Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:59

Садыр Жапаров Си Цзинпинди үчүнчү мөөнөткө шайланышы менен куттуктады


Си Цзиньпин Кытай Коммунисттик партиясынын ХХ курултайында. Бейжин. 23-октябрь, 2022-жыл.
Си Цзиньпин Кытай Коммунисттик партиясынын ХХ курултайында. Бейжин. 23-октябрь, 2022-жыл.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Си Цзинпинди Кытай Коммунисттик партиясынын Башкы катчысы болуп кайрадан шайланышы менен куттуктады. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Анда президент Жапаров кыргыз-кытай мамилеси тездик менен өнүгүп жатканын белгилеген.

"Биздин мамлекеттердин ортосунда саясий өз ара ишеним бекемделип, соода-экономикалык кызматташтык тынымсыз кеңейип, ынак коңшулук жана достук тереңдеп жатат. Эки өлкө “Бир алкак, бир жол” долбоорунун алкагында саясий ишенимдин негизинде тыгыз кызматташып, бир катар ири биргелешкен долбоорлорду ишке ашырды, бул биздин элдерге реалдуу пайда алып келүүдө", - деп жазылган куттуктоодо.

Президент Жапаров кыргыз-кытай мамилесин мындан ары өнүктүрүү боюнча биргелешкен ишти улантууга даяр экенин билдирип, Кытайдын лидерине бекем ден соолук, иштерине ийгилик, ал эми Кытай элине тынчтыкта бакубат жашоону кааларын билдирген.

23-октябрда Кытай Коммунисттик партиясынын ХХ курултайынын жыйынтыгында Си Цзинпин партиянын Борбордук комитетинин башкы катчылык кызматына үчүнчү ирет шайланды.

69 жаштагы Си Цзинпин бийликте он жылдан бери отурат. Мурдараак Конституциядан эки гана мөөнөткө шайлануу чегин алып салышкан.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG