Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Январь, 2023-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:41

Айтматовдун ак батасын алган күн


Чыңгыз Айтматов жана Бакыт Карагулов (көз айнекчен оңдо турат)

Макаланын автору Аманбек Жапаров - журналист, педагог-режиссер. “Азаттык” үналгысы менен 1998-жылдан тартып кызматташып, ондогон маек жана макалаларды жазган. Соңку жылдары кыргыз искусствосуна, көркөм өнөрүнө барандуу салым кошкон инсандар тууралуу макалаларды жазып келүүдө.

  • Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

1996-жылы кинорежиссер Бакыт Карагулов Чыңгыз Айтматовдун “Саманчынын жолу” повести боюнча көркөм тасманы түстүү пленкага тартты. Мен экинчи режиссермун.

Чыгармадагы балдарды байлап үрөндү алып кеткен уурунун эпизодду тарта турган күнү Чыңгыз Айтматов келе турганын угуп калдык.

Чоң-Таш айылындагы Сүймөнкул Чокморовдун ата-энесинин жер тамын, Сүймөнкул абанын өнөрканасын кино топтун базасы кылып алган элек.

Кино тобунун жетекчиси Зина Касманкулова авторду тосуп алууга конок камын көрө баштады. Мен Байтиктин Басбөлтөгүндө кошчулардын бастырмасын камыштан куруп жаткам. Кечке маал Ч.Айтматов эки-үч киши менен базага келип түштү.

Адегенде Сүймөнкул Чокморовдун бир тууган агасы Бакыйан аба менен учурашып, баарлашып отурган.

Чокморовдун ата-энесинин эски тамын карап отуруп эсине бир нерсе түштү окшойт "Согуш маалында баарыбыз тиги жер тамдагыдай үйдө өстүк. Ушул үйдү бузбай музей кылып коюшуңар керек экен. Сүймөнкулдун өнөрканасын дагы музей кылсаңар?", - деп калды бир маалда.

Биртике шам-шум этип алгандан кийин Байтиктин Басбөлтөгүндөгү кино тартчу жерге келгенде мен даярдап койгон саманга от койдук. Ууруну ойногон жигит бир чаар кап үрөндү өңөрүп алып чаап жөнөдү. Бастырма алоолонуп күйүп жатат.

Чыңгыз ага биз менен кол алышып учурашып жатып өрттөн сак болууну эскертти. Оператор Бекболот Айдаралиев менен жардамчысы Асан Иманалиев иштин кызуусуна кирип тартып жатышат.

Чыңгыз ага алдастап:

- Болду айланайын балам, отту өчүр. Тиги талаага жайылып кетпесин, өрт өчүргүч машине жок беле?, - деп калды.

- Келебиз деген бензин жок келбей калды го, - дедим.

Чыңгыз ага жанындагы жигитке кайрылып:

- Өчүрүшкүлө. Болду эми айланайын, жакшы эле болду го, тигине оператор оң бармагын көргөзүп жатат, - деп отту өчүрткөнгө шашты.

Мен флягага даярдап койгон суудан чакалап чачып, өрттү өчүрүп жатсам "Абайла айланайын. Сак бол!" деп жатты.

Андан кийин бир саамга тыныгуу алып жаздын жан эргиткен сыдырымына маашырланып кинонун тартылышы боюнча пикирлешип отурдук. Ошол кезде жөн отурбай Айтматовго суроо узаттым.

- Чыңгыз ага, мен сизден бир нерсе сурайын дедим эле?

- Сура, сурай кой, - деди.

- Бизге бир ак батаңызды бериңиз, батаңызды сурайын дегем?

Ал салмактуу басып дөңсөөгө чыгып ушундай бир оор үшкүрдү. Анан бир тутам чөптү топурагы менен бир саамга жыттады да, кыбыланы карап туруп:

"Баарыңды Жараткан колдосун! Бөөдө кырсыктан сак болгула! Ишиңер оңолсун! Ата-бабанын арбактары жолдосун! Оомийин!", - деп алакан жайды.

Кинотоптогулар ошондо мени "акча сурайбы?" деп ойлошкон экен, азыркыга чейин айтып күлүп калышат.

Айткандай эле Айтматовдун ак батасы тийдиби көп өтпөй ишибиз жүрүшүп, каражат маселеси чечилген. Эң башкысы кино тарткан топ эки жолу кырсыктан аман калганбыз. Кинонун бет ачарын ошол кездеги президент Аскар Акаевдин администрациясы салтанат менен резиденцияда өткөрүп берген. Тилекке каршы Бакыт Карагулов тарткан ошол фильм кинотеатрларда көрсөтүлбөй калды, санарип айдыңына да чыккан жок.

Баса, Бакыт Карагуловдун тасмасы тууралуу айтып жатып, өзү тууралуу айтпай кетсем болбос. Бакыт Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына өзгөчө баа берип, бир тобун тасмага айландырган режиссор эле.

Тилекке каршы, 2020-жылы пандемия күчөп турган жай айында шум ажал арабыздан алып кетти.

Анын "Келгин куштун ыйы" (1990, "Бетме-бет" повестинин негизинде), "Бороондуу бекет" (1995, Берлинде эл аралык кинофестивалда алтын камерага татыктуу болгон — 1996), "Саманчынын жолу" (1996, "Саманчынын жолу" повестинин негизинде), "Найман эненин ыйы" (2004, "Кылым карыткан бир күн" романындагы "Дөнөнбай куш" уламышынын негизинде) сындуу керемет тасмалары кыргыз элинин улуу мурасы бойдон калары шексиз.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG