат Суранова жана Али Шабдандын абалы оор экенин, бирок алар ачкачылык кармоону токтотуу тууралуу чакырыкка көнбөй койгонун маалымдаган.

Кабарларга караганда, Кемпир-Абад иши боюнча абакта отурган 20дан ашык жарандын 17си ачкачылык кармап жатат. Айрымдарынын наар албай жатканына беш күн болду. Алгач сегиз киши 14-декабрда ачкачылык акциясын баштаганын жарыялашкан, акырындап аларга башкалар да кошулган. (NT)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG