Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:07

Садыр Жапаров түрк тилдүү өлкөлөрдүн транспорт байланышын күчөтүүнү сунуштады


Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Түрк тилдүү мамлекеттердин башчыларынын саммитинде. Самарканд, Өзбекстан. 11-ноябрь, 2022-жыл.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Түрк тилдүү мамлекеттердин башчыларынын саммитинде. Самарканд, Өзбекстан. 11-ноябрь, 2022-жыл.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Түрк мамлекеттер уюмунун саммитинде бирикмеге мүчө өлкөлөр ортосунда транспорттук байланыштарды күчөтүүнү сунуштады. Мамлекет башчы Кыргызстан бул жаатта бир катар демилгелерди көтөрүп жатканын белгилеп, ага мисал катары Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол курулушун ишке ашыруу планын атады.

“Жакын арада биз "Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан" темир жолун куруу долбоорун практикалык ишке ашырууну баштоону пландаштырып жатабыз.
Бул долбоор Батыш өлкөлөрүнө жүктөрдү жеткирүүнү тездетүү менен бирге, Транскаспий транспорттук маршрутунун иштеп жаткан темир жол линияларын жана автомобиль байланыштарын толуктайт”, - деди Кыргызстандын президенти.

Садыр Жапаров ошондой эле түрк өлкөлөрү ортосунда экспортту жана импортту көбөйтүү үчүн сооданы жакшыртуу, экспортко багытталган биргелешкен өндүрүштү түзүү, инвестициялык байланыштарды өнүктүрүү зарылдыгын кошумчалады.

Өзбекстандын Самарканд шаарында Түрк мамлекеттери уюмунун (ТМУ) 9-саммити өтүп жатат.

Ага уюмдун мүчөлөрү - Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Түркия жана Өзбекстандын президенттери, байкоочу макамындагы Венгриянын премьер-министри жана Түркмөнстандын Халк Маслахатынын төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов катышууда.(BkA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG