Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:26

Актер Азиз Мурадилаевдин сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлат


Актер Азиз Мурадилаевдин боз үйдөгү сүрөтү. Бишкек. 18-декабрь, 2022-жыл.
Актер Азиз Мурадилаевдин боз үйдөгү сүрөтү. Бишкек. 18-декабрь, 2022-жыл.

Эмгек сиңирген артист, актер Азиз Мурадилаев менен коштошуу зыйнаты 19-декабрда Бишкектеги Кыргыз Улуттук драма театрында өтөт. Актердун сөөгү өзүнүн керээзине ылайык, Бишкектеги "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлат.

Бул тууралуу аталган театрдын көркөм жетекчиси Назым Мендебаиров "Азаттыкка" билдирди.

Театр жана кино актеру, 44 жаштагы Азиз Мурадилаев 17-декабрда узакка созулган оорудан каза болду.

Буга чейин Мурадилаев боордун циррозу деген диагноз менен Бишкектеги ооруканага түшүп, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылганы кабарланган.

Актердун жакындары анын боорун алмаштыруу үчүн чет өлкөдө жасалчу операцияга 45 миң доллар керек экенин кабарлашып, элден жардам сурашкан.

Кайрымдуулук акциясынын алкагында калктан 3 миң доллардай топтолгон, калган 42 миң долларын президент Садыр Жапаров бөлүп бергени белгилүү болгон. Актер боорун алмаштыруу үчүн чет жакка барууга жетишпей, реанимацияда каза болуп калган.

Азиз Мурадилаев гепатиттин С түрүнө чалдыгып, 2016-жылы Москвадан жана Түркиядан дарыланып келген. Анда боорун алмаштыруу зарылчылыгы жок экени айтылып, ал ошол кезде элден чогултулган акчанын калганын режиссер, актер Мурат Мамбетовдун уулунун дарылануусуна берген.

1978-жылы туулган Мурадилаев бир нече кино жана театралдык оюндарда роль аткарган. Коомчулукта “Курманжан Датка” тарыхый-көркөм тасмасында Алымбек датканын ролун аткарганы менен белгилүү.(NbA/ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG