Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:22

Түрк мамлекеттери уюмунун сыйлыгы Чыңгыз Айтматовго ыйгарылды


Алишер Навои сыйлыгын тапшыруу учуру. Шавкат Мирзиёев менен Садыр Жапаров. Самарканд. 11-ноябрь, 2022-жыл.
Алишер Навои сыйлыгын тапшыруу учуру. Шавкат Мирзиёев менен Садыр Жапаров. Самарканд. 11-ноябрь, 2022-жыл.

Түрк мамлекеттери уюмунун (ТМУ) Алишер Навои атындагы эл аралык сыйлыгы Өзбекстандын сунушу менен залкар жазуучу, маркум Чыңгыз Айтматовго ыйгарылды. Бул тууралуу саммиттен соң брифинг учурунда Өзбекстандын тышкы иштер министри Владимир Норов билдирди.

Сыйлык кыргыз президенти Садыр Жапаровго берилди. Өзбекстандын мамлекет башчысы Шавкат Мирзиёев аны Айтматовдун жакындарына тапшырып коюну өтүнүп, салам жолдоду.

Түрк дүйнөсүнүн биримдигине кошкон салымы үчүн Түрк мамлекеттер уюмунун эл аралык Алишер Навои атындагы сыйлыгын ыйгаруу жөнүндө чечим өткөн жылы Түркияда өткөн саммитте кабыл алынган. Сыйлык быйыл биринчи жолу берилип жатат.

Өзбекстандын Самарканд шаарында Түрк мамлекеттери уюмунун (ТМУ) 9-саммити өтүп жатат. Анда Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Түрк мамлекеттер уюмунун баш катчысы болуп шайланды.

Ага уюмдун мүчөлөрү - Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Түркия жана Өзбекстандын президенттери, байкоочу макамындагы Венгриянын премьер-министри жана Түркмөнстандын Халк Маслахатынын төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов катышып жатат.

Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов 2008-жылдын 10-июнунда 80 жаш курагында оорудан кийин дүйнө салган. ЮНЕСКО Айтматовду чыгармалары көп басылган классиктердин бири деп тааныган. Анын чыгармалары дүйнөнүн 165 тилине которулуп, көптөгөн өлкөлөрдө бир нече ирет чоң тираж менен чыгып келет.

Алишер Навои (1441, февраль — 1501, январь) - орто кылымдардагы түрк элинин жазуучусу, акыны, ойчулу, мамлекеттик ишмери. Ал чыгармаларын түрк жана фарс тилдеринде жазган. (КЕ/BkA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG