Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:05

Шаардык сот Рита Карасартованын бөгөт чарасын өзгөрткөн жок


Рита Карасартова.
Рита Карасартова.

Бишкек шаардык соту бүгүн, 11-ноябрда Кемпир-Абад маселесине байланыштуу кармалган жарандык активист Рита Карасартованын бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча доо арызды карап, мурдагы инстанциянын чечимин күчүндө калтырды.

Ал буга чейин Биринчи май райондук сотунун чечими менен 20-декабрга чейин Бишкектеги №1 тергөө абагына (СИЗО-1) камалган.

"Биздин кыймыл-аракетибизде эч кандай мыйзам бузуу жок. Биз өзүбүздүн Конституция берген укугубуз боюнча биригип, сүйлөшүп, мыйзамсыз иштерге жол бербейли деген эле аракет болчу. Азыркы жасалып жаткан иштер мыйзамсыз. Кыргызстан укуктук өлкө болот деп ишенебиз", - деди Карасартова сот залында.

10-ноябрда шаардык сот Карасартованын кармалышын мыйзамдуу деп тапкан. Анда активист "башаламандык уюштуруу" боюнча тагылып жаткан айыптарга макул эместигин "Азаттыктын" кабарчысынын суроосуна жооп берип жатып билдирген. Рита Карасартова тергөө жүрбөй жатканын кошумчалаган.

Бишкек шаардык соту бүгүн, 11-ноябрда Кемпир-Абад маселесине байланыштуу кармалган саясатчы, активисттердин кармалышынын мыйзамдуулугун жана бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча доо арыздарды кароону улантууда. Бул күнү сот Айданбек Акматов боюнча мурдагы инстанциянын чечимин күчүндө калтырды.

23-24-октябрда Кыргызстанда оппозициялык маанайдагы бир топ саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогер, жалпысынан 26 адам жапырт кармалган. "Массалык башаламандык уюштуруу" беренеси менен кармалгандар өздөрүнө коюлган айыпка макул эместигин айтып келет.

Ички иштер министрлиги аларды жапырт башаламандык уюштурууга аракет кылган деп айыптоодо. Милиция кармалгандардын айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирүүдө.

Укук коргоочулар тынч жыйындар мыйзамга каршы келбей турганын айтып, камоолорду оппозицияга кысым катары баалады. Бир катар эл аралык уюмдар кырдаалга тынчсыздануусун билдирген. (КЕ/TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG