Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:35

Чүйдө гаражда өрт чыгып бир киши каза болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун Энергетик шаарчасында гараж күйүп, 52 жаштагы бир киши каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кыраалдар министрлиги кабарлады. Маалыматка караганда, 11-ноябрда эртең менен саат 7ге жакын өрт өчүрүүгө бир бөлүм тартылып, бир сааттан кийин толугу менен өчүрүлгөн.

Өрттүн себептери такталып жатканы айтылды.

ӨКМдин маалыматына ылайык, бир суткада өлкө аймагында сегиз өрт кырсыгы катталды.

Расмий маалыматтарга караганда, Кыргызстанда 2022-жылдын алты айында 823 өрт катталган. Кырсыктан 16 киши каза таап, материалдык чыгым 228 миң сомго жакын деп эсептелген. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG