Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:09

Бёрнс: Орусия Украина менен сүйлөшүүлөргө маани бербей жатат


Уильям Бёрнс
Уильям Бёрнс

Орусия Украина менен сүйлөшүүлөргө олуттуу маани бербей жатканын АКШнын Борбордук чалгын башкармалыгынын башчысы Уильям Бёрнс билдирди. Ал бул тууралуу PBS телеканалына курган маегинде айтты.

"Көп эле жаңжалдын аягы сүйлөшүүлөр менен аяктайт. Бирок мындай учур эки тараптын тең олуттуу мамилесин талап кылат. Бирок учурда Орусия Украина менен сүйлөшүүлөргө олуттуу маани бербей жатат. Биз аны көрүп турабыз" - деди Бёрнс.

Буга чейин орус-украин согушу сүйлөшүүлөр менен бүтүүгө тийиштигин НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг айткан. Анын сөзү боюнча, "Орусиянын президенти Владимир Путин согушта жеңишке жетише албасын түшүнгөнчө, Киевге курал жеткирүү тездейт".

Германиянын канцлери Олаф Шольц болсо Suddeutsche Zeitung басылмасына курган маегинде Москва менен сүйлөшүү жүргүзүүнү токтотпоо зарыл деген пикири менен бөлүшкөн.

Кремль буга чейин бир нече жолу Киев өз алдынча чечим чыгара албай, АКШ менен Евробиримдиктин көзүн карайт деп билдирген.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Франциянын LCI телеканалына бардык аймактарын кайтарып алуу шартында Орусия менен сүйлөшүүгө даяр экенин билдирген.

"Украинага таандык бардык аймактарды кайтарып берүүгө даяр болсо, Орусия менен сүйлөшүүгө мен да даярмын. Азыркы улутчул Орусия менен эмес", -деген Зеленский.

Москва менен Киевдин делегациялары акыркы жолу Стамбулда, 29-мартта кездешкен. Ноябрда Анкарада АКШнын Борбордук чалгын башкармалыгынын жетекчиси Уильям Бернс менен Орусиянын Тышкы чалгын кызматынын жетекчиси Сергей Нарышкин жолугушкан. Тараптар анда Орусиянын өзөктүк курал колдонуу коркунучу тууралуу сүйлөшкөн.

Жыл аягында Украинанын Куралдуу күчтөрү согушта ийгиликтерге жетише баштагандан кийин, саясатчылар жана айрым лидерлер майда токтотулган сүйлөшүүлөрдү жандантуу зарылдыгын айта башташты.

Москва сүйлөшүүлөргө даярдыгын, бирок эч кандай шартсыз, анын ичинде аннексияланган аймактар боюнча да сөз болбошу тийиштигин айтып келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG