Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:06

Бейөкмөт уюмдар тууралуу мыйзам долбоорун кайра иштеп чыккан топ түзүлөт


Кыргызстанда буга чейин биригүү укугун, бейөкмөт уюмдардын ишин чектеген мыйзам долбоорлоруна каршы бир катар нааразылык акциялары өткөн.
Кыргызстанда буга чейин биригүү укугун, бейөкмөт уюмдардын ишин чектеген мыйзам долбоорлоруна каршы бир катар нааразылык акциялары өткөн.

Президенттик администрациянын укуктук камсыздоо башкармалыгынын жетекчиси Мурат Укушев бейөкмөт уюмдар жөнүндөгү мыйзам долбооруна байланыштуу түшүндүрмө берди. Ал 19-декабрда Бишкекте "Биригүү жана ассоциация түзүү эркиндигине укук" деп аталган жыйында президент Садыр Жапаров бул документти кайра иштеп чыгуу үчүн топ түзүүгө макул экенин, бул топ 20-декабрда биринчи жыйынга чогуларын айтты. Укушев мындан улам жарандык коомдун өкүлдөрүн ага катышууга, 15-январга чейин эксперттерди сунуштоого чакырды.

Өткөн айда укук коргоочулар, бейөкмөт уюм, жарандык коомдун 40ка жакын өкүлү президент, Жогорку Кеңеш, Министрлер кабинети, Акыйкатчы институтуна кайрылып, бейөкмөт уюмдар жөнүнда сунушталып жаткан мыйзам долбоорлоруна тынчсыздануу билдирген.

Кайрылууда Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматованын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү демилгеси бейөкмөт уюмдардын ишин чектей турганы, демократияга каршы келери жазылган.

Анда "коомдук талкууга кайрадан киргизилген мыйзам долбоору да негизги демократиялык принциптерге каршы келген басмырлоочу ченемдерди камтыйт жана ал кабыл алынган учурда коммерциялык эмес уюмдардын (КЭУ), анын ичинде Кыргыз Республикасында иштеп жаткан чет өлкөлүк коммерциялык эмес уюмдардын филиалдарынын жана өкүлчүлүктөрүнүн иши олуттуу чектелет" деп белгиленген.

Жарандык коом кыргыз бийлигин адам укугу жаатындагы эл аралык милдеттенмелерге каршы келген мыйзам долбоорлорун колдобоого чакырууда.

Надира Нарматова өзү сунуштаган долбоор аркылуу "бейөкмөт уюмдардын ишин көзөмөлдөө керектигин" айтып келет.

Буга чейин президенттик администрация "Массалык маалымат каражаттары" жөнүндө талаштуу мыйзам долбоорунун айрым беренелерин кайрадан карап чыгууга макул болгон. Анда медиа сектордун 20 өкүлүнөн турган жумушчу топ түзүлүп, даяр болгон документ экспертиза үчүн Венеция комиссиясына жөнөтүлөрү айтылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG