Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:31

Украиналык балдарды сууга чөктүрүүгө чакырган журналисттин сөзү иликтенет


Антон Красовский
Антон Красовский

Орусиянын Тергөө комитетинин башчысы Александр Бастрыкин мамлекеттик RT телеканалынын алып баруучусу, украиналык балдарды сууга чөктүрүүгө чакырган Антон Красовскийдин сөзүн иликтөөгө тапшырма берди. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

20-октябрда RT телеканалынын эфиринде Красовскийдин “Антонимдер” автордук программасында Москванын аракеттерине каршы чыккан орус тилдүү украин балдарды өлтүрүп салууну сунуштаган. “Ал балдарды чөктүрүп эле салуу керек. Бул биздин ыкма. Дароо “Москалдар басып алды” деп айтасың да, толкуп-ташып аккан дарыяга ыргытып жибересиң. Аларда ар бир кепе “хата” деп аталат. Ошо “хатасына” киргизип туруп, өрттөп жибериш керек”, – деген анда журналист.

Антон Красовский мындан сырткары өз маектешине “Украина дүйнө картасында мамлекет катары калышы керекпи?” деген суроого, конок “ал жакта жаман адамдар көп, алар менен бир мамлекетте жашагыбыз келбейт” деп жооп берген. Анын сөзүн уланткан Красовский “анда баарын атып салабыз” деп айткан.

Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба буга байланыштуу билдирүү таратып, Красовскийди геноцидке чакырууга айыптаган жана дүйнө өлкөлөрүн орусиялык RT телеканалын көрсөтүүгө тыюу салууга чакырган.

RT телеканалынынын жетекчилиги журналист менен кызматташууну токтоткон. Красовский программа жарыялангандан төрт күндөн кийин өз сөзү үчүн ыңгайсыз болуп жатканын айтып, коомчулуктан кечирим сураган. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG