Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:36

Алматыда таанымал журналист Михаил Козачков кармалды


Алматынын полициясы (иллюстрациялык сүрөт)
Алматынын полициясы (иллюстрациялык сүрөт)

18-декабрда Телеграмдагы Kozachkov offside каналынын автору жана «Время» гезитинин журналисти кармалганын Казакстандын Финансылык мониторинг агенттиги (АФМ) кабарлады. Журналистти экс-президенттин иниси Болат Назарбаевдин «жардамчысы» аталган Елдос Коспаевдин кылмыштуу тобунун рейдерлик ишине көмөктөшкөн деп шек санап жатышат.

Агенттик Коспаев «рейдерликти ишке ашыруу үчүн жабырлануучуларга каршы маалыматтык чабуулда Козачковдун кызматынан пайдаланган» деп санайт. Маалыматта мындай кызматы үчүн ал «уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөлөрүнөн» 52 миллион теңге алганы айтылат.

Козачковдун адвокаты Анна Веретельникова тергөө амалдары жүрүп жаткан журналисттин батирине кире албай жатканын билдирди. Журналисттин өзү менен байланышуудан майнап чыккан жок.

Козачковго юридикалык ардам берүүгө даярдыгын билдирген «Адил сөз» уюму АФМ тараткан билдирүү Казакстандын конституциясын жана күнөөсүздүк презумпциясын бузуп жатканын жарыялады.

2022-жылкы Январь окуяларынан кийин экс-президент Нурсултан Назарбаевдердин таасири азайып, анын үй-бүлө мүчөлөрү биринен сала бири кызматтан кетти. Айрымдары камакка алынды. Мунун фонунда бир нече ишкерлер Болат Назарбаевдин рейдерлик аракеттерине туш болгонуна даттанып чыгышкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG