Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:57

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол долбоорунун кеңсеси Бишкекте ачылат


Иллюстрациялык сүрөт. Балыкчы-Кочкор темир жолунун курулушу.
Иллюстрациялык сүрөт. Балыкчы-Кочкор темир жолунун курулушу.

Узундугу 454 чакырым турган Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол долбоорунун техникалык экономикалык негиздемеси (ТЭО) келерки жылдын 1-июнуна даяр болот. Ага чейин 15-январга карата Кыргызстандын борбору - Бишкек шаарында темир жол долбоорунун кеңсеси түзүлөт. Бул тууралуу Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеевдин администрациясы кабарлады.

Маалыматка ылайык, өзбек президентине аймактагы эң ири темир жол курулушунун долбоорун ишке ашыруу пландары тааныштырылды.

Бишкекте 15-январдан тартып ишке кирүүчү кеңсенин башкаруу тартиби талкууланууда. Мындан тышкары эл аралык каржы уюмдары менен сүйлөшүү жүрүп жатат.

Кыргызстандын президенттик администрациясы бул маалыматты комментарийлей элек.

Быйыл ноябрь айында Кытайдын илим изилдөө институту тарабынан темир жол курулушунун алгачкы талаа изилдөөлөрү жүргүзүлгөн.

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемесин (ТЭО) иштеп чыгууну чогуу каржылоого үч мамлекет тең макул болгон.

Өзбекстандын Самарканд шаарында 14-сентябрда Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитинин алкагында Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун долбоору боюнча кызматташууга кол коюлган. Макулдашууларга ылайык, жол тилкеси Кыргызстандын аймагында "Торугарт – Арпа – Макмал – Жалал-Абад" багыты менен өтөт. Ал кездеги макулдашууга ылайык, үч өлкөнүн адистери долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин 2023-жылдын 1-июлуна чейин бүтүрүшү керек.

Торугарт - Арпа - Макмал - Жалал-Абад темир жолунун узундугу 280 чакырымды түзөт. Ички долбоордун болжолдуу баасы 5 млрд. долларга барабар экени буга чейин кабарланган. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG