Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:20

Ырчы Бекжан Темиркан жол кырсыгынан каза болду


Ырчынын өмүрүн алган кырсык болгон жер. Боом капчыгайы. (Сүрөт ЖКККБга таандык)
Ырчынын өмүрүн алган кырсык болгон жер. Боом капчыгайы. (Сүрөт ЖКККБга таандык)

Бишкек-Нарын-Торугарт жолундагы Боом капчыгайында болгон жол кырсыгынан ырчы Бекжан Темиркан каза тапты.

Кырсык 10-ноябрда түнкү саат 22:30 чамасында катталган.

Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалыматына караганда айдоочу бараткан автоунаа жолдон чыгып, бийиктиктен кулап түшкөн.

Автоунаанын айдоочусу жараат алып, Кемин райондук ооруканасына жеткирилген. Анын жүргүнчүсү - 27 жаштагы Бекжан Темиркан ошол жерден жан берген.

Учурда жол кырсыгынын себептери иликтенип жатат.

Бекжан Темиркан "Кантем", "Эзилип бүттүм" жана башка ырлары менен белгилүү болчу. Социалдык тармактарда жакындары анын жакында эле үйлөнгөнүн жазышууда.

ИИМдин маалымдашынча, 2021-жылдан 2022-жылдын 1-сентябрына чейин Кыргызстанда 11 722 жол кырсыгы катталган. Андан 1 247 адам мерт болгон. 18 миңден ашуун адам түрдүү жараат алган.

Жол кырсыгынан каза болгондордун 70% ашууну 25-40 жаштагы жарандар.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG