Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:53

Депутат Самыйкожо камалган активисттерди бошотууга чакырды


Мирлан Самыйкожо.
Мирлан Самыйкожо.

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Самыйкожо активисттердин, саясатчылардын камалышын сындап, бийлик мындай жол менен "максатына жете албай турганын" айтты. Ал Фейсбуктагы баракчасынан видеокайрылуу жолдоп, "кеч боло электе" аларды бошотууга чакырды.

"Андан көрө алар менен сүйлөшүү жүргүзгүлө, тактоо иштерин жүргүзгүлө. Билгениңер болсо, алар коомго ушунчалык коркунуч жаратып жаткан болсо, элге салып, уяткаргыла. Минтип камоо жолу менен, коркутуу жолу менен максатыңарга жетпейсиздер", - деген депутат азыркы жагдай ой эркиндигине көлөкө түшүрүп жатканын, одоно ката экенин белгиледи.

Буга чейин кармоолорду депутаттар Тазабек Икрамов, Жанарбек Акаев, Исхак Масалиев, Нуржигит Кадырбеков сындаган.

23-октябрда Бишкекте жыйырмадан ашуун оппозициялык саясатчы менен активисттердин үй-жайында тинтүү жүргүзүлүп, милицияга чакырылган жана 48 саатка камалышкан. Укук коргоочу Азиза Абдирасулова алар Бишкектеги жана Чүй облусундагы милиция бөлүмдөрүнүн убактылуу кармоочу жайында экенин билдирди.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматы Кылмыш жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө амалдарын жүргүзүп жатат.

Кармалгандар "Кемпир-Абад суу сактагычы Өзбекстанга берилип жатат" деп бийликти сындап келатышкан.

Президент Садыр Жапаров “Кабар” маалымат агенттигине маек куруп, анда кыргыз-өзбек чек ара маселеси боюнча түшүндүрмө берип, Кемпир-Абад суу сактагычынын айланасында чагымчылдар элге туура эмес маалымат берип жатканын билдирген.

24-октябрда Бишкекте бир катар саясатчылардын жана жарандык активисттердин камалышына каршы болгондор жөө жүрүшкө чыгышты. (SE)

XS
SM
MD
LG