Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:06

Казакстанда орусиялыктар үчүн ачылган тейлөө борборлору жабылууда


Казакстандагы Калкты тейлөө борборлорунун биринен тартылган сүрөт.
Казакстандагы Калкты тейлөө борборлорунун биринен тартылган сүрөт.

Казакстанда Орусиядан келген мигранттарды тейлөө үчүн атайын ачылган Калкты тейлөө борборлору 8-ноябрдан тарта ишин токтотту. Күчөтүлгөн тартипте иштеп жаткан Астанадагы Калкты тейлөө борбору да жабылганын "Жарандар үчүн өкмөт" мамлекеттик корпорациясынын басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекеттик корпорация мындай чечимин чет элдик жарандардын кызмат көрсөтүүгө суроо-талабынын азайышы менен түшүндүрдү.

Алматыдагы тейлөө борборунун ордуна ден соолукту чыңдоо комплексин ачуу пландалууда. Чет өлкөлүктөр эми Казакстанда каттоого туруп, идентификациялык номур алуу үчүн жергиликтүүлөрдү тейлеген борборлорго барса болот.

Орусияда сентябрда мобилизация жарыялангандан кийин көпчүлүк жарандары чет мамлекеттерге чыгып кеткен. Казакстандын шаарларында орусиялыктар кескин көбөйүп, санарип өнүктүрүү министри Багдат Мусин кошумча Калкты тейлөө борборлору ачылганын маалымдаган.

Мобилизациядан кийин Кыргызстан менен Өзбекстанга келген орусиялыктар да көбөйгөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG