Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:58

Кыргызстанда автоунаа жолдоруна төлөм алуу сунушталууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Экономика жана коммерция министрлиги жол төлөмдөрүн киргизүү сунушун коомдук талкууга чыгарды.

Сунуш “Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбооруна киргизилген. Анда автоунаа ээлеринен алынуучу төлөмдүн бир нече түрү сунушталган.

- Айдоочу автоунаасынын жүргөн жолунун узундугуна жараша акы төлөйт. Бул эл аралык тажрыйбада колдонулгандай, күйүүчү майдын ар бир литрине кошулуп алынат. Мындан түшкөн каражат жолдорду оңдоого жана каржылоого жумшалат.

- Автоунаанын дөңгөлөктөрүн жок кылууга алынуучу төлөм. Министрлик керектөөдөн чыккан дөңгөлөктөр кайра иштетилбесин жана жок кылынбасын, ушундан улам көбүнчө кышында үйлөрдү жылытууга же мончо жагууга пайдаланылып, натыйжада аба булганып жатканын белгилөөдө.

- Керектен чыккан автоунааларды жана автоунаа майларын жок кылууга алынуучу төлөм. Министрликтин маалымдашынча эски, пайдаланылган майлардын кайда төгүлөрү белгисиз, ал үчүн атайын каттоо жүргүзүлбөйт. Ага ылайык, бир эле Бишкекте автоунаалардан 20 миң тоннадан кем эмес иштетилген май төгүлөт.

Эгер мыйзам долбоору кабыл алынса, бул төлөмдөр атайын жол фондуна чогулат.

Экономика жана коммерция министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда автоунаа жолдорунун узундугу 34 миң чакырым, анын ичинен 19 840 км жол Транспорт жана байланыш министрлигинин карамагында. Автоунаа жолдорунан жылына болжолдуу 98% жүргүнчү жана 96% жүк ташылат.

2022-жылдын башына карай Кыргызстанда 1 млн. 387 551 автоунаа катталган. Анын ичинде басымдуусу жеңил унаалар - 1 млн. 103 445;

Жүк ташуучу - 234 650;
Жүргүнчү ташуучу - 49 456.

2016-жылдан бери транспорт каражаттары 29% көбөйгөн.(ZKo)

XS
SM
MD
LG