Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:00

Чек ара кызматы кыргыз-казак чек арасында тыгын жок экенин билдирди


Кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Тилек" өткөрмө бекети. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Тилек" өткөрмө бекети. Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине (УКМК) караштуу Чек ара кызматы Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы чек ара өткөрмө бекеттери кадимки калыбында иштеп жатканын маалымдады.

Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, 18-декабрь, саат 15:00гө карай бардык өткөрмө бекеттеринде адамдардын жана унаалардын тыгыны байкалган жок. Жөө жүргүнчүлөрдөн, айдоочулардан эч кандай арыз-дооматтар катталган эмес.

Чек ара кызматы кыргыз-казак чек арасындагы өткөрмө бекеттеринде жарандардын документтерин текшерүү 1-1,5 мүнөткө созуларын белгиледи.

Буга чейинки тыгындын себеби тууралуу маалымат берген жок.

16-17-декабрда кыргыз-казак чек арасындагы "Ак жол", "Ак-Тилек", "Чоң-Капка" бекеттеринин Кыргызстан тарабында элдин жана машиненин саны көбөйүп, тыгын жаралганы тууралуу маалыматтар тараган.

Буга чейин чек арадагы жүк ташуучу машинелердин тыгыны бир канча жолу катталып, өкмөттөр аралык сүйлөшүүлөр өткөн.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG