Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:52

Чыңгыз Капаров камакта калды


Чыңгыз Капаров.
Чыңгыз Капаров.

Массалык башаламандыкка айыпталып, эки айга камалган активист Чыңгыз Капаровдун бөгөт чарасы өзгөргөн жок. Бишкек шаардык соту ага карата Биринчи май райондук соту чыгарган чечимди күчүндө калтырды.

Чыңгыз Капаров - "Бүткүл жаштар" партиясынын лидери. 2021-жылы парламенттик шайлоого бир мандаттуу №3 Нарын округунан катышкан. 23-октябрда "Массалык башаламандык уюштуруу" беренеси менен шек саналып, кармалган.

Бишкек шаардык соту бүгүн, 11-ноябрда Кемпир-Абад маселесине байланыштуу кармалган саясатчы, активисттердин кармалышынын мыйзамдуулугун жана бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча доо арыздарды кароону улантууда. Бул күнү сот Айданбек Акматов, Рита Карасартова боюнча мурдагы инстанциянын чечимин күчүндө калтырды.

23-24-октябрда Кыргызстанда оппозициялык маанайдагы бир топ саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогер, жалпысынан 26 адам жапырт кармалган. "Массалык башаламандык уюштуруу" беренеси менен кармалгандар өздөрүнө коюлган айыпка макул эместигин айтып келет.

Ички иштер министрлиги аларды "жапырт башаламандык уюштурууга аракет кылган" деп айыптоодо. Милиция кармалгандардын айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирүүдө.

Укук коргоочулар тынч жыйындар мыйзамга каршы келбей турганын айтып, камоолорду оппозицияга кысым катары баалады. Бир катар эл аралык уюмдар кырдаалга тынчсыздануусун билдирген. (ZKo/TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG