Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:29

Кубанычбек Өмүралиев Түрк мамлекеттер уюмунун баш катчысы болуп шайланды


Кубанычбек Өмүралиев.
Кубанычбек Өмүралиев.

Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Түрк мамлекеттер уюмунун баш катчысы болуп шайланды. Мындай чечим уюмдун Самарканддагы саммитинде кабыл алынды.

Жыйындын жүрүшүндө Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Кубанычбек Өмүралиевдин талапкерлигин тааныштырды.

"Өмүралиевдин кесипкөйлүк жана инсандык сапаттары биздин уюмубуздун дараметин мындан ары чыңдоого жана түрк мамлекеттеринин ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө чоң салым кошот деп ишеним артабыз,” - деди Жапаров.

Кубанычбек Өмүралиев ага жүктөлгөн бардык милдеттерди толук кандуу аткарууга убада берди.

62 жаштагы Өмүралиев 2019-жылдан бери Кыргызстандын Түркиядагы элчиси. Ал буга чейин Кыргызстандын Дубайдагы консулу, Беларустагы элчиси болгон.

Түрк мамлекеттер уюмунун баш катчысы мүчө өлкөлөр арасында алфавит боюнча кезек менен тандалат. Буга чейин уюмду үч жыл бою казак дипломаты Багдат Амреев жетектеген.

Өзбекстандын Самарканд шаарында Түрк мамлекеттери уюмунун (ТМУ) 9-саммити өтүп жатат.

Ага уюмдун мүчөлөрү - Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Түркия жана Өзбекстандын президенттери, байкоочу макамындагы Венгриянын премьер-министри жана Түркмөнстандын Халк Маслахатынын төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов катышып жатат.(BkA)

XS
SM
MD
LG